Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Кара-Суу айылына Бишкектен мобилдик клиника келди

Кара-Суу айылына Бишкектен мобилдик клиника келди. Клиниканын кызматкеринин айтымында, айыл жергесинде шарттардын жоктугуна байланыштуу мындай иш-чара жер-жерлерде уюшулмакчы.

3 Ноябрь 2014 жыл 16:10

Кара-Суудагы китепкана окуучуларды китеп менен толук камсыздай албай келет

Жаңы окуу жылында окуучулардын жарымынан көбү китеп менен камсыз болсо, айрымдарына китеп жетпей келүүдө дейт, Кара-Суу орто мектебинин китепканачысы Маруфат эже. Даярдаган: Бакбүбү Урманбетова

3 Ноябрь 2014 жыл 16:01

Кара-Сууда балдар бакчасынын абалы жакшырууда

Жайыл районунун Кара-Суу айылында бала бакча салынганына бир жылдай убакыт болуп калды. Анын айрым жерлери оңдолуп ишке берилген болсо, кээ бир жетишпестиктери да бар.

3 Ноябрь 2014 жыл 15:53

«Кенеш нуру» мультимедиялык борборунун ыктыярчысы окуучуларга сабак өттү

Күркүрөгөн куз айында Кеңеш нуру мультимедия борборунун ыктыярчылары, өз окуусун өркүндөтүш максатында Бишкекке барып тренерлик сабагына катышып келишкен.

31 Октябрь 2014 жыл 12:42

Арбын айылында жаратылышты коргоо жана көрктөндүрүү боюнча иш-чара болуп өттү

Арбын айылында бак дарактардын азаюусу элди бир жагынан кейитсе, жакында эле алардын санын көбөйтүү максатында 10 гектар жерге бадам эгилген.

31 Октябрь 2014 жыл 11:40

Тренерге тренинг өтүүнү Айкынбек Дарбишов уйронуп келди.

Кызыл-Булак жамааттык мультимедия борборунун мүчөсү Айкынбек Дарбишов атайын Бишкек шаарына 3 күндүк окууга барып «Тренерге тренинг өтүүнү» үйрөнүп келди. Бул окуунун натыйжасында Айкынбек Дарбишов Кызыл-Булак жамааттык мультимедия борборунун мүчөлөрүнө тренинг …

29 Октябрь 2014 жыл 23:20

Айыл ичинде жол ондолууда

Кулатов айыл окмотунун айыл ичиндеги жолдорго шагыл тошолду. Шагыл тошолгонго чейин жолдун абалы абдан начар болчу. Кузундо жамгыр коп жаагандыктан жолдорду сел басчу.Шагыл тошолгонуно айыл тургундары абдан суйунушуп, айыл окмотуно …

29 Октябрь 2014 жыл 22:04

Аймактык ЖМКлардын маалыматка жетүүнүн кепилдиктери багытында укуктук потенциалдарын жогорулатуу

2014 жылдын 7-8 октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларынан келген 14 тележурналисттер Коомдук биринчи каналдын алдында ачылган Республикалык окуу борборунда атайын окуудан өтүштү.

29 Октябрь 2014 жыл 14:20

Бакай-Атада жаан аба-ырайына байланыштуу дыйкандарга көйгөй жаратууда

Бакай-Ата айылында жаан абарайына байланыштуу дыйкандарга өтө чоң көйгөйдү жаратып жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 2014-жылы жаан аба -ырайы күч алууда, бул жаан аба-ырайы жалгыз дыйкандарга эмес айыл тургундарына дагы …

28 Октябрь 2014 жыл 22:04

«Кенеш нуру» мультимедиялык борбордун волонтёрлору Бишкеке тренерлик боюнча окууга катышып келишти

“Тренинг учурунда биз журналистика, тренерлик багытында сабактарды алдык. Ошондой эле  медиа борбордун волонтёрлорун кантип окутуу керектигин дагы үйрөнүп келдик”,-деди волонтёрлордун бири Азимова Нурзат.

