Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Акталаада дарыгер Кубанычбек Карагуловдун мемориалдык тактасы орнотулду

Ак-Талаа районунда белгилүү дарыгер Кубанычбек Карагуловдун мемориалдык тактасы өмүрүнүн акырына чейин өзү иштеген ооруканага орнотулуп, дарыгерди эскерүү иш-чарасы болду.

4 Декабрь 2020 жыл 12:18

Айыл мектептери пандемияда кышка даяр

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер кышка карата даяр. Айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болушкан. Терезелер жылууланып, кааналардын температуурасы талапка жооп берет. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген алгоритмдин негизинде …

3 Декабрь 2020 жыл 15:17

Элеттик айымдар ООНдун азык-түлүк программасы тарабынан колдоо алышты

Ноокат районунун Абшыр-Ата айылынын айымдары «Абшыр-Ата айымдары» ассоциациясын түзүп, жумуш менен камсыз болушту. Бул иш- чара ООНдун азык-түлүк программасы, ООН-аялдар, ФАО, ИФАД  уюмдары тарабынан каржыланды.

3 Декабрь 2020 жыл 10:52

Ноябрь айы үчүн эмдөөлөр болду

Куланак айылындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда ноябрь айы үчүн балдарга пландалган эмдөө иштери жүрдү. Эмдөөгө чакырылган балдар дээрлик катышышты.

2 Декабрь 2020 жыл 14:58

Учкун: «Бөрүдөй тайманбастардын оюну өткөрүлдү»

Нарын районуна караштуу Учкун айылында улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюнга жалпы 4 тайпа катышкан. Уюштуруучулар, айыл жаштарынын айтымында бул оюндун максаты жаштардын ынтымагын бекемдөө.

1 Декабрь 2020 жыл 22:00

Маек: «Биз конституция өзгөргөндөн эмес кадр алмашуудан өнүгөбүз»

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар кеңешинин мүчөсү, жергиликтүү кеңештин депутаты жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы менен бирге конституциянын өзгөрүшү боюнча талкуу өткөрүлдү.

1 Декабрь 2020 жыл 16:15

Барскоондо Covid-19 экинчи толкуну оор абалда ѳтүүдѳ

2020-жылдын 27-ноябрына карата республика боюнча Covid-19 илдетинин -377 жуктуруп алган учуру катталгандыгын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлиги билдирди. Алардын ичинен ичинен беш адам каза тапкан да айтылууда.

29 Ноябрь 2020 жыл 9:38

Ат-Башы району көмүр алууга кезексиз киргизилүүдө

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кече көмүр кенине кезексиз көмүр алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, райондун ар бир айылынан көмүр тарткан унаалар алынып барылды.

23 Ноябрь 2020 жыл 15:27

Кыйын кырдаалда кышка отун даярдоо оор болууда

Түп районундагы Карасаев айыл өкмөтү да катаал шартка кирип, кышкысын өтө эле суук аймактардын бири. Пандемия учурунда кышкыга даярданууда кыйынчылыктар көп болуп жатат. Отун, суу маселеси айыл тургундарына оорчулук жаратууда.

22 Ноябрь 2020 жыл 11:51

Ак элечек апалар айылдагы кыз келиндерге үлгү болууда

Жаңы жер айылындагы “Даткайым апалар тобу” илгертен келе жаткан нарк нусканы сактап, кыргыз аялзатына таандык кол өнөрчүлүгүн жайылтып келет. Айылдагы ар бир иш чара апаларсыз өтпөйт. Улуу мурастардын бири болгон …

21 Ноябрь 2020 жыл 18:13

Айрым саясатчылар жана эксперттер Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгышты

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга койгон. Анда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат кол койгону айтылган. Эксперттер, саясатчылар жана юристтер Конституциянын жаңы долбоору демократия …

21 Ноябрь 2020 жыл 16:56

Эт кымбаттагандан бери Жаңы-Жер айылында мал уурулугу күч алды

Учурда Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында мал уурулугу көп катталууда. Базарда азык- түлүк баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу мал жандыктары кымбаттады. Мал багууга тоют да кымбат болууда. Айыл тургундары ак эмгеги менен …

19 Ноябрь 2020 жыл 22:06

Айылдык ооруканада бейтаптарга көрсөтмө берүүгө дарыгер жок

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы ооруканада бейтаптарды кабыл алып, көрсөтмө берүүгө дарыгер жок.

19 Ноябрь 2020 жыл 21:00

Мал доктур: ”Койлорду кралинге салуу, көптөгөн мал ооруларын алдын алат”

Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу купка үч жылдан бери колдонулуп келет. Купка ишке берилгенден бери, жергиликтүү тургундарга бир топ жеңилдиктер пайда болгон.

19 Ноябрь 2020 жыл 13:20

Түшүндүрүү иштерине карбастан айыл жеринде санитардык эрежелер сакталбай жатат

Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ковид-19 илдетин алдын алуу, санитардык нормаларды, карым-катышта аралыкты сактоо боюнча тиешелүү адистер менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

19 Ноябрь 2020 жыл 13:04

Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу күч алды

Суусамыр айыл аймагында 1-ноябрдан тарта 72 бейтап COVID-19 вирусу менен катталган, 3 адамдын акыбалы оор болгондуктан райондук ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болду.

18 Ноябрь 2020 жыл 15:54

Куу-Майдан айылдык китепканасына жазуучу Мырзаш Аширбековдун ысымы ыйгарылды

Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык китепканасына Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчѳсү, жазуучу жана журналист Мырзаш Аширбековдун ысымын ыйгарууга арналган салтанат болуп ѳттү.

17 Ноябрь 2020 жыл 12:44

Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жаңы тез жардам машиналары келди

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында пандемия учурунда айылдагы жаштар тарабынан «Үч-Коргон жардам штабы» уюштурулду. Бул штабка чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар жана айыл жашоочулары өз салымын кошту. Чогулган акчага Үч-Коргон …

15 Ноябрь 2020 жыл 22:28

Тогуз- Тородо милиция кызматкерлери сыйланды

Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан милиция кызматкерлери Ардак грамота жана акчалай сыйланышты. Тогуз-Торо райондук администрациясынын башчысы Айбек Кожошов мыкты ийгиликтүү эмгектенген кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылды.

15 Ноябрь 2020 жыл 17:02

Кесиптик билим берүүдө дистанттык окутууну жайылтуу керек

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин базасына, Кочкор районунда жайгашкан №15 Кесиптик лицейдин мугалимдери дистанттык окутууну уюштуруу үчүн тажрыйба алмашышты.

15 Ноябрь 2020 жыл 15:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...