Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: ottuk

Кыздарга билим алууга аралык тоскоол эмес

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучулары Сумая Темирбекова жана Нурайым Кадырова айылдан Нарын шаарына барып бий ийриминен билим алышат.

Оттук айылында жолдор түздөлүп, көчөлөр кеңейтилет

Нарын районуна караштуу Оттук айылында Кары Курманов атындагы борбордук көчөгө шагыл төшөлүп, түздөө иштери жүргүзүлдү. Бул боюнча Он-Арча айыл аймагынын айл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Мамбеткулов төмөнкүлөрдү билдирди.

Оттук айылында «Мыкты гүл бакча» сынагы жыйынтыкталды

Күз мезгилинин келиши менен Оттук айылында  «Мыкты гүл бакча» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Белгилей кетсек, бул сынак айылдагы Аялдар кеңеши тарабынан жаз мезгилинде жарыяланып, айыл ичинде жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу максатын …

Балдарга жаңыча ыкма менен билим берген агай

Казыбек Мамырканов студенттерге Вальдорф педагогикасынын негизинде сабак берет. Ал ар бир студенттерге жекече мамиле кылып, шыгына жараша кол өнөрчүлүктү үйрөтүп келет. Айрым балдар жүндөн сүрөт тартууну кааласа, айрымдары сайма сайганды, …

Казан-Куйган айылында ишембиликтер башталды

8-октябрь күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Мында жамаат айылдагы борбордук көчөлөрдү жана мектептин айланасын тазалоо иштерин жүргүздү.

Өмүрүн окуучуларга арнаган Шаршен агай

Ардактуу эс алууда болсо дагы Шаршен агай окуучуларга сүрөт ийримин ачып, талыкпай билимин берип келет. Сүрөт ийрими аркылуу Шаршен агай окуучуларды дизайнерлик кесипке багыттайт.

Сүрөт: Жайыт жерлер жылдан жылга азайууда

Жаз айларынан баштап күз мезгилине чейин адамдар жайлоого чыгып, тиричилик кылып келишет. Жылдан жылга жайыт жерлер  азайып, чөп чыкпай такыр калган жер тилкелеринин саны күн санап өсүүдө.

Нарындагы заманбап күнөскана

Нарында студенттер күнөскананын нымдуулугун, жылуулугун текшерип туруучу электрондук аппаратты курап чыгышкан. Мындай аппарат адамдын кароосу жок эле күнөскананы өзү сугарып, өзү жылытып турат. Нарында мындай автоматташтырылган аппарат алгачкы жолу жасалды.

Зомбулукту токтотуу үчүн коом тарбияланышы керек!

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылдык китепканасында  айыл эли үчүн зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар өтүлдү. Семинарды Казан-Куйган айылынын айылдык кеңешинин депутаты, Аялдар кеңешинин төрайымы Зуура Токтакунова жана китепканачы Аксана …

Кол күрөш менен алектенген ага-ини

Кол күрөш же башкача айтканда армрестлинг Кыргызстанда анчалык популярдуу эмес болгондуктан, бул спорттун түрү боюнча машыктыруучулар жокко эсе. Сыймык Тилек уулу учурда армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал өз тажрыйбасын жайылтып, …

Токулган оюнчуктар балдарга эстетикалык тарбия берүүгө салым кошот

Бегайым Тилек кызы декреттик өргүүдө бош отурбастан балдар үчүн оюнчуктардын түрүн түйүп сатат. Ал кол өнөрчүлүк менен бала кезинен алектенип келет. Учурда Бегайымдын оюнчуктарына буйрутма бергендердин саны күн санап көбөйүүдө.

Оттук: Бала бакча балдарды кабыл алууга даяр

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасы жаңы окуу жылына балдарды кабыл алууга толугу менен даяр болду. Жаңы окуу жылына карата Ага Хан фонду тарабынан бала бакчага кошумча  балдарды …

Сүрөт баян: Медиа ыктыярчылары жаңы билимдерге ээ болушту

Нарын районуна караштуу Оттук, Казан-Куйган айыл аймагындагы Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары атайын окуудан өтүштү. Бул окууда алар видео жана фото материалдарды даярдоо боюнча тажрыйба топтой алышты. Алар Кыргыз Республикасынын …

Оттук айылындагы заманбап китепкана

Жергиликтүү бийликтин депутаты Мыскал Байгазиева Оттук айылына заманбап китепкана салдырды. Бул убакытка чейин айылда китепкананын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Учурда китепканага Оттук жана Казан-Куйган айылынын тургундары келип, китеп окуй …

Жерге-Тал айыл эли таза суу маселесин чечип жатышат

Айылда таза суунун жетишсиздигенен улам Жерге-Тал айылынын тургуну Жолдошбек Кадыров айылдаштары менен бирге таза суу чыгаруу демилгесин көтөрүп чыккан . Учурда айылда 15 үйдөн таза суу чыгып, элдин сууга болгон …

Санарип жана универсалдуу мугалим болуу замандын талабы

Республика боюнча Санарип академиясы тарабынан уюшулган «Санарип мугалим-Дубай 3» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, мыктылары аныкталды. Сынакка жети облустун мугалимдери катышып, беш мугалим Дубайга, он мугалим Ташкентке, он мугалим Ысык-Көлгө жолдомо утуп …

Нарындагы алгачкы жолу ачылган клининг сервис

Индира Мөндүрбаева Дөбөлү айылында жашап, Нарын шаарында тазалоо кызматын көрсөтүүчү топту түзгөн. Бул чакан топто учурда ондон ашуун кыз-келиндер иштеп күнүмдүк акча табышат. Мындай тазалоо кызматы Нарын жергесинде алгачкы жолу …

Студенттер жана окуучулар арасында Жашыл экономика акциясы өткөрүлүүдө

Нарын токой чарбасынын демилгеси аркылуу  «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмеси жана  «Жердин балдары» уюму менен биргеликте Каратал токойчулугунун Кызыл-Үңкүр коктусунда 2023-жылдын жаз айларында карагайларды отургузууга атайын жер тилкеси …

Элеттеги депутат: «Балдарга билим керек, балдарды колдоо керек!»

Аида Карыпбаева Нарын районуна караштуу Жан-Булак айыл аймагынын депутаты. Ал былтыр 30% квотанын аркасында шайланып келген депутаттардын бири. Элеттик депутат өз ишинде балдардын билим алуусу жана социалдык маселерге көңүл буруп …

Аудио: Кыргыздын унутта калган тамак-аштары

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүнүн кызматкери Нарынкүл Чебулдиева кыргыздын унутта калган тамак-аштарын жаш кыз-келиндерге үйрөтүү керек деп эсептейт. Себеби, адамдардын көбү тез татымдарга, башка улуттун …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...