28 Октябрь 2014 жыл 12:28

АЛМА — КИРЕШЕ ТАБУУНУН БУЛАГЫ

Ноокат өрөөнүнүн климаты алма өстүрүүгө ыңгайлуу келип, Ноокат алмасы башкалардан даамдуулугу менен айырмаланып турат. Күркүрөгөн күз мезгилинин октябрь айы алманын бышып, жетилген мезгили болуп эсептелет. Учурда алма терүү иши кызуу …

28 Октябрь 2014 жыл 12:01

«Кеңеш Нуру» борборунун ыктыярчылары тажрыйбалуу медиа тренерден сабак алышууда

27-октябрда «Кеңеш нуру» мультимедия борборуна карды ээрчитип Каарманбек Кулуев  медиатренер келди. «Менин негизги максатым мобилдик телефон аркылуу жаңылык жазганды үйрөтүү»,-дейт Кулуев Каарманбек.

28 Октябрь 2014 жыл 11:44

Куу-Майдан айылындагы “Кочкор-Ата” чайканасы

Куу Майдан айылы Ноокат районунун борборунан  10-12 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми айыл тургундары буга чейин ар кандай маарекелерди тосууда жана конок сыйлоо үчүн райондун борборуна келип, чайканаларга тамак-аш даярдоо …

28 Октябрь 2014 жыл 11:37

Учкун: Бактыгүл эженин бактысы — гүлдөрдүн жакшысы

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну кол эмгек сабагынан берген мугалим Бактыгүл Айдакеева үйүнө 50дөн ашык гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрөт. Бактыгүл эженин үйүндө эле эмес, мектептеги окучууларына гүл өстүрүнүн сырларын үйрөтөт. …

28 Октябрь 2014 жыл 11:30

Учкун: Радиорупор мектеп кызматында

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби сабактын башатын ар күнүн Кыргыз Республикасынын гимни менен башташат. Мектеп, айыл жаңылыктары радиорупор аркылуу окуучуларыбызга, эже агайларга жеткирилет. Радиорупор мектепте маалымат булагы болууда.

28 Октябрь 2014 жыл 11:26

Учкун айылында кайрымдуулук иштери жүрүп жатат

Тамактанчу жайга бөлүнгөн каражаттын жетишсиздигинен, айыл депутаттары жана мектеп окуучулары, ата-энелер биргелешип “Кош жылдыз” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурушту. Даярдаган: Нурдин Токторбай уулу

28 Октябрь 2014 жыл 11:22

Учкунда алгачкы жолу төө буурчак айдалды

Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу төө буурчак айдалды. Айылдык тургундар бул жол менен көп пайда табу астында турат.

28 Октябрь 2014 жыл 11:17

Ооган-Талаа: Арстанбап жаңгак токою

Айылда сезон башталаары менен эл жаңгак тере баштайт. Талаага чатыр тигип, сезон бүткөнчө талаада жашашат. Мындай көрүнүш сезон суук болуп, каар жааганга чейин уланат. 

24 Октябрь 2014 жыл 13:24

Токтоян: айылында тактай тилүүчү жай ачылды

Акыркы жылдарда Токтоян айылында курулуш иштери көп жүрүп жатат. Айыл тургундары курулуш үчүн тактайларын башка айылдарга жана шаарларга барып тилдирип келишчи. Бул алар үчүн көптөгөн чыгымдарды алып келген.

Айыл тургуну Чымыров Мырзабек тактай тилүүчү жай ачты. Ал өзүнүн тактай тилүүчү станогуна төмөндөгүдөй токтолду.

Тактай тилүүчү станокту алып келгениме 3,4–айдын жүзү болду.Алып келгенимдин себеби бул жэке кызыкчылыгым үчүн эмес элдин керегине жарасын деп алып келдим. Станокту алып келгениме баардыгы 180 миң сарпталды.Такта

23 Октябрь 2014 жыл 18:49

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...