Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Сүлүктүдө Ханнс Зайдель Фонду тарабынан тренинг өтүүдө

Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу боюнча тренинг өтүп жатат.

16 Октябрь 2019 жыл 15:07

Мектеп директору күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды багынтты

Ак-Талаа районундагы “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Капарбек уулу Билимбек Грузия шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болду.

16 Октябрь 2019 жыл 12:30

Окуучулар айылда жашаган жалгыз карыларга жардам беришти

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин «Тимурчулар» тобу «Карылар күнүнө» карата айылдык жалгыз жашаган карыларга жардам беришти. Бул иш-чара жыл сайын мектептин «Аваз» уюму тарабынан …

15 Октябрь 2019 жыл 16:29

Быйыл Тасмада түшүм мол болууда

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында түшүмдүн былтыркы жылга караганда быйыл мол болгондугун айыл тургундары билдиришет.

15 Октябрь 2019 жыл 16:29

Илимий изилдөө ишин жасаган Тасмалык окуучулар алдынкы орундарды ээлешти

2019-жылдын 9-майы Улуу Жеңиштин 74-жылдыгына карата Республикалык “Эрдиктердин изи менен” деген сынакта Сопиев мектебинин окуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүшкөн. Аталган конкурска он окуучу катышып, төртөө алдынкы орундарды ээлешкен.

15 Октябрь 2019 жыл 16:15

Тасма айлынын көчөлөрүнүн аттары жаңыланды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ар бир көчөнүн аттары айылдан чыккан атактуу адамдардын ысымдары менен жаңыланды. 2020-жылы «Эл жана турак жайды каттоо» жүрө турганы кабарланып, ошол максатта көчөлөрдүн …

15 Октябрь 2019 жыл 16:10

Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жалпы жыйыны болду

Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептердин жана балдар чыгармачылык борборунун жаш мугалимдери болуп жалпысынан 47 педагог катышкан жыйын өттү. Жыйынды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов ачып алып барды.

14 Октябрь 2019 жыл 21:11

Сүлүктүлүк гимназисттер өз ара жардамдашуу акциясын баштады

Сүлүктүдөгү Кушматов атындагы гимназиянын жогорку класстарынын ортосунда өз ара жардамдашуу иштери жолго коюлду. «Сабактан кийин китеп окуу, сабакка даярдануу жана дебат искусствосу жөнүндө билимибизди жана тажрыйбабызды өзүбүздөн кичине класстарга бөлүшүүнү …

14 Октябрь 2019 жыл 20:01

Сүлүктүдө өзгөчө кырдаалдарга машыгуу өттү

ЮНИСЕФтин Сүлүктү шаарындагы волонтёрлору тарабынан уюштурулган Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу-машыгуулары коомдук мекеме уюмдарда өтүп жатат.

14 Октябрь 2019 жыл 2:55

Барскоон: Ишкер айым Бүбайда Орозобекова

Кыргызстандагы бизнес уюмдары өлкөдө ишкерчиликке аралашкан айымдардын саны өсүп жатканын айтышууда. Бүгүнкү күндѳ айыл жериндеги айымдар тигүү ишканаларын ачып кыз- келиндерди иштетип келишет. Бул да болсо айылдын ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ чоң салымын …

13 Октябрь 2019 жыл 22:59

33 жылдан бери айылдагы ФАП биринчи жолу оңдоп- түзөөдөн өттү

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл өкмөтүндө 33 жылдан бери биринчи жолу элге кызматын өтөп келе жаткан ФАПка оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. 

13 Октябрь 2019 жыл 12:38

«Менин таза айылым» акциясы

Даярдаган: Гулназ Камбарали кызы

13 Октябрь 2019 жыл 1:29

Могол айыл аймагынын башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды? деген темада түз эфир өттү

Демократия сааты уктуруусунун кезектеги түз эфири Айыл өкмөт башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды? деген темада өттү. Эфирдин коноктору Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, Могол айыл жер …

12 Октябрь 2019 жыл 22:48

Аялдардын шайлоого катышуусу маанилүбү?

«Бакай-Ата FM» жамааттык радиосунун түз эфиринде, 9 октябрда «Демократия сааты» программасынын алкагында, аялдардын шайлоодогу активдүүлүгү тууралуу сөз болду.  Уктуруубузду Кыргызстандагы аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу маселесин козгодук. Өлкөдө учурда аялдардын …

12 Октябрь 2019 жыл 22:43

Партиянын ишмердүүлүгү тууралуу түз эфир

Кыргызстанда граждандык коомду жана демократиялык укуктук мамлекетти курууда, саясий аң сезим маданиятын жогорку деңгээлин калыптандыруу жана өнүктүрүү зарылдыгы күндөн- күнгө өсүүдө. Саясат, саясий система, бийлик түшүнүктөрү бүгүнкү коомдук турмуштун ажырагыс …

12 Октябрь 2019 жыл 22:32

Ак-Талаада чыгаан композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунда белгилүү композитор, СССРдин жана КРнин Эмгек сиңирген артисти, дирижер Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленди. Салтанат КРнын Гимни менен башталды.

12 Октябрь 2019 жыл 22:14

Аз кандуулук менен дүйнөдө 2 миллиард адам жапа чегет

Даярдаган:  Гулбарчын Мамытбекова Сурөттөр интернеттен алынды

12 Октябрь 2019 жыл 21:39

Ак-Талаада белгилүү композитор Калый Молдобасановдун мааракесине арналган иш чаралар өтүүдө

Ак-Талаа районунун Баетов айылында композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракесин утурлай бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Атап айтсак, Терек айылында “Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмеси тарабынан  спорттун кичи футбол …

11 Октябрь 2019 жыл 15:16

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...