Сумбула № 8028 шайлоо участогуна 24-август күнү ток боюнча текшерүүчүлөр келди. Анда Мирлан Жураев жана бир топ адамдар көрдү.
Кошбулактагы «Камчатка» аймагынын негизги автомобиль жолуна биринчи жолу капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды.
Бир канча күндөн бери Талас шаарынынын негизги жолдору оңдоп түзөлүүдө. Мындай иштерди көрүп, шаарыбыздын жашоочулары кубанып жаткан учуру.
Уулажан апа Ахунжанова Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал азыркы күндө 90 жашка толуп уул кыздардын, неберелердин сый урматын көрүп олтурат.
“Шыралжын” алтын кени казыла баштаса, Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын тургундары таза сууга зыяны тийиши мүмкүн деп кооптонууда. Ишкананын жетекчилери болсо, кооптонууга эч кандай негиз жок деп билдирүүдө.
Жалал-Абад облусундагы Ооган-Талаа айылынын дарыгерлери авариялуу деп табылган оорукананын имаратында иштөөгө аргасыз, анткени аларда медициналык кызматтарды көрсөтүүгө башка имарат жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Жусубали Исаев бүгүн 24-август күнү Андарак айылына иш сапары менен келди. Андарак 2 орто мектебине спорт зал курууну баштады.
Шайлоочулардын тизмелери илинип, кабарлоо жазылып, участкалык шайлоо комиссиясынын мучолору тарабынан кабарлоолор таркатылды.
Нарын шаарынын жашоочусу Адилат Сапарбаева жиптен кийим токуйт. Учурда атайын бизнес окутуу борборун да ачкан. Анын бир тармагында токуу боюнча сабак өтөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы «Инфраструктура мира и политический диалог» долбоорунун өкүлдөрү Кошбулак аймактык башкармалыгына күтүүсүз жагдайда долбоорлордун аткарылуусуна байкоо жүргүзүү максатында келишти.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, коомдук ишмер Баба Салямовдун элесине арналган футбол 21-август күнү башталды. Футболго жыйырма төрт каманда катышты.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Жайлоо бала бакчасы-2015” долбоорунун алкагында Барскоондо бакча ачты. Сырт өрөөнүнүн Караколка айылчасында 8-августта “жайлоо бала бакчасы” ачылып, жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурду.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 21-сентябрь, 2015 Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огомбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (21-сентябрь …
«Таза көчө таза коом демилгеси» менен Кошбулактын Деканов көчөсүнүн тургундары ишембилик өткөрүп айлана чөйрөнү тазалады.
Бүгүн Талас шаарындагы жааматтык радио «Радиомосттун» толкунунда «Жергиликтүү тургундардын Кыргызстан жана Казакстан чек арасына болгон мамилеси» темасындагы түз эфир болуп өттү. Радио берүүнүн максаты, чыр-чатактардын булактары менен факторлорун азайтуу жана …
Андаракта төрт жылдан бери пахта жана койдун жүнүн тытуучу ишкана иштеп келет. Ишкананы ачкан Асан Марипов жана иштөөчү Асатов Мизамидин. Техниканы атайын чет өлкөдөн алган.
Эл Аралык Республикалык институт, Борбордук Шайлоо Комисиясы жана USAID колдоосунун астында «Менин тандоом» долбоору түндүк региондору боюнча өз ишин Талас жергесинен баштады.
Кошбулактагы Д. Жороев- Кенжебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы «балдар үчүн ойноо» аянтчасы түзүлдү. Демилгечилер жана демөөрчүлөр Кенжебаев көчөсүнүн тургундары болушту.
Сумбула айыл өкмөтүнүн сессиясы 15-август күнү болуп өттү. Ага айыл өкмөттүн кызматкерлери жана айылдын депутатары катышты. Сессия өкмөттүн имаратынын чоң залында болду.
Тогуз- Торо онуктуруу фонду тарабынан Сары- Булун айыл аймагынын айыл окмотунон долбоор даярдалып, 6 млн 790 мин сомдук комбайн алынып келинди.