Үч-Коргон айыл аймагына караштуу борбордук ооруканасында дагы бир ФАП ишке киришти. Жалпы бюджети 4 млн сомго 7 бөлмөлүү имарат “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, ачылыш аземинде 1 млн сомдук медициналык …
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кара- Жыгач бейтапканасы капиталдык ремонттон чыгарылды. Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практика борборунун Кара- Жыгач бейтапканасын капиталдык ремонттон 1200 м² өткөрүлүп, ачылыш аземи өткөрүлдү.
Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында Гемодиализ борбору 2018-жылдан бери иштейт. Борборго күнүнө гемодиализ алуу үчүн 20-25 бейтап кайрылат. Башында бүткүл Баткен облусу кайрылган болсо, андан кийин Баткен шаарында филиалы ачылган.
Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан А.С.Пушкин орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык кароо сынагы болуп өттү.
3-февраль күнү Үч-Коргон айыл аймагынын аялдар кеңешинин кезектеги жолугушуусу А.С.Пушкин орто мектебинин мугалимдер жамааты жана 9-11-класстар окуучу кыздары менен өткөрүлдү. Жолугушууга Бишкек шаарынан келген экономист, продюсер жана журналист Назира Джуман …
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында пандемия учурунда айылдагы жаштар тарабынан «Үч-Коргон жардам штабы» уюштурулду. Бул штабка чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар жана айыл жашоочулары өз салымын кошту. Чогулган акчага Үч-Коргон …
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат. Исхак Раззаков фильмин тарткан, белгилүү Алим Токторов бул фильмде да башкы режиссёр болот.
Баткен облусунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылуу алдында турат. Ага жалпы 15 миллион сом акча каражаты жумшалган.
«Жылдын эң мыкты мугалими 2018» сынагы өткөрүлүп, ага Үч-Коргон айылынан бир катар мектептердин мугалимдери да катышууда.
Кызыл-Кыя шаарында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыздардын сулуулук сынагы өттү.
Үч-Коргон айылында жазгы талаа иштери башталып, дыйкандар бак-дарактарды кыркуу жана дарылоо иштерине киришти.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жол оңдоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк айыл чарбасын өнүктүрүү фонду менен АРИС аркылуу долбоор ишке ашырылып, 7 млн 800 миң сомдук грейдер сатып алынды.
Бишкек шаарында «Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Медиатехнологиялар Мектеби» тарабынан тренинг уюштурлуп, ага Үч-Коргон мультимедиа борборунун ыктыярчылары да катышууда.
Үч-Коргон айылында эл аралык уюмдар тарабынан мечит курулуп пайдаланууга берилди.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын тургуну Абдухаким Темирбаев асыл тукум койлорду багат.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын жаш тургуну Абдурахим Мыйманов вокал боюнча республикалык деңгээлдеги сынакта «Алтын үн» наамын жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа утуп алды.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 3-декабрь майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арабалар тапшырылды.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинин мугалимдеринин жана окуучуларынын катышуусунда жол коопсуздугун алдын алуу боюнча иш-чара болуп өттү.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы айдоочулар кышка карата даярдыктарды көрө башташты.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдолуп кайрадан ишке берилет. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир канча жолу аталган аба майданын жаңылоо керектигин айтып чыгышкан.