Үстүбүздөгү окуу жылынын 2-чейреги 11-ноябрда башталат. Окутуу аралыктан улантылабы же жокпу тиешелүү министрлик 3 түрдүү варианттарды сунуш кылышууда. Ал эми Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 1-6-класстардын окуучулары салттуу окууга өтүшү мүмкүн.
Ак-Талаа районунда жалпы кырк билим берүү мекемелери бар. Булардын ичинен 22 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-бала бакчалар болсо, калган 18 орто мектептер. Учурда Кыргызстандагы пандемиялык шартка байланыштуу окутуу аралыктан жүрүүдө. …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы үйлөнгөн жаштардын үлпөтүн белгилөө жана жаштар үчүн атайын эс алуучу жай уюштурулат. Аталган жай Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабында орун алган.
Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күндүзгү стационарларды кайрадан уюштуруу аракеттери жүрүп жатат. Учурда 303 койка даярдоо пландалып, мунун ичинен 65 койка үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, ФАПка уюштурулду.
Ак- Талаада тизмеден чыгып кеткен шайлоочунун саны так эмес. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа районундагы өкүлү Токтосун Казиев билдирди. Өкүлдүн берген маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмеси болжолдуу, көзөмөл жана акыркы …
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.
Орто мектепти бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөө боюнча жыйынтыгы чыкты. Быйыл окуу жылынын бүтүшү менен жалпы республикалык тестирлөөгө Ак-Талаа району боюнча 353 окуучу катышкан. Булардын ичинен 194 окуучу 110дон ашык упай …
Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районуна ар кандай жардам берген жарандардын саны арбын. Алардын эн алгачкысы Женя Келгенбаева өз каражатынан 23миң сомго эң зарыл болгон дары-дармек, коргонуучу кийимдер, беткап алып …
Айылга арналган өмүр» подкастынын жаңы чыгарылышы даяр болду. Бул жолу бир топ жылдар аскер кызматында жүрүп, билим берүү тармагына кокусунан келип калган Каныбек агай менен жашоо, өмүр, сүйүү, үй-бүлө, бала …
Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери өз убагында башталып, өз убагында бүтүүсү үчүн айыл чарба штабы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө айдоо аянттарына суу кое берилди. Үч жарым миң гектарга жакын аянтты сугаруу …
Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар кандай гуманитардык жардам берилүүдө. Мындай категориядагы жарандар ар бир айыл өкмөттө кызматкерлердин, ыктыярчылардын жардамы менен аныкталып, тизмеси даярдалган. Келген …
Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондун аймагындагы Ак-Тал айылындагы чек ара постто көзөмөл уюштурулду. Постто тиешелүу кызматтардын өкүлдөрү сутка бою турушат.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлүп, ага жалпы 24 команда күчтөрүн сынашты.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук Аялдар кеңешинин жана райадминстрациянын уюштуруусу менен Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.
Ак-Талаа райондук маданият үйү 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол убакыттан бери имараттын жылуулук системасы бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ар жылы кышкы мезгилде жылуулук түтүктөрүнүн ар кайсы жерин …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде англис тили жумалыгы аяктады. Аталган жумалык КРнын билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, билим сапатын …
Ак-Талаа районундагы Орозбек Көккөзов атындагы ооруканага адамды операция кыларда денесин өзү кесип, артынан автоматтык түрдө күйгүзүп турчу электрокагулятор медициналык жабдыктары алынды.