Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Терек-Суу

«Апамдын каттамасы» кафеси Токтогулда да ачылды

Токтогул районунун Терек-Суу айылында “Апамдын каттамасы” аттуу чакан кафе ачылды. Каттама менен чай иче турган жерди айылдын тургуну Калбү айым ачты.

5 Декабрь 2023 жыл 14:18

“Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланган акын Кенже Кутманова

Кетмен-Дөбө өрөөнүнөн чыккан, чыгармачылыкка кеч келген акын, ар тараптан таланттуу комузчу, ырчы Кенже Кутманова өз жан дүйнөсү, ырга болгон шыгы жөнүндө бөлүштү.

30 Ноябрь 2023 жыл 16:34

Токтогул: “Кыргыз кызы” аталышындагы кыздар арасында таймаш өткөрүлдү

“Кыргыз кызы” – деген темада кыздар арасында таймаш өткөрүлдү. Таймашка 8-9-10 класстын окуучу кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. “Кыргыз кызы” таймашынын максаты кыздарга болгон сый-урматты даңазалоо. Кыргызда «Кыздын чачы улук, …

30 Ноябрь 2023 жыл 12:31

Токтогул району: “Улуу элдин санжырасы Манаста” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында №5 Кызгалдак балдар бакчасында “Улуу элдин санжырасы Манаста” аттуу темада иш чара өтүлдү. Улуу манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына карата “Жаш манасчылар” манас айтып, кыргыздын …

3 Ноябрь 2023 жыл 18:16

Терек-Суу айылындагы мектепте кол өнөрчүлүк боюнча ийрим уюшулуп иштеп келет

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гульнара Мырсырайымова мектеп окуучуларына 3 жылдан бери ийрим өтөт. Кошумча сабак бир жумада эки ирет 1,5 сааттан болот. Ага 30 окуучу катышууда.

22 Октябрь 2023 жыл 17:47

Терек-Суу айылындагы таза суу маселесин чечүү үчүн 186 миллион сом керектелет

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болбогонуна нааразы. Кээде булганган кир сууну ичүүгө аргасыз болууда.

22 Октябрь 2023 жыл 17:41

Терек-Суу айылында биринчи жолу “Салбуурун” оюну өтүүдө

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында “Салбуурун” оюну өткөрүлдү. Оюнга жети облустан катышуучулар келген. Элүүгө жакын адам тайгандары менен келип, оюнду көргөнү 200дөн ашуун адам чогулган. 

22 Октябрь 2023 жыл 17:21

2024 -жылы Терек-Суу айылында жаңы мектеп куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Курама уулу Турусбек атындагы башталгыч класстардын окуу имараты авариялык абалга түшүп калганына байланыштуу азыр балдар аргасыз жогорку класстардын имаратында окуп жатышат. 1976-жылы колдонулууга берилген мектеп 510 …

22 Октябрь 2023 жыл 15:29

Сүрөт: Токтогул районунда билим күнү белгиленди

Токтогул району боюнча бардык мектептерде билим күнү белгиленип, окуу жылы салтанаттуу башталды.

15 Сентябрь 2021 жыл 17:18

Мектептин чатыры жаңыланды

Токтогул районуна караштуу Жетиген айылындагы Б.Салаев орто мектебинин чатыры жаңыланды. Бул ишке 1,5 млн акча каражаты сарпталып, Токтогул райондук атайын фонд тарабынан бөлүнгөн.

15 Сентябрь 2021 жыл 16:46

Токтогулда уйлар карасан оорусуна чалдыгууда

Токтогул районуна караштуу Кырк-Казык айылында 10дон ашык уй белгисиз себептер менен өлүп калган. Жергиликтүү калктын айтымында мындай оору буга чейин болгон эмес.

20 Август 2021 жыл 11:15

Шайык, Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды

Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан Токтогул районуна караштуу Шайык,Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды. Үч айылда биригип жалпы 283 түтүн кожолук таза суу менен камсыз болду.

10 Август 2021 жыл 10:33

Жакыр жашаган үй- бүлөлөргө азык-түлүк берилди

БУУнун «Азык түлүк» програмасынын алкагында Кетмен-Дөбө айыл аймагында социалдык абалы начар жакыр жашаган 85 үй бүлөгө 3 каптан ун, 15 литрден суу май таркатылды.

4 Август 2021 жыл 9:52

Айылдарда COVID-19 каршы эмдөө башталды

Токтогул району боюнча ар бир айылга 250 дозадан COVID-19 оорусуна каршы вакциналар бөлүнүп, эмдөө башталды. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана медицина кызматкерлери алышууда.

14 Июль 2021 жыл 10:25

Токтогулда 1 окуучу «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду

Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу Уланбек кызы Анара Токтогул району  боюнча жалгыз «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду.

16 Июнь 2021 жыл 11:12

«Бир адамдан бир китеп» акциясы Чоң-Арык айылында да өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

19 Май 2021 жыл 11:11

Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына даярдыктар жүрүп жатат

Токтогул району боюнча Улуу жеңиштин 76 жылдыгын салтанаттуу белгилөө максатында айыл аймактарында эстеликтерди актап-сырдоо айланасын тазалоо иштери жүрүп жатат.

30 Апрель 2021 жыл 11:36

Сүрөт: Айлана чөйрөнү тазалоо, көчөттөрдү отургузуу

Токтогул районунда бардык айыл аймактарында 3 айлык көрктөндүрүү жашылдандыруунун алкагында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.

20 Апрель 2021 жыл 11:38

Токтогулдук футболист Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болду

Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

25 Март 2021 жыл 17:15

Кароосуз калган жолбун иттер атылды

Токтогул районунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, кароосуз калган ит, мышыктарды атып жок кылуу боюнча атайын комплекстүү иш чаралар аткарылууда. Токтогул районундагы …

25 Март 2021 жыл 15:50
Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...