Үстүбүздөгү окуу жылынын 2-чейреги 11-ноябрда башталат. Окутуу аралыктан улантылабы же жокпу тиешелүү министрлик 3 түрдүү варианттарды сунуш кылышууда. Ал эми Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 1-6-класстардын окуучулары салттуу окууга өтүшү мүмкүн.
Ак-Талаа районунда жалпы кырк билим берүү мекемелери бар. Булардын ичинен 22 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-бала бакчалар болсо, калган 18 орто мектептер. Учурда Кыргызстандагы пандемиялык шартка байланыштуу окутуу аралыктан жүрүүдө. …
Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин 8-11-классынын окуучу кыздарынын арасында “Кыз-адеби кымбат” деген аталыштагы онлайн сынак болуп өттү. Мектептин класстан жана мектептен тышкары тарбия иштерин уюштуруучу Салтанат Баеванын берген …
Тыйындын эки тарабы сыяктуу эле пандемиянын терс таасирлеринен сырткары оң таасирлери да болгонун айыл тургундары айтып беришти.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы үйлөнгөн жаштардын үлпөтүн белгилөө жана жаштар үчүн атайын эс алуучу жай уюштурулат. Аталган жай Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабында орун алган.
Учкун айыл өкмөтү пандемиянын экинчи толкунана даярдык катары обсервация үчүн орундуктарды даярдап жатат.
Талас шаарындагы С. Жангазиев атындагы көз оорулар бөлүмүндө таңдан кечке кезек күткөндөр көп. Кезекке туруп врачка көрүнгөнгө зар болгондордун арасында кары-картаңдар, жаш балдарга чейин бар. Райондордогу ооруканаларда көз доктурлар жок …
Куланак айылында №1 үй- бүлөлүк дарыгерлерине, калктын аярлуу катмарына эмдөө жүргүзүлдү. Бирок вакцина жетишсиз дейт дарыгер.
2-ноябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары менен биргеликте №19 Арсланбоб мектебинин окуучулары экоакцияга катышышты.
Учурда айылдагы 5 жаштан жогорку балдар эмдөөдөн өтүп жатышат. Бүгүнкү күндө Тогуз- Торо районунун Кара-Суу айылындагы балдардын абалы туурасында үй-бүлөлүк дарыгерлер маалымат беришти.
Коомдун өнүгүшүнө салымын кошуп, келечек муундун мыкты тарбия алып чыгышы үчүн жан дилин арнаган элеттик аялды чагылдырган “Элет үнү” тасмасы. Фильмдин режиссеру Асель Сыдыкова Суусамыр айылында мектепти аяктап, коммуникация факультетинде …
Кыш мезгили 6 айга созулган Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары кышка даярдыкты жайдын ортосунан эле башташат. Айыл өкмөт тарабынан быйылкы жылы кышка даярдык күчүндө экендигин айтылса, эл сатыкка көмүр жокко эсе экендигин …
Бүгүнкү күндө Сары-Булуң айыл аймагына караштуу “Седеп” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын онлайн катышуусу канааттандырарлык болуп жатат. Бул тууралуу аталган бакчанын жетекчиси Гүлнур Кожомбердиева айтууда.
Суусамыр айыл аймагында жалпысынан 100 гө жакын адамдан анализ алынып, учурда 10 адам COVID-19 вирусуна чалдыкканы белгилүү болду.
Барскоон айылында жашаган Максат Усупбаева Ысык- Көл облусу боюнча мал доктурлар арасында бул кесипти аркалаган жалгыз айым. Ал эки жогорку билимдин ээси. Аны айылдаштары мотоцикл үнүнөн тааныйт.
Акыркы күндөрү коронавирус илдети жана өпкө кагыны күчөп, ооруп 118 мобилдик бригадага телефон чалып же түз эле ооруканаларга кайрылгандардын саны көбөйдү.
Коронавирус инфекциясы жаңы башталган учурда, бүгүнкү күнгө карата 10 жаңы учур катталды деген маалыматты укканда аябай коркуп үйдөн чыкпай санитардык эрежелерди так сактачубуз. Бирок бүгүнкү күндө эл эч кандай гигиенаны …
Ак-Талаа районунда бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ага райондун аймагындагы айылдык клуб, китепканаларда иштеген маданият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл тургундарынын демилгеси менен акча каражаты жыйналып, ал акчага УЗИ аппараты жана биохимиялык анализаторлор алынып келинди. Учурда жарандар УЗИ аппаратынан пайдаланышууда.
Күз мезгили келип, мөмө-жемиштер бышып, ден-соолукка да кам көрүү керектигин жаратылыш да айтып жаткандай. Ооган-Талаада өскөн дарылык касиетке ээ мөмөлөр менен тааныштырабыз.