Быйыл Учкун айылынын тургуну Анипа Баймурзаева 105 жашка чыкты. 100дөн ашкан айылда бир гана жашоочу бар. Анипа апа 10 баланын, 68 неберенин, 130дан ашуун чөбөрөнүн энеси.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2016-жылы айыл чарба участкасы уюштурулуп, ал жакка окуучулар көптөгөн көчөттөрдү отургузушкан. Учурда окуучулар көчөттөрдү кышка даярдап, жылуулап, азыгын камдап жаткан кези.
Кызыл-Жылдыз айылында таза суу жок болгондуктан айыл эли Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө мажбур.
Бүгүнкү күндө ЕБРР, ГЭФ жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Талас шаарынын суу жана канализация жабдууларын реконструкциялоо долбоорунун казуу жана орнотуу иштери жүрүүдө.
М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 350 окуучу билим алат. Аларга 9 класс кабинети туура келет. Класстык бөлмө жетишпегендиктен окууучулар үч убакка бөлүнүп окуп жатышат.
М. Иманалиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Максат уулу Абаз коптөгөн сынактарга катышып келүүдө. Ал күндөн энергия алуучу жана тамчылатып сугаруунун макеттерин жасаган. Абаздын айтуусу боюнча бул нергсеге кызыгып калуусуна …
Талас областынын тургундарынын суранычы боюнча, чычкан жонундо атайын чыгарылыш даярдадык. Бул жылы чычкандардын саны абдан кобойду. Бири кыштын суук болорунун белгиси десе,
Кызыл-Кыяда жаштар күнүнө карата мэрия тарабынан шаардагы окуу жайларда билим алган студенттер үчүн экскурсия уюштурулду.
Быйыл Кыргызстанда жалпы «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланганына байланыштуу Андарактын тарыхына бир көз чаптырууну чечтик. Андарак эли Тагайберди уруусуна кирет. Бул уруу кайдан келип чыккандыгын билгенге аракет кылдык.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 12-ноябрь күнү Борбордук Азияны камтыган улак тартыш оюну өттү. Улак тартыш оюнун айыл тургуну Райимберди Ботокулов уюштурган.
Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин премьер-министрлер Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, “Эң мыкты премьер-министр” наамын 1-Май айылынын Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин премьер-министри жеңип алды.
Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдана баштады. Азыр алар негизги тесттер болуп эсептелген математика жана кыргыз тил сабактарынан курстарга барып жатышат.
Ак илбирстерди коргооп калуу максатында жумалык Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде өткөрүлүп жатат. Бул жумалыкта окуучулар ак илбирстерди канткенде коргой алышат жана кантип жаратылышка кам көрүш керектигин үйрөнүшмөкчү.
Айыл тургундары алое гүлүнүн даарылык касиетин билишип, аны үй шартында гүл да, дары да катары колдонуп көнүп калышкан. Кыргызстанда бул гүл өспөсө да, аны башка мамлекеттерден көчүрүп келишип колдонушат.
Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган шамдагайлардын спорттук таймашы болуп ѳттү. Бул сынакта 8-б классы шамдагайлар деп табылды.
Наран районундагы Учкун айылынын тургуну Токтогул Серкебаев алты жылдан бери Талас облусунан алынып келинген тооктун түрүн багып келет. Ошондой эле тооктун өзгөчө сырларын билип, учурда пайдасын көрүп жаткан мезгили.
Кызыл Жылдыз айылындыгы М. Иманалиев атындагы орто мектебин 2010-жылы бүтүргөн Жибек Келдибекова мектепке Манас таануу боюнча энциклопедия алып келип берди. Бул окуучулардын Манас эпосун кеңири окуп билуусунө чоң салымын кошууда.
Айыл тургуну ФАОдон алган ую шарп менен ылаңдаганын, андан башка уйларга да жугуп жатканын айтты.
Кызыл-жылдыз айылындагы М .Иманалиев атындагы орто мектепке 110тонна көмүр келип биринчи түшкөн. Бирок көмурдун сапаты начар болгондугуна байланыштуу кышка жетпейт деген коркунуч болууда.
Түп районундагы Токтоян айылынын тургундары арча көп ооруларды алдын аларын билишип, аны үй шартында да өстүрүп алышууда. Айыл тургундары арчаны барктап-баалап колдонушат жана анын касиеттерин билишет.