Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Терек-Суу

Токтогулда климаттык туруктуулук жана улуттук мурастарды сактоо боюнча долбоор жыйынтыкталды

Токтогул районунда климаттык туруктуулукту сактоого жана улуттук маданий мурастарды жандандырууга багытталган «Тоолордогу жандуу акылмандык: климаттык туруктуулук үчүн маданий салттар» долбоорунун расмий жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

31 Октябрь 2026 жыл 20:25

Токтогулда улуттук баалуулуктарды STEAM ыкмасы менен айкалыштырган семинар өттү

Терек-Суу айылындагы №5 «Кызгалдак» балдар бакчасында «Улуттук баалуулуктарга негизделген STEAM — бала бакчадан келечекке кадам» аттуу семинар болуп өттү. Семинарга Токтогул районундагы бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылар катышты.

31 Октябрь 2026 жыл 10:38

Токтогулда Баткен окуяларында курман болгон жоокерлер эскерилди

2026-жылдын 26-октябрында Токтогул шаарындагы Борбордук эс алуу багында 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон мекендештерди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Баткен окуяларынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты.

28 Октябрь 2026 жыл 9:20

Түркияда билим алган Нургүл Султаналиева 45 гектар жемиш багын сактап калууга салым кошууда

Токтогул районундагы 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн мамлекеттен колдоо алган Нургүл Султаналиева жана анын үй-бүлөсү айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Түркияда билим алып, тажрыйба топтогон үй-бүлө …

26 Октябрь 2026 жыл 19:03

Токтогулда 45 гектар бакты сактап калуу үчүн багбанга 30 млн сом бөлүнөрү айтылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн багбан Нургүл Султаналиева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Багбан бакты калыбына келтирүүгө 30 миллион сом жардам сураган. Анын айтымында, президенттин …

25 Октябрь 2026 жыл 21:10

Президент Садыр Жапаров Токтогул районуна иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 24-октябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, районду өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди …

25 Октябрь 2026 жыл 20:59

Токтогулда Бууракан–Үч-Терек жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагында Бууракан–Үч-Терек автоунаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 36 миллион сом бөлүнгөн.

17 Октябрь 2026 жыл 18:23

Токтогул райондук аялдар кеңешинин иши бааланып, сыйлыктарга татыктуу болушту

2026-жылдын 14-октябрында Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөн «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чарада Токтогул райондук аялдар кеңешинин өкүлдөрү бир катар сыйлыктарга ээ болушту. Иш-чара элеттеги Энелер күнүнө арналып, …

16 Октябрь 2026 жыл 10:05

Манас шаарында элеттеги энелер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында элеттеги Энелер күнүнө карата «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Манас, Сузак, Таш-Көмүр, Токтогул, Тогуз-Торо …

16 Октябрь 2026 жыл 9:45

Токтогул: Кара-Тектир айылында жаңы почта имараты пайдаланууга берилди

Токтогул районунун Кара-Тектир айылында заманбап талаптарга жооп берген жаңы почта имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Социалдык мааниге ээ объект Токтогул шаардык мэриясынын демилгеси жана «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемесинин каржылык колдоосу менен …

15 Октябрь 2026 жыл 10:46

Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы күрөш күчөтүлөт

​Токтогул районунун аймагындагы Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында райондук ички иштер бөлүмүнө заманбап суу транспорту тапшырылды. Жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, ошондой …

15 Октябрь 2026 жыл 9:40

Токтогулдук Үсөн кызы Нуркыз «Жылдын мыкты усулчусу» аталып, 500 миң сомдук сертификатка ээ болду

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын кызы, Курама уулу Турусбек атындагы №12 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Үсөн кызы Нуркыз республикалык деңгээлдеги педагогикалык сынакта ийгиликке жетти.

8 Октябрь 2026 жыл 11:23

Токтогул районунда окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү

Токтогул шаарындагы №4 Бримкулов атындагы мектепте окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү. Мелдешке аймактан 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катышты.

30 Сентябрь 2026 жыл 12:58

Тогуз-Торолук спортчулар облустук спартакиадада байгелүү орундарга ээ болушту

Аксы районунда майыптыгы бар жарандар арасында XV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү.Спорттук иш-чарага Жалал-Абад облусунун райондорунан спортчулар катышып, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашты.

29 Сентябрь 2026 жыл 16:51

Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын материалдык базасы жаңыланды

Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Бул максатка Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион 721 миң сом бөлүнгөн.

29 Сентябрь 2026 жыл 10:51

Токтогулдук спортчулар облустук спартакиадада II орунду ээледи

​Токтогул районунун спортчулары майыптыгы бар жарандар арасында өткөн XV Жалал-Абад облустук спартакиадасында командалык эсепте II орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болушту.

27 Сентябрь 2026 жыл 10:23

Токтогулда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди

Токтогул районунда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарада райондун өнүгүүсүнө жана социалдык-экономикалык абалына салым кошкон бир катар адистер менен ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

25 Сентябрь 2026 жыл 0:38

2027-жылдын 27-январында Президенттик шайлоо өтөт

24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кезектеги президенттик шайлоону дайындоо боюнча маанилүү токтом кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн чечими менен өлкө башчысын шайлоо 2027-жылдын 27-январга белгиленди. Бул документти 86 депутат колдоп добуш берди.

24 Сентябрь 2026 жыл 23:50

Токтогулда Бууракан–Үч-Терек унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары үчүн маанилүү болгон Бууракан–Үч-Терек жергиликтүү маанидеги автоунаа жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун 5 чакырымдык тилкесине жаңы асфальт-бетон төшөлүүдө.​

22 Сентябрь 2026 жыл 23:26

Токтогул районунда Улуттук тазалык күнүнө карата ишембилик өткөрүлдү

Өлкөдө жүрүп жаткан экологиялык демилгелердин алкагында Токтогул районунда да масштабдуу тазалык иштери уюштурулду. Улуттук тазалык күнүнө карата стратегиялык маанидеги Токтогул суу сактагычынын жээгинде жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.

21 Сентябрь 2026 жыл 23:19

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...