Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: sonkol

Жылкылар электрондук базага катталды

Төлөк айылындагы жылкылар электрондук базага катталды. Анда ар бирине чип басылат.

Төлөк-мал киндиктүү жер

Кочкор районун Төлөк айылы район борборунан алыс жайгашкан, айыл тургундары дээрлик мал менен алектенет. Андыктан айылда төрт түлүк малдын саны барган сайын арбып барат.

Видео: Мугалимдер күнү белгиленди

«Соң-Көл» орто мектебинде жалпы 30 мугалим эмгектенет. Алардын көпчүлүгүн жаш мугалимдер түзөт. Ал эми 6-октябрь күнү окуучулардын уюштуруусу менен чакан концерттик номер тартууланды.

Видео: Тил майрамы жыйынтыкталды

«Соң-Көл» орто мектебинде бир айдан бери «Тил майрамы» өткөрүлүп келе жаткан. 6-октябрь күнү бул майрам ынтымакка чакырган таймаш менен жыйынтыкталды.

Сүрөт баян: Мыктылар сыйланды

Төлөк айылында 1-октябрь «Карылар күнүнө», 5-октябрь «Мугалимдер күнүнө» карата Соң-Көл айыл өкмөтү тарабынан чакан концерттик номер даярдалган. Анда сый тамак уюштурулуп, мыктылар сыйланды.

Сүрөт баян: Карылар күнү белгиленди

«Соң-Көл» орто мектебинин Балдар өспүрүмдөр уюму 1-октябрь «Карылар күнүнө» карата Төлөк айылындагы ата-апаларды майрамы менен куттукташты. Аларга чакан белектерин тапшырып, ал-абалдарын сурап келишти.

Төлөк: Баткенге жардам штабы ачылган

16-сентябрь Баткен окуясы башталганда 17-сентябрда Соң-Көл айыл өкмөтүндө ыкчам штаб ачылган. Штабга атайын комиссия түзүлүп, айыл элинен келген жардамдарды кабыл алып башташкан. Штаб бир жума көзөмөлдө болуп, ал жерге келген …

Жакырчылыктан чыгуу максатында 3 үй- бүлө 100 000 сом жөлөк пул алышты

Өлкө аймагында жакырчылыктан чыгуу максатында жөлөк пул алган жарандарга 100 000 сом бериле баштаган. Бул боюнча Төлөк айылында үч адам алды.

Ишкер: «Айылда тигүү цех иштетип, жумушсуздукту жеңсе болот»

Кочкор районунун Төлөк айылында жумушсуз кыз-келиндер көп. Ушундан улам айылда ишкер Мурат Дүйшекеевдин жардамы менен тигүү цехтерин иштетип, көйгөйдү чече башташкан.

Соң-Көл: Тил күнү белгиленди

«Соң-Көл» орто мектебинде 23-сентябрь «Мамлекеттик тил»  күнүнүн 33 жылдык маарекеси белгиленди.

Төлөк: Помидор өстүрсө болот

Төлөк айылы райондун борборунан 60км алыстыкта жайгашкан. Климаты катаал, бийик тоолу айыл. Айыл тургундары дээрлик дыйканчылык менен алектенишпейт. Бирок аракет кылса болот.

Мекемелерге толугу менен көмүр келип түштү

Соң-Көл айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекемелерге экинчи каттам менен толукталып көмүр келип түштү. Жалпы көмүрдүн келгени ар бир мекемеге көзөмөл менен жеткирилип түшүрүлдү.

Төлөк: Жаңы ФАПтын курулуш иштери башталды

Төлөк айылында жаңы ФАПтын имараты курула баштады. Бул имарат мындан бир жыл мурун түптөлгөн. Курулуш иши бир айга созулуп, ноябрь айында толугу менен бүткөрүлөт.

Төлөк: Айыл тургундарынын ден соолугу туруктуу

Былтыркы жылга салыштырмалуу айыл тургундарынын ден соолугу  быйыл жакшы.  Олутту ооруулар менен катталгандар аз. Бирок кант диабети, кан басымы жогору болгон адамдар дагы деле каттоодо турат. Алардын көрсүткүчтөрү нормалдуу.

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

Соң-Көлдүн балыктары акыркы жылдары сатыкка чыкпай калган, анын бирден-бир себеби, көлдө балыктардын азайышы, ал гана эмес дээрлик жокко эсе болуп калышы. Жана ушул өндүү маалыматтар менен бүгүнкү «Соң-Көл баяны» подкастыбыздын …

«Соң-Көл» мультимедиалык борборунун жаңы ыктыярчылары окуудан өтүштү

14-сентябрь күнү «Соң-Көл» мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга  медиа-тренинг өткөрүлдү. 

Подкаст: «Соң-Көл баяны» жайыт маселеси

Соң-Көлдөгү жайыт маселеси бүгүнкү күндүн көйгөйү, малдын көп сандап келиши жерлерди боз топуракка айлантып, такырлантууда. Бул маселени чечүүдө мамлекет дагы кайдыгер карабашы керек. Бул боюнча бүгүнкү коногубуз Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин …

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

«Соң-Көл баяны» подкастыбыздын 4-бөлүгүндө көлдү байырлаган канаттуулар, алардын акыркы мезгилдерде сейрек кездешип  бара жатышынын себептери жөнүндө маалымат аласыздар. Берүүнү Айпери Марлес кызы алып барат. Берүүнүн коногу Каратал-Жапырык коругунун директордун орун …

Подкаст: «Даам»

«Даам» подкасты улуттук тамак-аштар, унутулуп бара жаткан кыргыз ашканасы жөнүндө маалымат берет.Подкастты Кочкор районунун Төлөк айылындагы  «Соң Көл» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысчы Айпери Айбек кызы даярдап алып барат. Подкасттын 2-сериясында …

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери ар дайым айылдын тургундары, мектеп окуучулары менен биргеликте Соң-Көлдү сактоо максатында иш-чараларды өткөрүп келет. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...