Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусунда “Манас Менеджмент Компаниясы” Ысык-Көл аэропортунда фуршеттик дасторконду тез уюштуруу жана сапаттуу өткөрүү үчүн мобилдүү тейлөө кызматын көргөзүштү.
Жайдын келиши менен Суусамыр айылына кымыз ичип эс алууга чыккан меймандардын саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Кымыз ичип эс алуу адамдын ден соолугун пайдалуу витаминдер менен камсыздап, иммунитетти көтөрүүгө көмөктөшөт. …
Андарак -Искра айылдарынын борбордук көчөсүнүн боюна узундугу 1,5 км тротуар төшөө иштери башталды.
Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Раззаков шаарына кетүүчү негизги жолунун ашуусу асфальтталынып, колдонулууга берилди.
Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын балдар бөлүмүндө жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү, китепке кызыктыруу максатында жайкы лагерь уюштурулду.
Ак-Талаа районунда 12-июлдан бери Улуттук госпиталдын кызматкерлеринен турган “Ден-соолук кербени” калкты бекер медициналык кароодон өткөрүлүүдө.
Акыркы күндөрү жер-жерлерде айттырбай келген кырсыктар көбөйүүдө. Күн ысык болгондугуна байланыштуу элдин баары көлгө агылууда. Бирок, коопсуздуктун каралбагандыгынан улам көлгө чөгүп каза болгондордун саны дагы бир топ өсүүдө. Бул маселе …
Баетов айылдык кеңешинин депутаттары өз округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта иштешүүдө. Ошол себептүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кайсы көчөдө кандай маселе бар, кайсы жерге шагыл төгүп, асма чырак коюу керектигинен кабардар …
22-июль күнү Сон-Көл жайлоосунда Нарын облусунун кол өнөрчүлөрү 100 метр шырдак жасоо менен Гиннес рекорддор китебине киргизүү максатында фестиваль өттү.
Жакында Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда «Манас», маданият жана туризм» фестивалынын жетинчи айлампасы өтөт. Фестиваль Акталаалык манасчы Молдобосан Мусулманкуловдун 140 жылдык мааракесин утурлай уюштурулуп, маданий иш-чаралар менен коштолот. Учурда фестивалга байланыштуу …
Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн Төш-Булак жана Э.Акунова атындагы көчөлөрүндөгү авариялык абалдагы электр мамылары алмашылып, бир чакырым көчөгө электр чубалгылары тартылды.
Ак-Талаа районунда кырсыктарды алдын алуу, коопсуздук сактоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө максатында кооптуу жерлерде кошумча дагы эскертүү көрнөктөр орнотулуп, эскилери жаңыртылды.
Ак-Талаа районундагы Дербишкан Ажиев атындагы айылдык клубда Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын артисттери балдар үчүн “Шайыр, күлкүлүү вакцина” аттуу оюнду тартуулашты. Театр ЮНИСЕФтин колдоосу менен даярдалгандыктан акысыз көрсөтүлдү.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин эшик-терезелеринин эскилиги жетип, жылуулук системасы имаратты талаптагыдай жылыта албай калган. Жакындан бери түрткү берүүчү гранттын эсебинен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул үчүн мамлекеттен …
Кулатов айылындагы жеке ишкер Канатбек Исраилов 3 жылдан бери заманбап пластик терезелерди жана эшиктерди жасап ишкердик кылып келет.
Кулатов айылында жайкы эгин талаа иштери жыйынтыкталды. Айыл элдердин көпчүлүк бөлүгү үлүштүк жерлерине арпа, буудай жана башка дан өсүмдүктөрдүн үрөнүн себишкен. Үлүштүк жерлердеги чөптөрдү жыйнап бүттүштү. Дыйкандар бир топ талаа …
Нарындын Ача-Кайыңды айылында алгачкы жолу тикени жок чычырканак, карагат жана валериана өстүрүлүп жатат. Бул ишти долбоор аркылуу аталган айылдын тургуну Бегайым Мурзалиева баштаган. Анда 8 үй-бүлө 400 түп карагат, 500 …
Ак-Талаа районунда быйыл эки жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 80 бала тарбияланды. Чолок- Кайың айылынын К. Касымалиев атындагы бала бакчасы Кашка Суу жайлоосунда, ал эми Кара-Ой айлындагы “Адис-Адилет” бала бакчасы …
Кочкор районунун Чолпон айылындагы үй- бүлөлүк ооруканасы жардамга муктаж.
Шайыр апалар теле-сынагынын жеңүүчүсү «Энелер насааты» тобу, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылына чоң программалык концерти менен келишти. Концертте жергиликтүү элге бий жана ар кандай кыргыз улуттук аспаптардын коштоосундагы ырлар тартууландаы.