Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Суусамыр

Суусамырлык ишкерлер тез арада даяр болуучу үйлөрдү курууда

Суусамырлык ишкерлер тез арада, ылайсыз курулуучу үйлөрдү Кыргызcтанда экинчи жылы куруп келе жатышат. Бул үйлөр экологиялык жактан таза, өрткө туруктуу жана жогору эмес баада дешет куруучулар.

Балдарга мотивация берген демократиялык жайкы лагерь өттү

20-30-июлда «ММК колдоо борбору» тарабынан «Демократия лагери» аталыштагы лагерь болуп өттү. Лагерь Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» пансионатында уюштурулуп, «Суусамыр FM» жамааттык радиосунун ыктыярчылары катышып келишти. 

«Үй-бүлөдө айымдардын укугу корголобу?» темасында талкуу болду

«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын кезектеги уктуруусу үй-бүлөдөгү айымдардын укугуна байланыштуу болду. 

Радионун ыктыярчы- кабарчысы журналист болууга бел байлады

Суусамыр өрөөнүндөгү “Суусамыр FM” радиосунун 3 жылдан берки кабарчысы Самар кызы Зыйнат быйыл мектепти бүтүрүп жаткан кези. Буга чейин ал келечектеги кесибин тандап койгон. Ал  журналистика факультетине тапшырууга бел байлады.

Түз эфирде муниципалдык ишкана тууралуу элге маалымат берилди

Суусамыр жамааттык радиосунун түз эфиринде Муниципалдык менчик деген эмне жана Суусамыр айылындагы муниципалдык ишкананын иши тууралуу кеңири маек болду. 

Суусамыр айыл аймагынын кире бериши жасалгаланды

Суусамыр айылынын кире бериш жерине айылдын аты жазылган арка коюлду. Бул арканы Суусамыр орто мектебин жыйырма жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлѳр тарабынан коюшту. Азыркы учурда арка орнотулуп бүтүп айыл тургундарына …

Бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошту

Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май  “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү.  Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү. 

Жергиликтүү бюджет тууралуу түз эфирде маек угулду

28-майда Суусамыр FM жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» уктуруусунун алкагында «Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы» тууралуу маек курулду. 

Райондук мугалимдер сынагынан Суусамырлык мугалим 2-орун алды

Жайыл районунда ѳтүлгѳн “Жыл мугалими”сынагынан Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бакаева Асель Садыбакасовна  2-орун алды. Бул сынак Жайыл районундагы бардык мектептердин арасында ѳттү.

Жергиликтүү депутаттар айыл өкмөтүнүн адистеринин ишин укту

Бүгүн 21-майда жергиликтүү кеңештин кезектүү 17-сессия болду. Жыйынга 19 депутат катышып, күн тартибинде Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистеринин 2017-2018-жылдар үчүн аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу, “Суусамыр FM” радиосунун иштери тууралуу маалыматын …

Жергиликтүү кеңештин милдеттери түз эфирде талкууланды

“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган түз эфирдеги талкуу болду. Бул уктуруу “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып, Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланууда. 

Таза суу алган кудуктар ачык бойдон калууда

Жайыл районунун Суусамыр айылындагы таза суу түтүктѳрү бузулуп, жанындагы кудуктардын оозу ачылып калганына беш жылга чукулдап калды. Айыл тургундары ичинен чака менен суу тартып алууга мажбур. Буга чейин биз бул …

Суусамырлык Айдатка Кадыржанова космонавт менен жолукту

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Айдатка Кадыржанова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугуп, кыялы орундалды. 

Эскерүү кече болуп өттү

Бардык жерлерде майрамдык эскерүү кечелери уюштурулгандай эле, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында да 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Тынчтык» паркында чакан эскерүү кече болуп өттү. 

Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңешке барып келишти

26-апрелде Суусамыр айылдык Кеңешинин 20 депутаты жана айыл өкмөт башчысы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып келишти. 

7 жаштагы Айдатка космонавт болгусу келет

Чүй облусунун Суусамыр айылында жашаган Айдатка Кадыржанова келечекте космонавт болууну каалайт. Ал бул кесипке Салижан Шарипов тууралуу маалыматты окуп таасирленгенден кийин кызыга баштаган.

Республикалык сынакта суусамырлык мугалим баш байгени багындырды

Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин мугалими Аида Медетбек кызы республикалык сынакта баш байгени жеңип алды.

«Жаш-кербез» таланттуу комузчулар ийрими

Чүй облусунун Жайыл районунундагы Суусамыр айылында Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде «Жаш-кербез» комузчулар ийрими бар.

Окуучуларды таасирленткен документалдуу фильм

13- март күнү Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде окуучуларга арналган документалдык кино көрсөтүлдү. Кино бир сааттан ашык коюлуп, окуучуларды кызыктырды. Фильм балдарга абдан жагып, аягында ортого  салып, талкуулашты. …

Суусамыр айыл өкмөтүнө жаңы автогрейдер алынып келинди

Суусамыр айыл өкмөтүнө жайыттарды жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү башкаруу долбоору аркылуу жаңы автогрейдер алынып келинди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...