Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Аялдар кеңеши кыздар менен жолугушуу өткөрдү

3-февраль күнү Үч-Коргон айыл аймагынын аялдар кеңешинин кезектеги жолугушуусу А.С.Пушкин орто мектебинин мугалимдер жамааты жана 9-11-класстар окуучу кыздары менен өткөрүлдү. Жолугушууга Бишкек шаарынан келген экономист, продюсер жана журналист Назира Джуман …

5 Февраль 2021 жыл 13:03

Суусамыр айылында аткарылып жаткан иштер боюнча жыйын болду

Бүгүн 2-февралда Суусамыр айылдык маданият үйүндө жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берилди. Мекеме жетекчилер, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөт башчысы аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди. Айыл өкмөт башчысы Урмат …

2 Февраль 2021 жыл 17:32

Паспорт алардан мурда каттоодон өтүңүз

“Санарип аймак” долбоорунун алкагында Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү жарандардын аты-жөнүн санариптештирүү иштерин жүргүзүүдө. Райондун аймагындагы айыл өкмөттөргө бул боюнча маалыматтар берилип, паспорт алуу үчүн жарандар алгач аталган …

1 Февраль 2021 жыл 19:26

Текшерүүдөн кийин мектеп убактылуу жабылды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнүн негизинде убактылуу жабылды. Себеби мектептин жылуулугу …

1 Февраль 2021 жыл 12:20

Токтогул: Карышкыр күч болууда

Токтогул районунда быйыл карышкыр күч болууда. Мунун себеби, кардын калың жаабаганы жана карышкырдын көбөйгөнү дейт жергиликтүү жашоочулар.

1 Февраль 2021 жыл 11:23

Кесиптик лицейде этнобилим ыкмасын колдонуп кесиптик багытта адистикке даярдайт

Сокулук районуна караштуу, Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин мүдүрү Бактыгүл Жусупова иш- аракетинин аркасында окуучуларды кесипке үйрөтүүдө, мугалим-устаттар этнобилимге карай окуутуунун тематикалык пландарын иштеп чыгышты.

31 Январь 2021 жыл 11:01

Мугалим: «Онлайн форматтагы окууга биз көнгөн эмеспиз»

Пандемия башталган март айынан бери мектептер карантинге жабылып, окуучулар онлайн форматтагы окууга өтүшкөн. Онлайн окуунун мугалимдер жана окуучулар үчүн кандай болгондугун түз эфирде талкууладык.

29 Январь 2021 жыл 17:42

Альтернативдик жол салууда архелогиялык табылгалар табылды

Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун оңдоодо, жер алдынан археологиялык табылгалар табылган. Табылгалар Кочкор районундагы Ак-Бел, Тармал-Саз, тилкесинен жана Бакечал бурулушунан табылган. Альтернативдик жол 3кө бөлүнөт. Эпкин-Балыкчы, Эпкин-Дыйкан, Эпкин-Жалал-Абад.

27 Январь 2021 жыл 14:12

«Илимдеги кыздар» ЖРТга акысыз даярдоо окуусуна катышууда

23-январдан тарта  «SECOM» билим берүү борборунда Жалпы республикалык тестирлөөгө  «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздарга окутуулар башталды. Окутууда STEM-предметтерине терең басым жасалайт дейт уюштуруучулар.

24 Январь 2021 жыл 12:45

Жаңы-Жер: Айылда спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлдү

Жаңы-Жер айыл тургундары тарабынан, дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлдү. Айылдын тынчтыгын сактоо жана жаштардын жаркын келечеги үчүн спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөргө, эл нааразычылыгын билдирүүдө.

23 Январь 2021 жыл 12:04

Суусамыр: Айылда чөөлөрдүн көбөйүшү балдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда

Суусамыр айылында кыш мезгилинде аба ырайынын өтө суук болгондугу менен айырмаланат. Мындай суукта токойлордо чөөлөр көбөйүп, элдин тынчын алып жаткандыгы айтылууда. Жолго айылы Суусамыр айыл аймагынын 1-Май айылынан 3 чакырым …

18 Январь 2021 жыл 12:08

Куланак: Добуш берүүгө эл активдүү катышып жатат

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы 4051 шайлоо участогуна кеч күүгүм болсо да эл тынымсыз келип жаткан учур.

10 Январь 2021 жыл 19:37

Ача-Кайыңдыда суукка байланыштуу шайлоого элдер кеч келишти

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бүгүнкү 10-январдагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого элдер кеч келишти.

10 Январь 2021 жыл 19:31

Куу-Майданда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын 5376 шайлоо участогунда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды. Алардын шайлай албай калганынын себеби алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Шайлай албай калган шайлоочуларга паспортун …

10 Январь 2021 жыл 16:37

Куланак: Шайлоо өз нугунда өтүп жатат

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы 4051 шайлоо участогу саат 8:00 дон баштап ишин баштады.

10 Январь 2021 жыл 15:15

Суусамыр айылында шайлоонун жүрүшү тынч

Бүгүн өлкө боюнча Президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Суусамыр айылында дагы 7346 шайлоо участкасында шайлоо өз тартиби менен өтүүдө.

10 Январь 2021 жыл 13:50

Шайлоо 2021: 2153 шайлоо участкасында шайлоо туруктуу абалда уланууда

2153 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын көрсөткүчү азыркы саатка караганда 17,5 пайызды түзөт. Баары мыйзам чегинде өтүп жатат.

10 Январь 2021 жыл 12:56

Суусамыр: 10-январдагы шайлоодо «Форма 2» колдонулбайт

10-январдагы өтө турган шайлоодо бир катар талаптар бар. Алар мурунку шайлоодон айырмаланып «Форма 2» алып салынгандыгы. Суусамыр айылындагы 7346 шайлоо участогундагы шайлоого даярдык тууралуу комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев раидонун туз …

9 Январь 2021 жыл 17:04

Токтогул: Абанын суук болуусунан шайлоо аппараттары иштебей жатат

Токтогул районунда бүгүн 9-январда шайлоого келе албаган жарандарга үйүнөн барып добуш берүү жүрүп жатат. Токтогул райондук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча аба ырайынын суук болгонунун себебинен идентификациядан өткөрүүчү аппараттар иштебей катып …

9 Январь 2021 жыл 14:36

Акталаада мектептер 3-чейректе толугу менен салттуу окууга өтөт

Ак-Талаа районундагы 300 гө чейин окуучусу бар 10 орто мектеп 7-декабрдан бери салттуу режимде, ал эми калган 8 мектепте окутуу экинчи алгоритм менен жүргүзүлүп келген. 3-чейректе райондогу бардык мектептер окутуунун …

7 Январь 2021 жыл 21:27

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...