Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Түп району: Мектеп окуучулары үчүн зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

«Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу» боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында алдын алуу иш-чаралары болуп өттү.

12 Декабрь 2023 жыл 18:21

Кызыл-Булак айылында кесипти туура тандоо багыты боюнча тренинг болуп өттү

9-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде кесипти туура тандоо багыты боюнча тренинг болуп өттү.

11 Декабрь 2023 жыл 21:21

№43 лицейинде «Тарбиянын жакшысы-тагдырдын ачкычы» семинары өткөрүлдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейинде тарбия иштери боюнча «Тарбиянын жакшысы — тагдырдын ачкычы» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар «Нарктуу апалдар» Коомдук бирикмесинин апалары Анаргүл Алымбаева жана Батма Султанбаевалар тарабынан …

11 Декабрь 2023 жыл 19:49

Ноокат району: «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулду

11-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулуп, окуучулар мүчөлүкө кабыл алынды. Иш чарага 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

11 Декабрь 2023 жыл 19:05

Видео: Бишкектеги кичи автобустун айдоочулары үчүн окутуу өттү

Бишкек шаарындагы кичи автобустун бригадирлери жана айдоочулары үчүн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2 күндүк окуу болду. Окутуунун максаты коомдук транспортто орун алган түрдүү конфликт, зордук зомбулук жана ыдыкты алдын …

9 Декабрь 2023 жыл 17:26

Мектеп окуучулары биринчи жолу онлайн шахмат турнирге катышты

DiGi IT компаниясы Кыргыз шахмат союзу (КШС) жана World Chess менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары арасында биринчи онлайн тез шахмат турнирин өткөрдү. Турнирдин негизги миссиясы сергек жашоо образын жайылтуу …

9 Декабрь 2023 жыл 14:09

Кыргыз ишкер айымдары тууралуу презентация жасалды

Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …

9 Декабрь 2023 жыл 8:40

Кочкор районундагы айылдын айрым көчөлөрүн суу каптады

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.

8 Декабрь 2023 жыл 14:52

Майыптыгы бар балдар үчүн «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү

6-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында майыптар күнүнө карата «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү.

7 Декабрь 2023 жыл 18:16

Видео: Саймалуу -Таш мамлекеттик жаратылыш паркында журналисттер үчүн экскурсия уюштурулду

Тогуз -Торо ФМ радиосунун ыктыярчы-кабарчылары менен райондогу журналисттердин тилектештигин бекемдөө максатында Саймалуу -Таш мамлекеттик жаратылыш паркында экскурсия уюштурулду. Аймактагы активист айым Бактыгул Турдукожоеванын Саймалуу -Ташты даңазалап чыгарган ырын аймактагы кабарчылар видео …

7 Декабрь 2023 жыл 17:41

«Кыргызымдын Чыңгызы-Кылымдардын жылдызы» аттуу көркөм адабий кече болуп өттү

2023-жылдын 6-декабрында Ч. Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Кыргызымдын Чыңгызы-Кылымдардын жылдызы» аттуу көркөм адабий кече болуп өттү.

6 Декабрь 2023 жыл 17:10

Сүрөт баян: Кочкор районуна коюлган Ч. Айтматовдун «Бетме-Бет» чыгармасы боюнча спектакль

Кочкор музыкалык драма театрынын артисттери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Бетме-Бет» спектаклин Кочкор районунун тургундарына тартуулашты.

5 Декабрь 2023 жыл 16:39

Бала бакчада улуттук ыкма колдонгон тарбиячы

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Бусурман уулу Шаабай атындагы бала бакчанын тарбиячысы Айнура Нурдинова көп жылдык иш тажрыйбасында наристелерге кыргыздын улуттук оюндарын  үйрөтүүдө.

5 Декабрь 2023 жыл 15:59

«Апамдын каттамасы» кафеси Токтогулда да ачылды

Токтогул районунун Терек-Суу айылында “Апамдын каттамасы” аттуу чакан кафе ачылды. Каттама менен чай иче турган жерди айылдын тургуну Калбү айым ачты.

5 Декабрь 2023 жыл 14:18

Фотобаян: Ак-Талаада кыргыз прокуратурасынын 99 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата волейбол боюнча мекеме-ишканалар арасында ири мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 17 команда катышты.

4 Декабрь 2023 жыл 18:41

Ак-Талаада балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдыгы белгиленди

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдар жазуучусу, коомдук ишмер, Андерсен атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдык мааракеси, ысымы берилгендигинин 25 жана имараттын пайдаланууга берилгендигинин 45 жылдыгы …

4 Декабрь 2023 жыл 8:43

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Могол айыл аймагына иш сапары менен барды

Могол айыл аймагындагы бир катар бүтүрүлүп жаткан имараттардын абалы менен таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапарынын алкагында келди. Төрага менен бирге депутаттар Айбек Алтынбеков, Талайбек Масабиров, Айбек …

3 Декабрь 2023 жыл 22:45

№43 лицейде тоют даярдоонун инновациялык ыкмасы колдонулууда

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицей күнөсканаларда малга тоют даярдоо үчүн арпа өстүрүүнүн инновациялык ыкмасы  колдонулууда. Бүгүнкү күндө фермерлер гидропоника ыкмасы аркылуу, малдын жогорку калориялуу тоютун даярдоо ыкмасы кеңири таралууда.  …

3 Декабрь 2023 жыл 8:22

Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү №43 кесиптик лицейде

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде Кыргыз Республикасындагы Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) менеджери Кунио Нишизаки, «j-lead» президенти Хидеюки Иношита менен  Биомасса изилдөөлөрүнүн президенти Садао Кикучи баш болгон …

2 Декабрь 2023 жыл 22:42

Кыргызстанда 1 миллион 680 миң 750 бодо мал бар

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча,  Кыргызстанда 1 миллион 680 миң 750 бодо мал бар. Кыргызстанда бардык чогултулган мал калдыктарын кайра иштетүү 16 миллион тоннага чейин суюк жер семирткичтерди …

2 Декабрь 2023 жыл 14:38
Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...