Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: билим

Гулиза Акматсияева: Мигранттардын укугун коргоо үчүн юридикалык билим алдым

Гулиза Акматсияева Орусиядагы кыргызстандыктарга юридикалык багыт көрсөткөн кесипкөй юристтердин бири. Ал 22 жашында катардагы мигрант катары Москва шаарына барып, билим алып алуу зарылдыгын түшүнгөн.

Акталаада кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленди

Кыргызстанда 5-октябрь  «КРда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» катары белгиленип келет.  Мына ушуга байланыштуу Баетов айылындагы билим берүү мекемелеринде балдарды жана окуучуларды күтүүсүз кырдаалдарда тобокелчиликти азайтуу, ар кандай табыгый кырсыктарды алдын …

Элеттик мугалим мектепте саат жетишпей жеке курстарын ачкан

Бактыгүл Сагынбек кызы Талас облусуна караштуу Бакыян айылында ишкерлик менен алектенет. Балдарга билим берүү борборун ачкан Бактыгүл айым бул аракетин биринчи кезекте ишкерлик эмес, билимдүү коомду курууга кошкон салымым деп …

Оттук: Мектепте санитардык-гигиеналык эрежелер сакталууда

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде 44 мугалим эмгектенип,  646 окуучу билим алат.  Ар бир класста санитардык бурчтар уюшулуп, окуучулар үчүн пандемия шартында билим алууга бардык …

Суусамыр: Окуучулар салттуу түрдѳ окууга киришишти

Пандемияга байланыштуу эки жыл окуучулар онлайн билим алып келишти. θлкѳбүздѳ эпидемиялогиялык абал турукташкандан соң, окуучулар 15-сентябрдан тарта салттуу билим алууга киришишти.

Билим берүү мекемелеринде илдетти алдын алуу үчүн санитардык эрежелер сунушталган

Жаны окуу жылы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде салттуу режимде окутуу менен башталды. Бирок коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн бир катар санитардык нормалар сакталуусу зарыл.

Аймактан чыккан активдүү жаштарга пандемиянын таасири…

Суусамыр айыл аймагынан чыккан активдүү жаштар айылдын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Акыркы өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жаштардын кылып жаткан иштерине бир топ кыйынчылык жаратты.

«Усупбекстандын» жаш кабарчылары билимин өркүндөтүүдө

Нарын районуна караштуу Оттук жана Казан-Куйган айыл аймактарында иш алып барып жаткан “Усупбекстан” жамааттык мультимедиа борборунун жаш кабарчыларын жергиликтүү жаңылыктарды жазып, сайтка жайгаштырууну үйрөнүштү. Андан тышкары, ар түрдүү форматта маалымат …

Студент болгондор үчүн тест. 1-курс болууга даярсызбы?

Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстандагы мектептер менен жогорку окуу жайлар билим эшигин ачат. Албетте, ал күндү барынан мурда биринчи жолу мектепке же университетке бара жаткандар толкундануу менен күтөт. Оюн курагы өтүп, …

Билим сапатын жогорулатууну көздөгөн айыл өкмөт

Кулатов айыл өкмөтүнүн билим берүү кызматкерлерине  жана айыл тургундарына, энелер үчүн Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен айыл өкмөттүн кызматкерлери  тарабынан  …

Акталаада билим берүү тармагынын «Мыкты мугалим» жана «Мыкты тарбиячысы» аныкталды

Ак-Талаа районунда билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында өткөн  «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Пандемия жаштардын максаттарын ишке ашырууда кесепети тиет

Пандемиялык кырдаал Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө дагы адамдардын жашоосунда өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал эми жаштар аралыктан билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү, изденүү менен бирге эле санариптештирүү заманында жаңы тармактарды өздөштүрдү.

Мектепке 20 жылдык бүтүрүүчүлөр демөөрчүлүк көрсөтүштү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына   тапшырышты.

Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттар аралыктан өтөт

Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу  бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …

Соттук кандай отурум болбосун чечим чыгаруу оор…

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.

Китеп окуучулар сынагын өткөрүүнү салтка айлантуу керек

Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде  «Феникс» китебинин автору, ишкер Кылыч Исамамбетовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен окуучулар ортосунда «Феникс» китеп сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан окуучулар «Ойлоншоу» интеллектуалдык оюнунун негизинде …

101 Билдирет! Ата-энелер, балдарды кароосуз калтырбайлы

Кырсык айтып келбейт, андыктан өзүбүздүн көнүл кош мамиледен, өрткө каршы эреженин талаптарын аткарбагандан өрт кырсыктары болууда. Анын кесепети материалдык чыгымдарды алып келүүдө  жана жаратылыш байлыгыбыз болгон токойлор өрттөнүп кетүүдө. Өрт …

Акталаада кырдаалга байланыштуу санитардык-коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ак-Талаа райондук жарандык коргонуу штабынын отуруму өтүп, тиешелүү кызматтарга санитардык эрежелерди сактап, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча бир катар көрсөтмөлөр берилди.

Аудио: Китеп окуу максатка жетүүгө жардам берет

Ооган-Талаа айылында жаштар үчүн китеп окуу сынагы болуп өттү. Сынакка 8-28 жашка чейинки жаштар катышты.

Акталаадагы мектептерге жемиш бактары отургузулду

Ак-Талаа районунда 1-класстан тарта 4-класска чейинки окуучуларды витаминдүү тамак-аш менен камсыз кылуу жана мектептердин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатында өткөн жылдан бери 12 орто мектепке жалпы 14 360 түп алма, 275 түп …

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...