Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Терек-Суу

Терек-Суу айылы жаз 2019-жыл

23 Апрель 2019 жыл 15:51

Эл өз күчү менен жолду түздөп, көчөнү жарыктандырды

Терек-Суу айылынын Качы көчөсүнүн тургундары 20 түтүн үй-бүлө акча чогултуп көчөгө 19 хово автомашинасы менен шагыл төктүрүп, айыл өкмөтүнүн техникасы менен түздөтүп, өздөрү да кол менен түздөөгө жардам беришти. Мындан …

25 Январь 2019 жыл 9:58

Сүрөтбаян: Айыл элине азык- түлүк таркатылды

Кетмен-Дөбө айыл аймагында  БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын алкагында 6 долбоор колдоого алынды. Долбоордун алкагында жумушсуз жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен биргеликте каналдарды жана арыктарды тазалоо, көпүрөлөрдү салуу иштери аткарылды. …

11 Январь 2019 жыл 9:39

Терек-Суу айылында сулуулар конкурсу өткөрүлдү

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу мектептер арасында маданият кызматкерлеринин уюштуурусу менен «Күз периси-2018» аталышындагы конкурс өткөрүлдү.

10 Декабрь 2018 жыл 11:56

Эки айылдын спортчулары көк бөрү ойношту

2018-жылдын 5-декабрь күнү Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол жана Терек-Суу айылдарынын спортчулары 100 000 (жүз миң) сомдон мелдешип көк-бөрү ойношту.

10 Декабрь 2018 жыл 10:20

Берекелүү күз майрамы бала бакчада

Терек-Суу айылына караштуу №5 Кызгалдак балдар бакчасында «Берекелүү күз» аталышындагы түшүм майрамы өткөрүлдү.

30 Ноябрь 2018 жыл 14:37

Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий кече өткөрүлдү

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Коргол атындагы музей, китепканалар, маданият кызматкерлери жана мектептер менен биргеликте «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына» карата адабий иш чара өткөрүштү.

27 Ноябрь 2018 жыл 10:11

Кетмен-Дөбө айыл аймагында аба-арайы катаал болууда

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында акыркы 20 жылда мындай аба-ырайы катталган эмес дешет Терек-Суу айылынын улуу курактагы тургундары.

23 Ноябрь 2018 жыл 14:29

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн иштери боюнча элдик чогулуш болду

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери боюнча элдик чогулуш болду. Чогулуш 21-ноябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Майорбек Сатымкулов жана райондук мекеме жетекчилеринин катышуусунда жүрдү.

23 Ноябрь 2018 жыл 12:55

Чоң-Арыктын жаштары айылы үчүн кызмат кылышууда

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын жаштары айылдын ички жолдорун оңдоо үчүн көчөлөргө кумдуу топурак төктүрүп беришти. Төгүлгөн топуракты мектеп окуучулары жайып, түздөштү.

30 Сентябрь 2018 жыл 19:28

Айылда салынып бүткөн мектептин эшик ачпагандыгы элди түйшүккө салууда

Токтогул районундагы  Чоң-Арык айылына караштуу Кырк-Казык участкасында мектептин курулушу алты жылды артка калтырды. Мектептин бүтүп, ишке киришин күткөн окуучулар учурда аралыгы 9 км болгон Чоң-Арык айылындагы мектепке барып билим алышат. 

1 Май 2018 жыл 19:20

Эки айылдын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды

Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын Уста-Сай суусуна, Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды. Көпүрөнүн салынышы малчылардын жана окуучулардын түйшүгүн азайтты. Айылдык кеңештин депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрө элдин суроо талабы …

1 Май 2018 жыл 16:16

Терек-Суу айылында президенттик шайлоо болуп өттү

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участкасында президенттик шайлоо болуп өттү. Таңкы саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин «Акбакай» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары шайлоонун жүрүшүнө көз салып олтурушту.

17 Октябрь 2017 жыл 14:05

Терек-Суу айылдык шайлоо участкасында 35 адам үйүндө добуш берүүдө

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участкасынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиевдин айтымында, айылдагы оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка себептер менен шайлоого келе албаган 35 жаран бүгүн 14-октябрда алдын ала …

14 Октябрь 2017 жыл 13:59

Терек-Сууда курман айт майрамы майрамдалды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында курман айт майрамдалды. Аны айылдын 1983-жылкы жигиттери уюштуруп беришти.

1 Сентябрь 2017 жыл 20:04

Терек-Суудагы жумасына бир болуучу базар

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ар аптанын жума күндөрү базар болот. Базар тууралуу кыскача баяндап беребиз.

1 Сентябрь 2017 жыл 19:29

Терек-Суу: Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев салууда.

14 Июль 2017 жыл 17:47

Терек-Суудагы 17 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу Жумашбек Кулушев

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев айылдан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.

14 Июль 2017 жыл 17:43

Терек-Сууда ардагерлер пенсиясын Компаньон банкынан алууда

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016-жылдын август айынан бери айылда жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.

14 Июль 2017 жыл 17:38

Терек-Суудагы тиричилик техникаларын оңдогон Мадыш Шайдылдаев

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев эки жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал жабдыктарды сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.

14 Июль 2017 жыл 17:31

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...