Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Суусамырлыктарды жаңы жылы менен куттуктап, жыл сайын арнап келген белектерин өрөөндөгү мектеп окуучуларына, мугалимдерге, мектеп кызматкерлерине, оорукана, айыл өкмөтү жана милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырды.
20-декабрда Суусамыр FM радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Катышуучулардын даярдыгын радио аркылуу угармандар баамдап турушту.
Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.
Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ орто мектептер арасында “Парламент сүйлөйт” радио викторинасынын 3-сезонунун 1-таймашы болуп өттү. Бул жылы адаттагыдай эле биринчилерден болуп, 5 мектептин илим-билим министрлери таймашып, татыктуусу жеңишке жетти.
Суусамыр айылында бир айдан бери айылдык ден- соолук комитетинин кызматкерлери ар бир айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, алардын ден соолугун жана артериялык кан басымын текшерип, анын жыйынтыгына байланыштуу, кээ бир адамдарды …
Суусамыр айыл ѳкмѳтүндѳ ар жылы күз айларында белгиленчү түшүм майрамы быйыл да ѳткѳрүлдү. Адатта бул маараке жылдын октябрь айларында ѳткѳрүлүп келсе, быйыл Суусамыр айылдык кенешинин депутаттарынын токтомуна ылайык 7-ноябрь «Түшүм» …
«Демократия сааты» программасынын алкагында уюштурулган түз эфирдеги маектин бүгунку темасы Суусамыр Жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнө арналды.
Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» программасында айылдагы маанилүү чечимдерди кабыл алган уюмдар жана кызматкерлердин ишмердүүлүгү тууралуу айтылып келет. Бул жолу Суусамыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы …
Суусамырдагы суу түтүктөрү көп жылдардан бери оңдоодон өтпөй келген. Жакында ал түтүктөр оңдоо иштеринен өткөрүлдү. Бирок ал дагы көңүлгө толоорлук эмес.
Суусамыр айылында бир айга геологдор келип, чалгындоо иштерин жүргүзүшүүдө. Тагыраак айтканда, нефти-газын изилдеп жатышат. Бул “Кыргыз геофизика” компаниясы тарабынан аткарылып жатат. Геологдор бир айдын аралыгында нефти-газын чыгаруу планын коюшууда.
Суусамыр FM радиосундагы «Демократия сааты» программасынын алкагында Тунук жана 1-Май айылдарынын башчылары түз эфирде маек курду. Программанын жүрүшүндө айыл башчыларынын эл менен кантип тыгыз байланышта иштеши, ар бир айылда кандай …
Суусамыр айылында Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Буга чейин айылда футбол талаасы болгон эмес, футбол сүйүүчүлөр мектептин артындагы ачык жана шарты жок спорт аянтчасында ойноп келишкен.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Суусамыр радиосунун түз эфиринин «Демократия сааты» программасында “Коомдук интернет” долбоорунун өкүлдөрү Эржигит Имамов жана Исабек Асанбаев Суусамыр айылындагы интернет байланышы тууралуу кенен маалымат беришип, маек курду. Программанын жүрүшүндө коомдук интернет …
Бүгүн 12 — сентябрь күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде биринчи жолу президенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоону тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира уюштуруп, салтанаттуу турдө тизим болду. Шайлоого 10-11 …
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдында салтанаттуу жыйналыш болуп, айылдын өнүгүшүнө салымын кошкон айыл тургундары грамоталар менен сыйланышты.
«Суусамыр FM» радиосунун түз эфиринде маек Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү тууралуу болду. Эфирдин коноктору Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев жана катчысы Асылбек Сапарбеков болушту.
«Суусамыр FM» жамааттык радиосунун түз эфиринде электр тармагы тууралуу түз эфирде маек болуп, эфирдин коногу катары Суусамыр участкалык электр тармагынын жетекчиси ашыр уулу Чынгызбек чакырылган. Программанын жүрүшүндө электр тармагын тейлөөчү …
Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясынын ишмердүүлүгү тууралуу талкуу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө туруктуу агрардык комиссиянын төрагасы Урмат Алыпсатаров жана мүчөсү Муканбет Койчукеев суроолорго жооп беришип, комиссиянын …
«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын алкагында «Кыз ала качуу бул-кылмыш» деген темада, студиянын коногу айымдардын укугун коргоп жүргөн активист айым Айнагүл Мураталиева маек курду.