Күз мезгили келгенден тарта Тасма айылында чычкан көбөйүүдө. Чычканга каршы айыл тургундары каршы аракеттерди жасап жатканын айтышат.
Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебиндеги Ак-тилек балдар уюмуна кирген окуучулар үчүн алтынчы күндөрү лагерче ачылды. Лагердин эң башкы артыкчылыгы — бекер болгондугу.
Токтоян айылынын тургуну Жумакан Канкелдиева шырдакка кооз жана татаал оюуларды түшүрүп, үй көркүн ачкан шырдактарды жасайт. Жумакан эненин эмгегин жалпы айыл билет. Азыр деле анын кардарлары көп.
Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде балдардын зоордук зомбулугун алдын алуу боюнча 7-9-класстын оокуучуларына мектептин соцпедагогу Канат Асанакунов тарбиялык саат өттү. Анда балдардын укугун коргоо, өзүн алып жүрүүсү боюнча талкулар …
18 ноября 2016 года Фонд Национального Красного полумесяца по Таласской области организовали встречу двенадцати сообществ.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жана референдумга карата даярдыктар жүрүүдө. Бул боюнча Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында даярдыктардын жүрүшү боюнча айыл өкмөттүн кызматкери Абдираим Жороев менен маек курдук.
Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.
Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин …
Күз мезгили аяктап, кыш мезгили босогодон жаңы кирип келди. Учкундуктарга кыштын белгиси болгон кардын жаашы кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучусу “Эң мыкты кат 2016” сыйлыгынын ээси болду. Ал сынакка «Үркүн» туурасында жазган каты менен катышкан.
Нарын районунун Куланак айылыныдагы чылым чеккендердин оюн билип көрдүк.
Куланак айылындагы Жеңиш Султанова атындагы ооруканада сентябрь айынан бери уланып келген текшерүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу аталган оорукананын клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асанова менен маектештик.
Нарын районунун Куланак айылында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушу суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу токтоду. Бул боюнча курулуш иштерине көмөк көрсөткөн айылдык жаштар комитети менен маек курдук.
Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинин окуучулары «Менин таза айылым!» аттуу акция жүргүзүштү. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп, кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты.
Эртең 17 ноябрь — Студенттердин күнүнө карата студенттердин майрамга кантип даядык көрүшүп жаткандыгы тууралуу кыскача сюжет даярдалды.
2012-жылдан бери Терек-Суу айылында “Ак элечек апалар” жалаӊ аялдардан түзүлгѳн топ ѳз ѳнѳрлѳрүн элге тартуулап келет. Бул топ кѳптѳгѳн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга илинишкен. Биз ал топтун мүчөлөрү менен маектештик.
Быйыл Учкун айылынын тургуну Анипа Баймурзаева 105 жашка чыкты. 100дөн ашкан айылда бир гана жашоочу бар. Анипа апа 10 баланын, 68 неберенин, 130дан ашуун чөбөрөнүн энеси.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2016-жылы айыл чарба участкасы уюштурулуп, ал жакка окуучулар көптөгөн көчөттөрдү отургузушкан. Учурда окуучулар көчөттөрдү кышка даярдап, жылуулап, азыгын камдап жаткан кези.
Кызыл-Жылдыз айылында таза суу жок болгондуктан айыл эли Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө мажбур.
Бүгүнкү күндө ЕБРР, ГЭФ жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Талас шаарынын суу жана канализация жабдууларын реконструкциялоо долбоорунун казуу жана орнотуу иштери жүрүүдө.