Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Эне сүтү балага өмүр, энеге күч

Эне сүтү ымыркайдын өмүрүн сактап, ден соолугуна негиз болсо, эненин организмин да бекемдеп, күч берет. Эне болууга даярдык жаш кезден башталып, сергек жашоо образын карманганы зарыл. Үй-бүлөлүк дарыгер Айгүл Тагаева …

5 Сентябрь 2025 жыл 14:30

Балыкчыда Эгемендүүлүк күнү белгиленди

31-августта Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди. Азем Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ага шаар тургундары жана коомдук ишмерлер катышты.

31 Август 2025 жыл 20:59

Турусбек мектебине бүтүрүүчүлөрдөн чоң салым: 115 000 сомго “Желмаян” самосвал алынды

Турусбек мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, мектепке 115 000 сомго 1,5 тонналык “Желмаян” самосвалы сатып алынды. Бул ишке мектептин ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү жана демөөрчүлөр чогуу салым кошушту.

31 Август 2025 жыл 11:59

Эгемендүүлүк майрамына карата Токтогул районунда жаңы мектептер пайдаланууга берилди

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата Токтогул районунда билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр жана кубанычтуу учурлар орун алды. Райондо эки мектептин жаңы имараты жана эки мектеп капиталдык оңдоодон өтүп пайдаланууга …

30 Август 2025 жыл 23:19

Кулатов айыл аймагында Беш-Буркан көмүр кени ачылды

Өлкөнүн бир катар аймактарында 60дан ашуун өндүрүштүк ишкана ачылды.Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Беш-Буркан көмүр кени расмий түрдө ачылып, ишке кирди.

30 Август 2025 жыл 15:30

Токтогулда күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө болду

2025-жылдын 29-августунда, саат 17:32 чамасында өлкөдө жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Токтогул шаарчасынан 27 км түндүк тарапта, күчү 4.5 баллга жеткен (MSK-64 шкаласы боюнча). Магнитудасы – 4.3, энергетикалык классы …

29 Август 2025 жыл 20:24

Токтогулда “Терме – акылдын айдыңы, курак – элдин байлыгы” фестивалы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 5-августундагы №510 буйругунун негизинде Токтогул районунда өзгөчө мааниге ээ болгон республикалык деңгээлдеги кароо-сынак фестивалы өткөрүлдү. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы менен маданият …

29 Август 2025 жыл 12:44

Бишкектиктер экологиялык таза жылытууга өтүү үчүн 1 миллион сомго чейин каражат ала алышат

Борбор калаанын тургундары жакында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында үйлөрүн экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу менен модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин насыя …

28 Август 2025 жыл 9:46

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн мектепке белек

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебин мындан 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр мектепке заманбап интерактивдүү панель белек кылышты.

25 Август 2025 жыл 16:56

Токтогул районунда мугалимдердин «Август кеңешмеси» болуп өттү

2025–2026-жаңы окуу жылына карата Токтогул районунда салтка айланган мугалимдердин “Август кеңешмеси” өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер …

25 Август 2025 жыл 10:16

Токтогул: №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектеп – “Жылдын мыкты мектеби” наамына татыды

2025–2026-окуу жылына карата өткөрүлгөн “Август кеңешмесинин” алкагында Токтогул районундагы эң мыкты билим берүү мекемелери аныкталды. Алардын ичинен Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Курама уулу Турусбек атындагы жалпы билим берүү мектеби “Жылдын мыкты мектеби” …

24 Август 2025 жыл 23:58

Кайыңды айылынын окуучусу манасчылардын эл аралык сынагында ийгилик жаратты

Нарын районуна караштуу  Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин 7-классынын окуучусу Кенжебеков Алишер манасчылардын эл аралык  кароо-сынагына катышып келди.

24 Август 2025 жыл 20:23

Төлөк айылында чакан нан бышыруучу жай ачылды

Жаштардын демилгеси айылда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Жаш келин Сымбат Кудайберген кызы чакан грант утуп алды. ИСУР коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулган бул долбоор айыл тургундары үчүн чоң жаңылык болуп, сапаттуу …

23 Август 2025 жыл 20:27

Коуч-трансформатор: “Өзгөрүүгө муктаж болуп бирок өзгөрбөй жаткан адамдар булар тирүүнүн өлүгү”

Бул макалада конок этнопсихолог, коуч-трансформатор Мундуз Айбековна адамдын өзгөрүүгө болгон муктаждыгы жана анын жолдору тууралуу ой бөлүшөт. Адамдын жашоосунда өзгөрүү табигый көрүнүш. Бирок өзгөрүүгө муктаж болуп, бирок аны жасабаган адамдар …

22 Август 2025 жыл 14:02

Сузак районундагы №103 Садда мектебинин курулушу аяктады

Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 2024-жылдын июлунда башталган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы №103 Садда мектебинин жаңы имаратынын …

21 Август 2025 жыл 10:10

Боор оорубайт, бирок коркунучу чоң: Гепатит тууралуу чындык

2021-жылы КРсынын Саламаттыкты сактоо министрлиги гепатитти текшерүү, алдын алуу жана дарылоо боюнча №59 буйрук кабыл алган. Мурда бул оорулар боюнча маалыматтар так болбой, көпчүлүк бейтаптар жеке клиникаларга кайрылып, кээ бирлери …

18 Август 2025 жыл 11:31

«Бир айыл – бир продукт»: Кетмен-Дөбөдө багбанчылык багытында семинар өттү

«Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун алкагында «Багбанчылык аймагыбыздагы өнүгүүнүн негизги багыты»- аттуу семинар Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы Имерилиш участкасында өттү.

14 Август 2025 жыл 22:10

Кош бойлууларды колдоо үчүн «ЭММА» мобилдик тиркемеси эми Кыргызстанда жеткиликтүү

Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды жана жаш энелерди санариптик колдоо үчүн түзүлгөн «ЭММА» мобилдик тиркемеси сунушталды. Эми кыргыз тилинде жеткиликтүү болгон тиркеме Кыргызстанды кошо алганда 193 өлкөдөгү колдонуучулар үчүн акысыз.

14 Август 2025 жыл 21:09

Төлөк: «Соң-Көл сактайлы: кеч — көч » фестивалы

Нарын облусунун Төлөк айылында жергиликтүү коомчулук Соң-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо көйгөйүнө көңүл буруу үчүн фестиваль уюштурулду.

12 Август 2025 жыл 11:32

Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы техникалар алынды

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө мамлекеттин колдоосунун негизинде президенттик фонддун эсебинен акча бөлүнүп  заманбап жүк жүктөгүч жана “Хово” үлгүсүндөгү атайын автоунаалар алынып келинди.

12 Август 2025 жыл 11:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...