Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Айылда санитардык эрежелер сакталбай калды…

Өлкөбүздө карантин дагы эле уланып, пандемиядан толук кандуу арыла элекпиз. Демек илдеттен сактануу үчүн ар бир жаран санитардык нормаларды жана аралыктарды сактап, бет каптарды тагынып жүрүүлөрү керек. Ошондой эле антисептик …

23 Сентябрь 2020 жыл 9:02

Аралыктан окутуу бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда

Кыргызстандагы билим берүү быйыл дагы кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу менен жүргүзүлүп жатат. Мектепте салттуу режимде окуп жаткандар биринчи класстын гана окуучулары. Ал эми калгандар үйдө ар кандай тиркемелер жана сыналгыдагы …

21 Сентябрь 2020 жыл 8:53

Нарында журналисттер санарип сабаттуулук боюнча окуудан өтүштү

Бүгүн Нарын облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалыматтык пандемиянын шартында санарип сабаттуулук боюнча атайын окуу өткөрүлдү. «Ачык коомчулук-ачык маалымат каражаттары» деп аталган бул долбоордун максаты-сөз эркиндигин жана өз пикирин билдирүүнү …

20 Сентябрь 2020 жыл 8:17

Акталаада бюджеттик мекемелерге көмүр тартылууда

Ак-Талаа районунда кышка карата бюджеттик мекемелерге көмүр  тартуу иштери башталып, бүгүнкү күнгө 45 пайызды түздү.

19 Сентябрь 2020 жыл 17:04

Акталаада окуучулар үчүн ийримдер аралыктан иштеп жатышат

Ак-Талаа районундагы балдардын билим  борборунда ийримдер аралыктан иштеп жатат. Быйылкы окуу жылында 422 окуучу бий, кол өнөрчүлүк, комуз жана башка ийримдерге катышып, аларга 17 мугалим сабактарды кырдаалга байланыштуу аралыктан өтүүдө.

19 Сентябрь 2020 жыл 8:47

Ыктыярчы: Өз коопсуздугум тууралуу ойлонгон жокмун

Үстүбүздөгү жылдын июль айында өлкөбүздө эпидемиялык абал курч болду. Бейтапканаларда медицина кызматкерлери жетишпей, ыктыярчылар жардамга келишкен. Айзада Жумалиева борбордон айылга апасынын тажиясына келген. Бул учурда Ак-Талаа районунда да пандемия күчөп …

17 Сентябрь 2020 жыл 15:45

Акталаа аймактык ооруканасында «кызыл зона» режими сакталуу турат

Ак—Талаа районунда эпидемиологиялык абалды алдын алуу максатында аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору мурдагыдай режимде иш алып барышууда. Тактап айтканда, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алган алгоритимине ылайык кызыл, жашыл, …

15 Сентябрь 2020 жыл 14:51

Ат-Башы: Ак-муз айылында техникалык кызмат көрсөтүүчү ишкана ачылды

10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган ишкана айыл тургундарына ар кандай техникалык кызматтарды арзан көрсөтүп бере алат.

12 Сентябрь 2020 жыл 16:43

«Муктаждарга төрт түлүк» акциясы Америкадан Туркияга узатылды

Буга чейин Ат-Башы районунда «Муктаждарга төрт түлүк» акциясы май айында башталып, бир айда 25 үй-бүлө малдуу болгонун маалымдаган элек. Эми бул акция Америка, Түркияга жетип, ал жердеги мекендештерге узатылды.

12 Сентябрь 2020 жыл 16:08

Ача-Кайыңды бала-бакчасы капиталдык ремонттон өтүп жатат

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын бала-бакчасы демѳѳрчүлүк гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳтүп жатат. Буга чейин болбогон таштанды суу кетүүчү кудук жана ички дааратканалар салынууда. Андан тышкары, электр чубалгылары да көп жылдан …

12 Сентябрь 2020 жыл 14:58

Ача-Кайыңды айылында бир айда жаңы стационар салынып бүттү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы август айында курулуп башталган кошумча күндүзгү стационар курулуп бүтүп, ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул имараттын курулушун чоң демѳѳрчү болуп АКШда иштеп жаткан жаш ишкер Кайрат Эсенгелдиев …

11 Сентябрь 2020 жыл 18:21

Инклюзивдик окутууда окуучуга өзгөчө мамиле керек

Учурда өлкөдө 1-класстын окуучулары салтуу режимде, ал эми 2-11-класстар аралыктан окууну башташты. Ошол эле учурда мектеп жашында, бирок ден-соолугунун абалы боюнча үйүндө окуп жаткан дагы окуучулар бар.

11 Сентябрь 2020 жыл 17:16

Сүрөт: Баетовдогу Дөрбөлжүн аянты кечээ жана бүгүн…

  Барчын Мамытбекова

10 Сентябрь 2020 жыл 8:57

Сүрөт: Акталаада дан эгиндерин оруп-жыюу иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.

3 Сентябрь 2020 жыл 17:29

Демөөрчүлөр тез жардам унааларын ондотуп беришти

Ак-Талаа районунун ооруканасындагы бузулуп калган 2 тез жардам унаасы жергиликтүү тургундардын жардамы менен оңдолуп, ишке берилди.

3 Сентябрь 2020 жыл 16:17

Акталаада жаштардын демилгеси менен заманбап маданий борбор ачылды

Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы А.Шеримбеков атындагы айылдык маданият үйүнүн кичи залы оңдоодон өткөрүлүп, маданий борбор деп аталды.

3 Сентябрь 2020 жыл 14:00

Ак-Талаада илдеттен акыркы жаран сакайып чыкты

2-сентябрда Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканадан пневмония менен жабыркаган акыркы бейтап сакайып чыкты. Бейтапты дарыгер жана медайымдар жакшы каалоо-тилектерин билдирип узатышты.

3 Сентябрь 2020 жыл 13:03

Биринчи класстын окуучулары «фильтрден» өтүп окушту

Пандемияга байланыштуу быйыл мектеп босогосун 1-класстар гана аттады. Жаңы окууга барып баштаган бѳбѳктѳрдү окутуу үчүн министрлик тарабынан бир нече санитардык-гигиеналык шарттар коюлган эле. Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 1-класстар бир …

2 Сентябрь 2020 жыл 10:21

Акталаада мектептер 1-класстар үчүн билим эшигин ачты

Бүгүн 1-сентябрда Ак-Талаа районундагы 18 билим берүүчү орто мектепте 1-класстар үчүн салттуу режимде окууну башташты. Билим күнүнө карата эч кандай линейкалар уюшулган жок, бирок бардык мектеп администрациялары, класс жетекчилер окуучуларды …

1 Сентябрь 2020 жыл 18:26

Чолпон айылынын тургуну: «Вирус дагы деле жок болуп кете элек, баарыңар сак болгула»

Кочкор районунун Чолпон айылынын Covid-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Чолпон айылдык №6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, дарыланууга көрсөтмөлөрдү алып жатышты. Бул ооруга кабылгандардын бири Эркин Кожогулова кандай медициналык тейлөөгө …

31 Август 2020 жыл 23:55

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...