Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №19 мекемесинин аскер кызматчылары кыргыз каада салтын жандандыруу максатында «Сармерден» оюнун өткөрүштү.
Нарындын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Аман Жумалиев алты жылдан бери кыздарды күрөш менен машыктырып келет. Аман агайдын балбан кыздары республикалык мелдештерде ийгиликтерге жеткен. Дене-тарбия сабагынын мугалими кыздарды акысыз машыктырып, аларга ар …
Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын тургуну Курманбек Исаев жубайы менен биргеликте жарым кылымдан бери жыгачтан өзгөчө буюмдарды жасап келишет. Бул уникалдуу чыгармачыл жубайлардын бири-бирине айкалышып, сөздөрүн толуктап, эргүү менен жасаган …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында ички жолдорго алфальт төшөө иштери башталды. Асфальт Эсенкан Алымкулов көчөсүнө төшөлүп, жергиликтүү элге колдонууга берилди. Жол иштерине жалпысынан 4 млн 415 мин сом каражат жумшалды.
А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 2021 — 2022 — окуу жылыда 9 классты 45 ал эми 11 классты 34 окуучу бүттү.
Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебинин мугалими Нурсыйда Базаркулова эко билим берген райондогу жалгыз мугалим. Атайын ыкма менен даярдалган карточкалардын жардамы менен оңой жана эсте калаарлык сабак өтөт. Ал …
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Ак-Талаа районндагы Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы 100 орундуу «Келечек-Муун балдар бакчасы ашкана жабдыктар, эмеректер жана оргтехникалар менен камсыз болду.
Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 2-корпусу КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) «Жылуулукту камсыздоо» долбоорунун алкагында капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Мына ушуга байланыштуу өткөн жыйында долбоорду ишке ашыруудагы …
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди. Эгиндерге түшкөн малдардын ээлерине айып пулдар салынат жана келтирилген зыянды төлөп берери айтылды.
Суусамыр жайлоосунда жергиликтүү эл жайында тыным албай конок тосуп иштейт. Алардын бири Асылбүбү Аземова электр энегиясы жете элек Арамза жайлоосуна жайкы эс алуу жайын ачкан. Ал электр энергиясын суудан жана …
Аида Карыпбаева Нарын районуна караштуу Жан-Булак айыл аймагынын депутаты. Ал былтыр 30% квотанын аркасында шайланып келген депутаттардын бири. Элеттик депутат өз ишинде балдардын билим алуусу жана социалдык маселерге көңүл буруп …
Жергиликтүү кеңештин ишин баштап, жумушчу топ түзүп, айылдын ичиндеги көйгөйлөрдү аныктоодо, эл менен бирдикте коомдук угуу өткөрүлгөн. Айыл тургундарынан көбүнчө жер маселеси арыз даттануулар келип түшкөн.
Суусамыр өрөөнүндө жайдын келиши менен малчылар үчүн кой кыркуу мезгили башталды. Буга чейин малчылар койлордун жүнүн кайчы менен кыркып келсе, акыркы убактарда атайын кызмат көрсөтүлүп калды.
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция үч жыл мурда ратификацияланган. Конвенцияга ылайык, мүчө мамлекет майыптыгы бар адамдар үчүн тейлөө кызматтарын жана объектилерди жеткиликтүү кылып шарттарды түзүп бериши керек болчу. …
2022-жылдын май айында катуу жааган жамгырдын кесепетинен тоолуу аймактардагы чабандар жабыркашты. Тактап кетсек, май айында жумалап жааган жамгыр карга айланып жайыттардын жолдорунун баары бекип калган.
24-июнь күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында Соң-Көл фестивалы болуп өттү. Фестивалга Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдар катышты. Болуп өткөн фестивалдын максаты Соң- Көлдүн экосистемасын, жайыттарын жана жан- жаныбарларын сактоо, …
Баетов айылындагы борбордук Манас көчөсү мындан бир аз убакыт мурда иретке келтирилип, жаңыдан жасалган. Борбордук Дөрбөлжүн аянтындагы ири соода түйүндөрүнүн алды атайын тосмолор менен тосулуп, кечкисин балдар ойноого, сейилдөөгө ылайыкталган. …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө апрель айында өтүлгөн түз эфирдин жыйынтыгында айылдагы тротуар төшөө жана сугат суу маселелери чечилди.
Нарын районуна караштуу Куланак-Учкун айылдарында окуу жылынын башында «Эң мыкты класс» сынагы жарыяланган. Класстарды алардын билим сапатына, коомдук иштерге катышына жана үлгүлүү жүрүм-турумуна карашат.
Чолпондун Маданият үйүндө Сагын Эргешовдун » Кыз издейбиз» аттуу концертти болуп өттү. Аны менен куудул Кубан Алимов да келди.