Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Нооруз

«Алас, алас, ар балээден калас»

Нооруз майрамы кыргыз элинде күн менен түндүн теңелип, жаңы жылдын келиши ирээтинде майрамдалып келет.

Казан-Куйган: Нооруз майрамына карата ыр кесе болуп өттү

Казан-Куйган айыл аймагында жыл сайын Нооруз майрамын бир көчөнүн тургундары кезек-кезеги менен өткөрүп келишет. Бул жылы айылдын Орозбек Бекжанов атындагы көчөсүнүн жашоочулары  айыл элине майрамдык маанай тартуулай алышты.

Чолпон айылы: Нооруз мектеп ичинде

Нооруз майрамына карата мектеп ичинде кыскача иш-чара уюштурулду. Кыргыздын салт-санаасын, үрп адаттарын, салттарын аткарышып жана ыр, бий менен коштолуп улуттук оюндарды ойношту.

Сүрөтбаян: Нооруз майрамындагы салтанат

21-мартта Кыргыз жергесинде Нооруз майрамын тосуп алууга арналган салтанаттар болуп өттү. Жайыл районунун Кара-Суу айылында Ноорузду тосуп алуу боюнча сүрөт баянды тартуулайбыз.

Ача-Кайыңдыда Нооруз майрамына карата спорттук мелдештер өткөрүлдү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Нооруз майрамына карата бир катар спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Сүрөтбаян: Базар-Коргондо Нооруз майрамында элдин маанайы ачык

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда Нооруз майрамына келген элдин маанайы жакшы болуп, жаңы ачылган паркта эс алышты. Райондун борборундагы аянтка эл көп топтолуп, майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

Кулатов айылындагы Нооруз майрамы

Бүгүн Т.Кулатов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган «Нооруз-2022» майрамы болуп өттү. Айыл элдери айылдаштары менен биргеликте сүмөлөк кайнатылып жакшы каалоо тилектерин айтышып майрамдык маанайды жакшы тосууда.  Мында айыл өкмөттөгү айылдар арасында …

Сүрөтбаян: Кочкордо Нооруз майрамы

Жаздын келиши менен Нооруз майрамын белгилөөдө, эң негизгиси бул кыргыз элинин улуттук каада салтын, үрп- адаттарын сактоо менен Нооруз майрамын бүткүл республиканын бардык булуң- бурчтарында белгилеп жаткан учуру.

Сүрөтбаян: Нооруз майрамын утурлай

Соң- Көл айыл аймагынын Төлөк айылында Нооруз майрамына карата айыл өкмөтүнүн уюштурулган спорттук оюндар болуп өттү. Ошондой эле мектеп окуучулары эки топ болуп кызуу таймаш өткөрүп беришти. Алар 7- класстын …

Сүрөтбаян: Мектепте улуу муундан калган салттар даңазаланды

18-март күнү Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде Нооруз майрамына арналган саамалык болуп өттү.

Кичинекей айылдагы Сармерден

Чүй облусунун Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына арналган иш — чара болуп өттү.

Куланак: Нооруз майрамын утурлай

Нарын районунун Куланак айылында Аралбаев мектебинде Нооруз майрамын утурлай чакан сахналаштырылган кече өттү.

Чоң- Тогузбай айылында окуучулар ата-энелери менен бирге сармерден оюнун өткөрүштү

Аталган айылда каада- салттарды окуучуларга үйрөтүү жана аларды колдонуу максатында Нооруз майрамына карата сармерден болуп өттү. Бул оюнга окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышып, эсте каларлык элестерди калтырышты. 

Сүрөт: Акталаада Нооруз майрамына арналган салтанат өттү

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Нооруз майрамына карата салтанат өтүп, ага айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаз жыттанган Нооруз майрамы

Нооруз майрамы кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, …

Акталаада Нооруз майрамына карата салтанаттар өтүүдө

Ак-Талаа районундагы  Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейде Нооруз майрамы белгиленип, ага райадминистрациянын адиси Жайдарбек Сыдыков, ардагер Жаныш Карасартов, лицейдин директору Элмира Алымбекова, мугалимдер жана курсанттар катышты.

Акталаада Нооруз майрамынын салттуу тамагы сүмөлөк даярдалууда

Бүгүн Ак-Талаадагы Кайынды-Булак айылындагы «Чолпон» балдар бакчасынын эмгек жамааты Нооруз майрамынын салттуу тамагы болгон сүмөлөк даярдап жатат. Майрамды утурлаган бул саамалык райондук мамлекеттик администрациясы жана Баетов айыл өкмөтүнүн демилгеси менен …

Суусамыр: Нооруз тууралуу фактыларды билип алыңыз

21-март Нооруз майрамы салтка айланып, майрамдык салтанат дайыма айылда өткөрүлүп келген. Бирок пандемиядан улам өткөн жылы жана быйыл 2021-жылы да Ноорузга карата майрамдык салтанат болбойт. Себеби, коронавирус илдетин жайылтып албоо …

Кара-Суу айылында Нооруз майрамы болуп өттү

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты айыл тургундарынан алсак.       Кара-Сууда Нооруз майрамы белгиленди

Куланакта «Кел, Ноорузум” аттуу чакан кече болуп өттү

Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте аластоо болду. Быйыл кеченин өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт болду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...