Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Акталаада «Бир окуучу бир көчөт» акциясы уланууда

Ак-Талаа районундагы  Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында «Бир окуучу бир көчөт» акциясы уюштурулду. Акцияга  мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, кенже кызматкерлер жана окуучулар жигердүү  катышты.

13 Апрель 2022 жыл 9:42

Спорт аналитикасы боюнча семинар өткөрүлдү

Ата мекендик машыктыруучулардын спорттук аналитика боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган эки күндүк семинар аяктады. Бул семинарга Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча жаш өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусун арттыруу менен алектенген Иван Иванов катышты.

12 Апрель 2022 жыл 15:23

Акталаада карагаттын көчөттөрү отургузулду

Ак-Талаа районунда айыл чарба кластерин колго алуу, маданий өсүмдүктөрдү көбөйтүү максатында Жети-Өгүз районунан 8100 түп карагаттын көчөттөрү алынып келинди. Ар бир көчөттүн баасы 100 сомдү түздү.

12 Апрель 2022 жыл 15:13

Кочкор: Өз багыңды отургуз

Нарын облусундагы Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде КР президентин жарлыгынын негизинде «Өз багыңды отургуз» акциясынын алкагында даярдыктар башталды.

12 Апрель 2022 жыл 13:31

Сокулук: Билим берүү мекемелеринде “Таза аймак” урааны алдында иш-чаралар өткөрүлөт

Сокулук районунун билим берүү мекемелеринин аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча “Таза аймак” урааны алдында  11-февралынан 31-майына чейин айлык жарыяланган. Бул иш-чарага жалпы Сокулук районунун билим берүү мекемелери катышып, …

12 Апрель 2022 жыл 9:47

Түптө бир адамдан — бир көчөт акциясы болуп өттү

2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деген жараянга ылайык, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү алкагында 7-апрель революция күнүнө карата Түптөгү «7- апрель» атындагы сейил бакта көчөт отургузуу ишембилиги өткөрүлдү. …

11 Апрель 2022 жыл 15:33

«Элдик революция» күнүнө карата мектептер аралык турнир өттү

Нарын облусунун Кочкор районунун Молдо Кылыч айылындагы Малтабаров орто мектебинде волейбол оюну уюштурулду.

10 Апрель 2022 жыл 14:59

Сүрөт баян: Жашыл мурас

Нарын районуна караштуу Куланак айылында «Келечекке жашыл мурас» акциясынын биринчи этабы старт алды. Бул акцияда мектептин короосуна 50 ийне жалбырактуу балатылар отургузулду.

10 Апрель 2022 жыл 13:08

Кочкор: «Сейил» паркында ишембилик уланууда

Кочкор айылындагы «Сейил» паркында ар бир ишемби сайын мамлекеттик мекемелер, айыл тургундар жана жаштар тарабынан тазалоо,көрктөндүрүү иш-чараларды өткөрүлүдө. Бүгүн 9-апрель күнү ишембилик эстафетасы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебине өттү.

10 Апрель 2022 жыл 12:48

Соң-Көл: Жаздын алгачкы ишембилиги

Бүгүн Төлөк айылынын тургундары жана окуучулар ишембилик кылышты. Бул демилге Каратал -Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан көтөрүлгөн.

10 Апрель 2022 жыл 12:38

Кочкордо Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өттү

«Билим-2022» атуу Россия өлкөсүнүн билим берүү уюмдарынын  көргөзмөсү Кочкор районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн Кочкор мамлекеттик администрациянын имаратында уюштурулду.

9 Апрель 2022 жыл 17:48

Окуучулар тарых музейине экскурсия кылышты

Жаңы-Жер орто мектеп комплексинде 30-жылдан бери талбай эмгектенип келе жаткан тарых мугалими Марина Коновалова окуучулардын сабакка кызыгуусу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп сабак өтөт. Бул жолу ал мектеп окуучуларын тарых …

9 Апрель 2022 жыл 15:12

Акталаада кошумча каржылоо боюнча АРИСтин жаңы долбоору старт алды

Ак-Талаа районунда бүгүн  ушул долбоорго байланыштуу тегерек стол болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Талантбек Рысбаев, облустагы социалдык мобилизатору Гүлмира Токтосунова, АРИСтин Ак-Талаа районундагы эксперти Жаныбек …

9 Апрель 2022 жыл 12:53

Жаңы-Жер: “Өз багыңды отургуз” акциясы кесиптик лицейде

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн ишембиликте жүздөгөн көчөттөр отургузулду. Бул иш-чара жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө, ошондой …

9 Апрель 2022 жыл 9:20

Түптө санарип мугалимдер аныкталды

Бир жыл мурун өзүм Санарип мугалим болуп, биринчи орунду ээлеп Түркияга жолдомого сыйлык алдым эле. Эми минтип Чүй менен Ысык-Көл облусуна координатор болуп иштеп, бүгүн сыйлык тапшырдык,- деди Жылдыз Көкчеева, …

7 Апрель 2022 жыл 23:08

Кочкор: 7- апрелде курман болгондор эскерилди

Бүгүн  Кочкор айылындагы «Сейил» паркында 7-апрель окуясында курман болгондор эскерилип, куран окулду.Ага 2010-жылы революцияда Кочкор районунун 5 тургуну өмүрүн берген.

7 Апрель 2022 жыл 23:04

Жаш ыктыярчылар медиа маалыматтык сабаттуулукка ээ болушту

Балыкчы шаарындагы «Мезгил закымдары» жамааттык  мультимедиа борборунун жаш ыктыярчыларына медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча тренинг өтүлдү. Бул тренинг тажрыйба алмашуу максатын көздөп, аны «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова жана …

7 Апрель 2022 жыл 19:08

Кочкордогу музыка мектеби көптөгөн таланттардын кенчи

Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан райондук балдар искусство  мектебинде азыркы учурда 28 мугалим эмгектенет жана 345 окуучу билим алат. Жаңы мектеп түптөлгөндө 50 окуучу  окуп 5 мугалим гана иш алып …

7 Апрель 2022 жыл 14:08

Акталаада Элдик революциянын курмандыктары эскерилди

Бүгүн Ак-Талаа районудагы «Адилет» паркында 7-апрель Элдик революциянын курмандыктарына арналган эскерүү-реквием өткөрүлдү. Ага 2010-жылы революцияда курман болгон Адилет Карасартовдун туугандары, классташтары, айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

7 Апрель 2022 жыл 12:34

Ача-Кайыңдыда дары чөп жана чычырканак өстүрүү боюнча долбоор ишке ашат

Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында RDF коомдук уюму жана «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму менен биргеликте жашыл айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча долбоор колдоого алынып, ишке ашканы турат. Анын негизинде айыл тургундары …

7 Апрель 2022 жыл 11:00
Жума
23 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...