Ноокат шаарындагы «Венус» той салону ишке киргендигине аз гана убакыт болгондугуна карабастан, кардарларынын саны күн сайын өсүүдө.
Бүгүн 9-декабрда Терек-Суу айылында алгачкы кар жаады. Биринчи кар айыл тургундарынын кѳӊүлүн кѳтѳрүүдѳ.
Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде ишембилик болуп өттү. Мектептин айланасында таштанды чогулуп калгандыктан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Терек-Суу айылынын ооруканасында көп жылдан бери жылуу суу маселеси чечилбей келет. Ал тургай муздак суу да кээ бир учурларда чыкпай калат. Бул учурда оорукананын тазалык кызматкери кыйналаарын айтат.
Терек-Суу айыл ѳкмѳтүнүн имаратындагы жылуулук системасы жаӊыланды. Кыш мезгилинде имараттын ичи суук болгону кызматкерлерге кыйынчылык жаратып келген.
Куу-Майдан айылынын айылынын тургуну Мадраимов Абдрашит беш жылдан бери саяпкерлик онору менен алектенип келе жатат. Азыркы убакта атканалары эскилиги жетип калганына байланыштуу жаңы ат каналарды куруп жатат.Жаңы курулган аткана 7 …
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде учурда олимпиадага даярдык жүрүп жатат. Бул райондук денгээлдеги олимпиада 10-11-декабрда Токтогул районунда ѳтмөкчү.
Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майдан айылындагы аттарды таптаган саяпкер жаңы атканаларды куруп жатат. Жаңы курулган аткана жети жылкыга ылайыкташтырылган.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундары жылуу полдорду орнотуп жатышат. Муну менен тургундар кыштын суугунун алдын алууга камданууда.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде 7-декабрда кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы “Мээрим” бала-бакчасында көптөн бери көйгөй жаратып келген таза суу маселеси чечилди. Бул жергиликтүү бийликтин жана “Суу өмүр булагы» долбоорунун негизинде ишке ашты.
Жакында Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын жолдору толугу менен оңдолуп, айыл элине кубаныч тартуулады. Эми айылдын негизги жолу менен район борборуна барчу жолдо айдоочулар кыйналбай калганын айтышат.
Буга чейин Шаңкол айылында унаа оңдоочу жайдын жоктугунан тургундарга район борборуна барууга туура келчү. Эми жаңы тейлөө борборунун ишке кириши менен жашоочулар шаарга барбай эле айылда унаасын оңдото алышат.
Ноокат районунун Шаңкол айылындагы дары булак Совет доорунда изилденген. Ага ылайык адамдын организимине пайдалуу витаминдерге жана темирге бай экени аныкталган.
Ноокат районундагы Тургунбай Садыков атындагы академиянын алдында түзүлгөн Көркөм сүрөт мектеп интернатынын жатаканасы 18-ноябрда ишке берилди.
Куу-Майдан айылынын тургуну Айбек Аширбеков беш жылдан бери айылдаштарын көмүр менен камсыз кылып келе жатат.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында элди жана имараттарды селден коргоо иш чаралары жүрүп жатат. Иш чаранын башталганына бир айдай убакыт болду.
Буга чейин Дары-Суу айылынын тургундарына суунун тартыштыгы бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген.
Терек-Суу айылында ВИЧ СПИДке каршы айылдар арасында конкурс болуп өттү. Бул конкурска Терек-Суу жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнөн беш айыл катышып, Чолпон-Ата айыл өкмөтү жеңишке жетти.
Бүгүнкү чыгарылышта таланттуу ырчы, бийчи, комузчу, гитарада ойногон айыл тургундары жөнүндө айтып бермекчибиз.