Баетов айыл өкмөтүнүн алдында уюштулган “Асыл түшүм” муниципалдык ишканасын техникалык жактан камсыздоо жана оруп-жыюу иштерин убагында бүткөрүү үчүн жаңы айыл чарба техникалары алынып келинди.
Айылда малды бордоп сатса баа болооруна көзү жеткен Замир мырза короосуна атайын сарай салып, жылкы байлап сатат. Бирок акыркы 5 бери байланган жылкыларга кардар жок болууда. Мунун себеби, жалпыга маалым …
Жумушсуздук күч алган мезгилде «Эмгек биржасын» түзүп, 200 адамдын башын бириктирип, иштешип жаткан Эсенбек мырза «Байбол» подкастынын коногу. Кызмат көрсөтүүнүн 56 түрү бар жана чакыруу менен кызмат кылган адамдар иштеген …
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндеринин күзгү түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу үчүн аракеттер көрүлө баштады. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дан комбайндардын абалын, айылдарда техникаларга жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышып …
Коронавирус тууралуу тесттен өтүп көрүңүз. Барчын Мамытбекова Сүрөт интернеттен алынды
Даярдаган: Г.Мамытбекова » Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды.Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт».
Даярдаган: Барчын Мамытбекова Сүрөт интернеттен алынды
Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде 2020-2021-жаңы окуу жылына карата ремонт иштери жүрүүдө. Мамлекет тарабынан ремонтко бөлүнгөн 667800 сомду тендердин негизинде жеке ишкерлер Улан Шерипбеков жана Сүйүнбек Сулайманов утуп алган.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге …
1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.
2020-жылдын 1-август күнү кечки саат 21:00 чамаларында жаап баштаган жаан нөшөрлөп катуу жаанга айланып Нарын облусу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын Куланак айылында тоодон түшкөн сел агындылар Нурбай булуң …
Акыркы айларда өлкөдө болуп жаткан пандемиянын кесепеттерине каршы Нарын облусунун Куланак айылынын эли жана жаштары ынтымакта чогулуп, акча топтоп, пандемия менен күрөшүүгө жумшоону чечишти.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылынын жашоочулары айылдашы Мухабатбек Календеровго чоң үй куруп беришүүдө. Мухабатбектин жана жубайы экөөнүн тең ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 2-топтогу майыптар. 4 баласы бар.
Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин Нарындагы коомдук бирикмеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен бирдикте Ак-Талаа районуна байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды жана кабиналарды беришти.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө Курман айтка карата жардамга муктаж, кары-картаң, көп балалуу ж.б.категориялардагы жети үй-бүлөгө курмандыкка чалынган малдын эти жана азык-түлүк берилди.
Кыргызстанда пандемияга байланыштуу дээрлик көпчүлүк тармактар иштөө тартибин өзгөрттү. Анын ичинде билим берүү тармагы дагы бар. Белгилүү болгондой окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктады. Күтүлбөгөн мындай окуу тартиби …
Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.
Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.
Дүйнө жүзүнө таралган таажы вирусунун айынан канчалаган өлкөлөрдө тиричилик токтоп, карантин жарыяланганы барыбызга белгилүү. Карантин учурунда кары-картаңдардын абалы кандай болду жана карантинди кантип өткөргөнү тууралуу Кочкор районунун Чолпон айылынын аксакал …
Баетов: Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт Барчын Мамытбекова сүрөт интернеттен алынды