Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Пандемиянын элеттик айымдарга таасири кандай болду?

Тыйындын эки тарабы сыяктуу эле пандемиянын терс таасирлеринен сырткары оң таасирлери да болгонун айыл тургундары айтып беришти.

5 Ноябрь 2020 жыл 17:13

Акталаада жаңы үйлөнгөн жаштар үчүн эс алуучу жай ачылат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы үйлөнгөн жаштардын үлпөтүн белгилөө жана жаштар үчүн атайын эс алуучу жай уюштурулат. Аталган жай Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабында орун алган.

5 Ноябрь 2020 жыл 10:08

Учкун айыл өкмөтүндө экинчи толкунга даярдык көрүлүүдө

Учкун айыл өкмөтү пандемиянын экинчи толкунана даярдык катары обсервация үчүн орундуктарды даярдап жатат.

4 Ноябрь 2020 жыл 21:42

Көз доктур: «Бейтаптарга социалдык аралыкты сактагыла, бет кап кийгиле деп айтабыз»

Талас шаарындагы С. Жангазиев атындагы көз оорулар бөлүмүндө таңдан кечке кезек күткөндөр көп. Кезекке туруп врачка көрүнгөнгө зар болгондордун арасында кары-картаңдар, жаш балдарга чейин бар. Райондордогу ооруканаларда көз доктурлар жок …

4 Ноябрь 2020 жыл 21:19

Сасык тумоону алдын алууга эмдөө жүрдү

Куланак айылында №1 үй- бүлөлүк дарыгерлерине, калктын аярлуу катмарына эмдөө  жүргүзүлдү. Бирок вакцина жетишсиз дейт дарыгер.

4 Ноябрь 2020 жыл 12:58

Арстанбап айылында экоакция болду

2-ноябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары менен биргеликте №19 Арсланбоб мектебинин окуучулары экоакцияга катышышты.

4 Ноябрь 2020 жыл 12:43

Учурда аймактагы балдардын саламаттыгы кандай?

 Учурда айылдагы 5 жаштан жогорку балдар эмдөөдөн өтүп жатышат. Бүгүнкү күндө Тогуз- Торо районунун Кара-Суу айылындагы балдардын абалы туурасында үй-бүлөлүк дарыгерлер маалымат беришти.

3 Ноябрь 2020 жыл 17:48

Режиссердун кыялы: Айымдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга салым кошкусу келет

Коомдун өнүгүшүнө салымын кошуп, келечек муундун мыкты тарбия алып чыгышы үчүн жан дилин арнаган элеттик аялды чагылдырган “Элет үнү” тасмасы. Фильмдин режиссеру Асель Сыдыкова Суусамыр айылында мектепти аяктап, коммуникация факультетинде …

3 Ноябрь 2020 жыл 17:39

Кышы катаал Суусамырда элдин кышка даярдыгы кандай?

Кыш мезгили 6 айга созулган Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары кышка даярдыкты жайдын ортосунан эле башташат. Айыл өкмөт тарабынан быйылкы жылы кышка даярдык күчүндө экендигин айтылса, эл сатыкка көмүр жокко эсе экендигин …

3 Ноябрь 2020 жыл 17:22

Тогуз-Торо: Бала бакчадагы балдардын катышуусу кандай?

Бүгүнкү күндө Сары-Булуң айыл аймагына караштуу “Седеп” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын онлайн катышуусу канааттандырарлык болуп жатат. Бул тууралуу аталган бакчанын жетекчиси Гүлнур Кожомбердиева айтууда.

3 Ноябрь 2020 жыл 16:55

Суусамыр өрөөнүндө COVID-19 вирусуна чалдыккандар катталды

Суусамыр айыл аймагында жалпысынан 100 гө жакын адамдан анализ алынып, учурда 10 адам COVID-19 вирусуна чалдыкканы белгилүү болду.

3 Ноябрь 2020 жыл 16:32

Барскоон: Мотоциклчен мал доктур

Барскоон айылында жашаган Максат Усупбаева Ысык- Көл облусу боюнча мал доктурлар арасында бул кесипти аркалаган жалгыз айым. Ал эки жогорку билимдин ээси. Аны айылдаштары мотоцикл үнүнөн тааныйт.

3 Ноябрь 2020 жыл 16:15

Оорунун алдын алууга олуттуу аракеттер көрүлүүдө

Акыркы күндөрү коронавирус илдети жана өпкө кагыны күчөп, ооруп 118 мобилдик бригадага телефон чалып же түз эле ооруканаларга кайрылгандардын саны көбөйдү.

3 Ноябрь 2020 жыл 15:53

Эмне себептен эл санитардык эрежелерди сактабай калды деп ойлойсуз?

Коронавирус инфекциясы жаңы башталган учурда, бүгүнкү күнгө карата 10 жаңы учур катталды деген маалыматты укканда аябай коркуп үйдөн чыкпай санитардык эрежелерди так сактачубуз. Бирок бүгүнкү күндө эл эч кандай гигиенаны …

3 Ноябрь 2020 жыл 9:02

Акталаада маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ак-Талаа районунда бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ага райондун аймагындагы айылдык клуб, китепканаларда иштеген маданият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

2 Ноябрь 2020 жыл 20:58

Элдин демилгеси менен айылга рентген УЗИ аппараттары алынды

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл тургундарынын демилгеси менен акча каражаты жыйналып, ал акчага УЗИ аппараты жана биохимиялык анализаторлор алынып келинди. Учурда жарандар УЗИ аппаратынан пайдаланышууда.

2 Ноябрь 2020 жыл 12:41

Ооган-Талаа айылындагы ден-соолукка пайдалуу өсүмдүктөр

Күз мезгили келип, мөмө-жемиштер бышып, ден-соолукка да кам көрүү керектигин жаратылыш да айтып жаткандай. Ооган-Талаада өскөн дарылык касиетке ээ мөмөлөр менен тааныштырабыз.

2 Ноябрь 2020 жыл 12:35

Пандемияда «Макмал Голд Компани» тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Пандемияда «Макмал Голд Компани» тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. «COVID-19» га байланыштуу, вирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында Казарман айылынын көчөлөрун жана имараттарын дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. 

2 Ноябрь 2020 жыл 12:32

Таажы тумоосунун экинчи толкунунда түшүндүрүү иштери кайрадан башталды

Талас райондук Үй- бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адистери коронавирус жаңыдан башталган учурдан тартып коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташкан. Андан бери арадан 9 ай өттү. Биринчи карантин мөөнөтү …

2 Ноябрь 2020 жыл 12:25

Китепканачы: «Коронавирус китеп окууга тоскоол боло албайт»

Коронавирус илдети биздин жашообузду түп тамырынан бери өзгөрттү. Мурда бет кап кийгендерди ооруканадагы медиктерден гана көрө турган болсок, азыр көчөдөн да, жумуштан да, керек болсо үйдөн да бет кап кийип …

2 Ноябрь 2020 жыл 12:17

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...