Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Ноябрь 2015

Тасма: Гүлгүндөй убагында Баткен окуясынан каза тапкан Аваз Дүйшөбаев

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Аваз Дүйшөбаев 1978-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. Айылдагы көчөлөрдүн бири анын аты берилген жана мектептеги окуучулардын уюму да анын атын алып жүрөт.

Учкун: Бала кезинен бери устачылык менен алектенген Чапай Оморов

Учкун айылынын тургуну Чапай Оморов 20 жылдан бери жыгач устачылыгы менен алектенет. Ал өзүнүн устаканасын 10 жыл мурун куруп, дагы деле элге керектүү буюмдарды жасайт.

Тасмада окуучулар табияттын ар кандай кырсыктарына дярданышууда

Учурда Кыргызстан аймагында жер титирөөлөр болуп жатканына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Сопиев атындагы мектебинде окуучулары жер титирөөгө байланыштуу иш чара болуп өттү. Бул иш чара жыл сайын, кээде ай …

Тасмада келечекте кесип тандоо боюнча семинар болуп өттү

Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 9-10-11-класстар үчүн окуу болуп өттү. Бул окууну Германиянын DW Akademie Eurasia уюму каржылап, Жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцациясы (АОСМИ) уюштурду.

Сүлүктүдө эски шахталар чөгүп жатабы?

«Сүлүктү шаарынын аймагы боюнча мурда көмүр казып алган «эски» шахталардын орду чөгүп кетип коркунучтуу жагдай жаралууда» деп жергиликтүү коомчулукта болуп жаткан кептин чын төгүнүн билүү аныктап, атайын адистердин пикирин билип, …

Барскоон: Туура кесип тандоо боюнча тренинг өттү

Тренинг 14-ноябрда Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепбинде өттү. Бул тренингдин негизги темасы кесипти тура тандоо болду.

Кошбулакта ПРООНдун долбоору менен 100 орундуу бала бакча түзүлүүдө

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кошбулак аймактык башкармалыгында ПРООНдун Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү долбоору менен жаңы бала бакча түзүлүүдө.

Учкун: Ош облусундагы жер титирөө айылда да байкалды

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 17-ноябрда түнкү саат 23:29дарда жер титирөө байкалды. Жер титирөө оор кесепетин алып келген жок.

Сүрөт: Учкун айылындагы биринчи кар

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кар 18-ноябрь күнү таңга маал жаай баштады. Аба ырайына таянсак алдыңкы күндөрдө кардын жаашы күтүлбөйт.

Учкундагы тигүү цехи кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоодо

Нарын районунун Учкун айылында «Дастан» тигүү цехинин ачылганына беш жыл болду. Учурда бул мекеме беш аялды жумуш менен камсыздайт.

Куланактагы улакчы жаштар маселе көтөрүүдө

Куланактагы улакчы жаштар жергиликтүү бийликке ат оюндарды мелдештерди уюштурууга жана көнүл бурууга чакырат. Буга чейин айылда көп эле жолу улак тартыш оюну болуп келген. 

Учкун: Ар күнүн кыргызча өткөргүсү келген америкалык ыктыярчы

Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыктыярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.

Учкунда жаштар өздөрү демилгелеп улак тартыш уюштурууда

Кыргыздын улуттук оюндарынын бири улак тартыш оюну Учкунда 2-3 жылдан бери ойнолбой калган эле. Буга кайдыгер карабаган айылдык жаштар улак тартыш оюнун кайрадан жандандыра баштады.

Баетов: Света эже гүлдүн бир канча түрү менен бирге лимон, мандарин жана калемпир өстүрөт

Баетов айылынын тургуну Света эже бир канча жылдан бери үйүндө лимон, мандарин жана болгар калемпирин өстүрүп, түшүмүн алып келет.

Сүлүктүгө эл аралык деңгээлдеги журналисттер эмне максат менен келди

Бүгүн 17.11.2015-жылы Сүлүктү шаарана атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, Эл аралык деңгээлдеги журналисттер: Рамиз Мешедигасанлы мырза менен Хокума Халилова келди.

Учкун: “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагында бүтүрүүчү класс башкы орунду алды

Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.

Куланак: Базарда малдын баасы төмөн

Нарын облусу боюнча Ак-Талаа районунда жума күнү, Ат-Башы районунда жекшемби күндөрү мал базар болуп турат. Куланак, Учкун айылдары жума күндөрү Ак-Талаа районуна барбастан эле жол боюна чыгып малдарын соодалашат.

Грек-рим күрөшү боюнча райондук мелдеште куланактык балбандар баш байгени алды

Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.

Бирдик айылынын Жапаркулов көчөсүн оңдоо үчүн шагыл төгүлдү

Бул тууралу Бирдик айыл башчысы Мырзабеков Сагынбек билдирди. Иш чараны наам ээлери, тактап айтканда аталган инсандын уул кыздары өткөрдү. Эске салсак көчөгө бул ысым 2007-жылы ыйгарылган, бул убакытка чейин «Ынтымак» …

Жаштардын жаркын окуясы ЖаштарКемп2015 Баткен шаарында белгиленди

Баткен шаарында жаштардын жаркын окуясы «ЖаштарКемп 2015» 14-ноябрда белгиленди. Аталган иш чарага 350 жаш активисттер катышты.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...