Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Терек-Суу

Республикалык мелдеште Жалал-Абад облусу 3-орунду камсыздап, 1 миллион сомдук байгеге ээ болду

Жалал-Абад курама командасы Республикалык таймашта байгелүү орун алышты. Токтогул райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин оор атлетика командасы толугу менен, жана спорттун башка түрлөрүнүн валейбол, футбол жана башка түрлөрүнөн өкүлдөрү катышты. …

29 Июнь 2026 жыл 23:38

Токтогулдун жаш волейболчулары Республикага жолдомо утуп алышты

Токтогул районунун жаштары «Мен чемпион» республикалык спорттук оюндарынын облустук этабында Токтогулдун намысын коргогон жаш волейболчуларыбыз өзгөчө даярдыгын көрсөтүп, бардык каршылаштарын артка калтыруу менен баш байгелүү I орунду багындырышты.

19 Июнь 2026 жыл 23:55

Токтогул: Нурдин Топоев облустук мелдеште күмүш байгеге ээ болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Мен чемпион» республикалык оюндарынын облустук этабы жыйынтыкталды.

15 Июнь 2026 жыл 23:40

Токтогул райондук көзү азиздер коомуна жаңы компьютер алынат

Азыркы санариптештирүү заманында компьютердик технологиялар ар бир мекеме-уюм үчүн аба менен суудай зарыл. Бул муктаждыкты туура түшүнгөн жергиликтүү жетекчилик менен ишкерлер Токтогул райондук көзү азиздер коомуна көмөк көрсөтүү демилгесин көтөрүштү.

15 Июнь 2026 жыл 10:39

Терек-Суу айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундары бир нече убакыттан бери таза ичүүчү суу чыкпай жатканын айтып нааразылык билдиришүүдө. Жергиликтүү бийлик «оңдоо иштери» жүрүп жатканын билдиришкен, эл суу буга чейин эле …

15 Июнь 2026 жыл 0:37

Турусбек мектебинин окуучусу эл аралык форумда жогорку сыйлыкка ээ болду

Турусбек мектебинин окуучусу Улан Мырзагелдиев эл аралык деңгээлде өткөн ири илимий-техникалык форумда өзгөчө ийгиликке жетишти. Бишкек шаарында өткөн «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу …

14 Июнь 2026 жыл 23:44

Кетмен-Дөбөдө облус башчысы Тилек Текебаев эл менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда Тилек Текбаев Жалал-Абад облусунан келген мекеме жетекчилерин бирден тааныштырып өттү. Ар бир мекеме жетекчи …

10 Июнь 2026 жыл 0:25

Токтогулдуктар Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына арналган боз үйдү жасалгалоого колдоо көрсөтүүдө

Токтогул районунун тургундары, активисттери жана чет өлкөлөрдө жашаган мекендештери алдыдагы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштерине жигердүү катышууда. Райондун атынан көрсөтүлө турган боз үйдү жасалгалоо үчүн каражат чогултуу иштери уланууда.

9 Июнь 2026 жыл 0:24

Саргата айылында электр энергиясы менен камсыздоо жакшыртылууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылында электр энергиясынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Аталган айыл жаңы энергетикалык жабдыктар менен камсыздалды. Бул демилге …

8 Июнь 2026 жыл 0:00

Бишкек-Ош Унаа жолу бир тараптуу ачылды

Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунда жааган жамгырдан улам пайда болгон таш жана кум көчкүлөрдү тазалоо иштери ыкчам жүрүп, учурда унаалардын өтүшү үчүн бир тараптуу каттам ачылды. Кыргызстандын түндүгү менен …

5 Июнь 2026 жыл 22:37

Токтогулда бокс боюнча эл аралык турнир болуп өттү

Токтогул районунда кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана жаш муундарды тарбиялоого зор салым кошкон инсанды эскерүү жана сыйлоо максатында спорттук иш-чара уюштурулду. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт тармагынын мыктысы, кесиптик-техникалык билим …

5 Июнь 2026 жыл 21:10

Дарыгер Райкан Көкүмова окуучуларга жана жаш кабарчыларга колдоо көрсөттү

Токтогул районуна караштуу Турусбек мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Иш-чаранын алкагында билим берүү уясына дайыма дем берип, алдыңкы окуучулар менен мугалимдерди кубаттап келген конок — Саламаттыкты сактоонун отличниги, белгилүү дарыгер-кардиолог …

31 Май 2026 жыл 23:57

Кетмен-Дөбөдө элдик жыйын өттү

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы-акими Улукбек Самаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, …

29 Май 2026 жыл 9:51

Терек-Суу мектебинин окуучусу Улан Мырзагелдиев республикага жолдомо алды

Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 254/1 буйругунун негизинде, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун юбилейине арналган Ысык-Көл эл аралык форуму алкагында маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз …

25 Май 2026 жыл 23:30

Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинде кичи футбол аянтчасы ачылды

2026-жылдын 22-майында, Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Турусбек атындагы орто мектебинде заманбап кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

23 Май 2026 жыл 14:35

Майрамкан Ондошова «Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу» наамын алды

Эмгек менен адамдын кадыры артарын, талыкпаган аракет гана ийгиликке жеткирерин өмүр жолу менен далилдеген инсандардын бири Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты, маданияттын мыкты кызматкери, «Ак Бакай» апалар тобунун жетекчиси Майрамкан Ондошова. …

22 Май 2026 жыл 16:50

Токтогулда жаңы акимдин жетекчилигинде алгачкы коллегия өттү

Жаңы дайындалган аким Урматбек Самаевдин жетекчилигинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алгачкы кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү. Жыйында аймактын 2026-жылдын алгачкы үч айындагы өнүгүү көрсөткүчтөрү талданып, алдыдагы негизги милдеттер белгиленди.

21 Май 2026 жыл 22:59

2026- 2027-окуу жылы 3- жана 8-класстарынын окуучулары 12 жылдык билим берүүгө кошулат

Кыргызстанда мектептеги билим берүү тутумун 12 жылдык окутуу моделине өткөрүү реформасы этап-этабы менен ишке ашууда. Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында ата-энелер үчүн уюштурулган «Доор өзгөрткөн билим» аттуу …

21 Май 2026 жыл 19:53

Күзүндө пенсия дагы жогорулайт

Кыргызстанда пенсия курагындагы жарандарды социалдык жактан колдоо жана алардын кирешесин өлкөдөгү реалдуу экономикалык кырдаалга шайкеш келтирүү максатында кезектеги кадамдар ташталууда. Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетовдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрь …

21 Май 2026 жыл 10:29

Токтогулда ири долбоорлор ишке ашууда: үч айылда жол, мектеп жана таза суу маселеси чечилүүдө

ТТоктогул районунун Көк-Таш, Коңур-Өгүз жана Өзгөрүш айылдарында акыркы мезгилде бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатат. Бул иштер биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү Элдик курултайлардын делегаты Эстебес Бакиев тарабынан …

20 Май 2026 жыл 15:39
Дүйшөмбү
23 Жетинин айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...