Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: ottuk

Ала качуу — менин тагдырымды талкалады!

33 жаштагы Айдай ала качуу менен турмушка чыгып, өзүнүн башынан өткөргөн окуясы, тагдыры тууралуу баяндап берди.

Окуучулар ашпозчу кесиби менен жакындан таанышышты

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучулары туура тамактануу боюнча жаңы маалыматтарга ээ болуп,  бир күн болсо дагы ашпозчунун кесибине ээ боло алышты. Мындай шартты мектептин …

«Мектеп 2030» долбоорунун алкагында кандай иштер аткарылууда?

«Мектеп 2030» долбоорунун координарторлору Илмира Шерматова жана Назгүл Курманбекова Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине долбоордун алкагында мониторинг жургүзүү максатында келип, окуучулардын иштерине күбө болушту.

«Информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы» долбоору ишке ашат

Бишкек шаарында 4-9- апрель күндөрү  «Насаатчылык колдоо аркылуу информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы» долбоору боюнча насаатчылардын жолугушуусу өткөрүлдү. Бул жолугушууну БААУнун астындагы Билим берүү институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо …

Жаш ыктыярчылар медиа маалыматтык сабаттуулукка ээ болушту

Балыкчы шаарындагы «Мезгил закымдары» жамааттык  мультимедиа борборунун жаш ыктыярчыларына медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча тренинг өтүлдү. Бул тренинг тажрыйба алмашуу максатын көздөп, аны «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова жана …

«Устат-шакирт» борборунун лагери окуучулардын чыгармачылыгын арттырат

Нарын шаарында «Устат — шакирт» борборунун «Умтул театр» тармагынын 4 күндүк жазгы лагери болуп өттү. Ага Жумгал, Ат — Башы, Нарын райондорунун мектептеринен окуучулар жана жетекчи мугалими катышышты. 

Мугалимдер коронавируска каршы эмдөөнүн 3-дозасын ала башташты

Учурда мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге  коронавируска каршы эмдөөнүн 3-дозасы сайыла баштады. Эмдөөдөн өтөөрдө ар бир адам атайын медициналык кароодон өтүп, ден соолугуна карап эмдөөлөр жүргүзүлдү. Айрым мугалимдерде сасык тумоо байкалып, …

Бийик тоолуу аймактарда эмне үчүн жүрөк оорулары көп кездешет?

Бийик тоолуу аймактарда жүрөк оорулары көп кездешет. Анын себептери жана алдын алуу боюнча Казан-Куйган айыл аймагындагы “Шалтаева Айнек апа” атындагы оорукананын башкы дарыгери Замир Эсенгулов төмөнкүлөрдү билдирди:

Казан-Куйган: Нооруз майрамына карата ыр кесе болуп өттү

Казан-Куйган айыл аймагында жыл сайын Нооруз майрамын бир көчөнүн тургундары кезек-кезеги менен өткөрүп келишет. Бул жылы айылдын Орозбек Бекжанов атындагы көчөсүнүн жашоочулары  айыл элине майрамдык маанай тартуулай алышты.

Кыргыз-Казак эл аралык айтышында Оттуктун кулуну баш байгеге ээ болду

Майра Керим кызынын 60 жылдыгына арналган Кыргыз-Казак эл аралык айтышында Оттук айылынын кулуну Кутман Садыбакасов баш байгенин ээси боло алды. Айтышка эки мамлекеттен биригип, жалпы 16 төкмө акын катышышкан.

Пандемиядан кийинки беткап таштандылары көбөйдү

Коронавирус пандемиясы дүйнөнү каптап, оорунун шарттарына ылайык ар бир адам бет кап тагынып жүрүүсү талап кылынган. Бирок адамдар колдонулган бет каптарды  таштанды катары туура, кайра иштетүүгө ылайыктап ыргытпагандыктан  дүйнөдө бет …

Ыктыярчылар үчүн университетке саякат

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде  18-март күнү медиа борборлордун ыктыярчылары үчүн атайын экскурсия уюшулду. Бул экскурсияга Нарын районундагы иш алып барган 14 медиа бурчтардын жана 3 жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери, …

«Устат-шакирт» борбору окуучуларды бекер окууга чакырат

Нарын районуна Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 9-19-мартына чейин «Устат-шакирт» борборунун ыктыярчылары Табихат Русланова жана Гулина Калыгулова окуучуларга атайын бекер  окууларды өтүп беришти.

Видео: Долон ашуусундагы «Оттук капчыгайы»

Нарын облусунун эң кооз жерлеринин бири Долон ашуусундагы «Оттук капчыгайы». Капчыгайда ар түркүн жаныбарларды, дары өсүмдүктөрдү, канаттууларды кездештирүүгө мүмкүн. Жайкысын бул аймакта жайлагандар көп. Туристтерге, меймандарга жаратылыш койнунда эс алууга  …

Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагынын жайыт комитети бир нече долбоорлор менен иш алып барып келет. Пандемия күч алган маалда долбоорлорду да ишке киргизүү бир кыйла кыйынчылыктарды алып келгенин Казан-Куйган …

Оттук: «Кыргызстан айымдары» китебине кирген ардактуу апалар

Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышева тарабынан чыгарылган «Кыргызстан айымдары» китебине Оттук айылынан бир катар алдыңкы айымдар киргизилген.

Оттук: Китепканада «Бирге окуйбуз!» сынагы болуп өттү

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада «Бирге окуйбуз!» сынагы уюштурулду. Сынакка 3,4-класстардын окуучулары апалары менен бирге катышышып активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Оттук: Ак калпак парады

Нарын районуна караштуу Оттук айылында 5-март күнү «Ак калпак» аттуу парады болду. Мындай көрүнүш жыл сайын окуучулар арасында болуп келет. 

Казан-Куйган: Мекемелер арасында «Ыр кесе» уюшулду

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында мекемелер арасында «Ыр кесе» уюшулду. «Ыр кесе» алгач Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамаатына сунулуп, 4-март күнү Айтбек Муканбетов атындагы маданият …

Информатика мугалимдери Азиядагы Америка университетинин Билим берүү институтунан билим алышат

Республика боюнча 150 мектептин информатика мугалимдери Азиядагы Америка университетинин Билим берүү институту тарабынан уюшулган IT-мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу программасынын алкагында билим алышат. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...