Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: ottuk

Айжан Султанбекова: «Кесип тандоо келечегиң үчүн эң маанилүү кадам!»

Айжан Султанбекова И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыиз мамлекеттик медициналык академияда педиатр тармагынан билим алып, ишкерлик кылып жаткан учуру. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле химия сабагын жакшы өздөштүрүп, олимпиадаларга даярданып, …

«Мектептер 2030» долбоору. Тамчылатып сугаруу жана жашылдандыруу актуалдуу маселе

26-апрель күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебине «Мектептер 2030» долбоорунун алкагында  Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматчысынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева, MSDSP Ага-Хан фондунун …

Ишкер айым Динара Салиева боюнча презентация жасалды

Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлнара Кенжеш кызы медианын кабарчыларына ишкер айым Динара Салиева боюнча презентация жазады.

Малика Эсенгулова: “ЖРТга даярдануу мага көп сапаттарды калыптандырды”

Малика Эсенгулова учурда Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде психология тармагында окуйт. Ал 9-класска чейин Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алып, кийин Нарын шаарындагы кыздар медресесин аяктаган. …

Ишкер Динара Салиева: “Айылдарда чет тилин үйрөтүүчү курстарды ачуу керек”

Динара Салиева Орусия мамлекетинин Новосибирск шаарында жашап келет. Ал жолдошу менен биргеликте “ДИВА” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) түзүп иш алып барышат. Динара айым Ош Технологиялык университетинин Эл аралык мамилелер факультетин …

Окуучуларга ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация жасалды

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова 9-класстын окуучуларына ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация тартуулады.

«Кыялымдагы Кыргызстан» форумуна катышкан жаштар

28-ноябрда Бишкек борбор калаада президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу республикалык жаштар форуму  өткөрүлдү. Бул иш-чара маданий программа менен башталып, Кыргызстандын ар кыл тармагынан ийгиликке жетишкен өкүлдөрү катыша алышты.

Демилгелүү айымдардын башын бириктирип, кайрымдуулук фонд ачкан Наргиза Ибраимова

Наргиза Ибраимова Орусиянын Новосибирск шаарында 15 жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Ал жолдошу менен бирге соода түйүндөрүн ачып, Кыргызстандан, Кытайдан, Түркиядан, Түркмөнстандан товарларды алып келип сатышат. Учурда Наргиза айым демилгелүү …

Ишкер айым Насыйкат Муканбетова боюнча презентация жасалды

Усупбекстан жамааттык мультимедиа борбору учурда ишкер айымдар долбооруна катышып жатат. Борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова чет өлкөдө ийгиликтерди жараткан ишкер айымдар тууралуу позитивдүү материалды даярдоо менен биргеликте окуучуларга аларды тааныштыруу иштерин …

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду

25-октябрь күнү Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, аялдардын демилгелүү тобу, мектеп жетекчилиги, социалдык педагогдор, ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте чыр чатактын алдын …

Ишкердик кылууда эң биринчи кезекте коммуникабелдүүлүк талап кылынат

Насыйкат Муканбетова Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында ишкерлик кылган айымдардын катарын толуктап келет. Ал учурда “ Charlotte Tilbury” сулуулук компаниясында тренер болуп эмгектенүү менен бирге макияж жасоону үйрөтүүчү мектебин ачкан. …

Окуучулар ишкер айым Жаңыл Баишева менен таанышышты

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борбору даярдаган Чет өлкөнү шырдак менен багындырган Жаңыл Баишева макаласындагы ишкер айым менен таанышышты. Материалды борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова Оттук айылынын окуучуларына презентация аркылуу көрсөтүп берди. 

Аудио: Балага колдоо көрсөтүү анын ийгиликтерине өбөлгө болот

Бала тарбиялоодо ата-эненин ар бир кыймыл аракети эң маанилүү роль ойнойт. Балага туура багыт берүү, кубаттоо менен анын оюн уга билүү, анын кызыкчылыгын эске алуу, тандоо укугун берүү, баарына бирдей …

Чет өлкөнү шырдак менен багындырган Жаңыл Баишева

Кийиз, шырдак кыргыздын материалдык улуттук баалуулуктарынын бири. Дал ушул баалуулуктарды муундан муунга үйрөтүп, атүгүл бүткүл дүйнө жүзүнө таанытып жаткан Жаңыл Баишева 29 жылдан бери бул ишти аркалап келет. Жаңыл Баишева …

Үй-бүлөдөгү теңдикти сактоо менен ынтымакты бекемдесе болот

Азыркы убакта үй-бүлөдө теңдик мамилени колдоо маанилүү кадамдардын бири. Ошону менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлө мүчөлөрүнө тандоо укугун берүү, алардын пикирин эске алуу менен иш аракеттерди жасоо дагы чоң …

Америкалык Уильям Оттук айылында окуучуларга чет тилин үйрөтөт

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде окуучулар америкалык Уильям Женкинс (William Jеnkins) менен иш алып барышууда. 22 жаштагы Уильям Кыргызстанга Американын Вирджиния штатынан келген. 

Айыл ичиндеги көбөйгөн таштандылар экологияга терс таасирин тийгизүүдө

Айыл ичиндеги баш аламан ыргытылган таштандылар, чирибеген желим бөтөлкөлөр экологияны кирдетпей койбойт. Мындан улам ар кандай оорулар да козголушу мүмкүн. Учурда таштанды көйгөйү айыл тургундарынын демилгеси менен аз да болсо …

Юрист: Алимент төлөөдөн баш тартуу, өз баласынан баш тартуу

Алимент төлөөдөн баш тартуу менен ата же эне мыйзам чегинде ата-энелик укуктарынан ажырайт. Ал эми баланын укуктары ата-энесине карата сакталып кала берет. Ата же эне баладан баш тартса дагы, баласы …

Үй-бүлөлүк мүлккө кыз жана балдардын бирдей тиешеси бар

Балдарды келечегин куруу ата-эненин милдети. Ал эми кээ бир учурларда кыздардын үй-бүлөлүк мүлккө тиешелүү эмес кылып коюу, алардын кийинки жашоосуна сөзсүз таасирин тийгизет.

Өлкө боюнча 120 кыз STEM багыты боюнча тренер болот

“Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоор Кыргызстандын 7 аймагында ишке ашырылат: Кызыл-Кыя, Ноокат, Сузак, Аламүдүн, …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...