Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: sonkol

Гиннес китебине кирүү үчүн узуну 100метрлик шырдак жасалууда

Нарын облусунун 70тен ашуун уз айымдары Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кыргыздын улуттук шырдагын каттоо үчүн 100метрлик шырдакты чеберчилик менен жасап жатышат.

Подкаст: «Соң-Көл баяны» Каратал-Жапырык

Айтылуу Соң-Көлдө бир нече өсүмдүктөрдүн түрү өсөт, бирок алар барган сайын жай өсүп, ал гана эмес жоголуп бара жатышы бүгүнкү күндүн көйгөйү. 

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

Кыргыз элине белгилүү болгон «Соң-Көл» көлү кимди гана суктандырбайт. Жайкысын көз жоосун алган бул жерге нечендеген туристтер келип, эс алып кетишет. Аны менен катар жайлоого чыккан малчылардын саны да барган …

Соң-Көл: Комуз күнү-комуз менен коштолду

«Соң-Көл» орто мектебинин таланттуу окуучулары 9-сентябрь «Комуз күнүнө» карата чакан концерттик номер тартуулашты.

«Соң-Көлдү сактайлы» аталышындагы акция уюштурулду

Акциянын алкагында «Соң-Көл» жамааттык мультимедиалык борбору тарабынан 9-сентябрь күнү «Соң-Көл баяны», «Соң-Көлдү сактайлы!» аталышында чакан баракчалар даярдалып, айыл тургундарына таратылды.

Ыктыярчылар Нарынга барып подкаст даярдоо менен экскурсияга чыгууга да үлгүрүштү

«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары 8-сентябрь күнү Нарын шаарындагы Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери менен жолугушуп, «Соң-Көл баяны» аталышындагы подкаст даярдоого материал топтошту. Аны менен катар облустук деңгээлде чыгып жаткан Теңир-Тоо гезитинин …

Кышка карата камылга көрүлүп бүттү

Төлөк айылы алыскы тоолу аймакка кирет. Ал жактын климаты суук болгондуктан дыйканчылык кылууга мүмкүн эмес. Бирок кышында малдарга бир аз болсо да тоют камдап алуу мүмкунчүлүгү бар.

Таза суу-таза аймак

Төлөк айылына америкалык инвестор тарабынан таза суунун резервуарына атайын Испаниядан хлоратор алынып келинип бугүнкү күндө коюлууда. Бул иш-чара жазында суулардын курамын текшеруудөн улам келип чыгып, толугу менен оңдоо иши керек …

Аудио: Жайлоолорго малдар үчүн туз таратылды

Жайлоодогу малдар күз жакындаган сайын айыл этектеп кача баштайт. Андыктан, ошол малдар үчүн атайын Жайыт комитетинин уюштуруусу менен жыл сайын туз таратылып келет. Быйыл да бул иш аткарылды.

Тема: Кочкордун күнөсканасында өскөн кулпунайы

Кочкор районун Кочкор айылынын тургуну Орозобек Салмоорбеков Кара-Суу айылына күнөскана ачып, анда жаңы ыкма менен кулпунай өстүрө баштаган. Климаты жагынан картошка, алма менен белгилүү болгон Кочкордо кулпунайды өстүргөндөр сейрек кездешет.

Видео: «Менин Соң-Көлүм» фестивалы

Айтылуу Соң-Көл жайлоосунда 12-август күнү «Менин Соң-Көлүм» аталышындагы экологиялык максаттагы фестиваль өткөрүлдү. Фестивалдын шартында ар бир чабандарга жайлоону сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, театрлаштырылган чакан оюн менен коштолду. Андан сырткары …

Видео:Жайлоого чакан ГЭС куруп алган Жеңишбек

Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну Жеңишбек Муктарбек уулу Кашка-Суу жайлоосуна үй-бүлөсү менен жайлап келишет. Ал жайлоодогу шар аккан сууга чакан ГЭС куруп алган. Андан чыккан электр тогу жарыгы жок жайда …

Төлөк: СПИД илдетине анализ алуу башталды

Республика боюнча СПИД оорусун жуктуруп алгандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, өлкөдө жалпы анализ алуу иш-чарасы башталган. Бул иш-чара Төлөк айылында да жүрүп жатат. Айыл тургундарына доктурлар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, …

Төлөк: Маданият тармагында алгылыктуу иштер жүрүп жатат

Соң-Көл айыл өкмөтүндө бир нече жылдан бери Кең-Суу маданият үйүндө саналуу гана кызматкерлер эмгектенет. Маданияттын мыкты кызматкери Сабира Сарыгулова маданият үйүн жетектейт. Акыркы жылдары маданият тармагына Айылдык Кеңештин депутаттары акча …

Сүрөт баян: Соң-Көл айыл өкмөтү алыскы жайлоолордогу малчылардан кабар алып келди

Төлөк айылында 60ка чукул чабан алыскы жайлоолорго барып, жайлап келишет. Алардын 30га жакыны алгачкы жолу алыскы Соң-Көл жайлоосуна көчүрүлгөн. Анын себеби, ички жайлоо деп саналган 13 гектарга чукул жерлерге мораторий …

Элеттик ойлоп тапкыч Таалайбек

Таалайбек Өзүбеков оор жумуштарды жеңилдетүү үчүн бир нече шаймандарды жасаган. Анын үй тиричилиги, айыл чарба иштерине керектелчү шаймандарын айылдаштары да колдонот. Элеттик ойлоп тапкыч аз эле каражат коротуп, изденүү менен …

Төлөк: Ун жана суу май эмгек акы катары таратылды

Төлөк айылындагы чакан долбоордун негизинде эмгек акы катары берилүүчү ун жана суу майлар 36 үй-бүлөгө таратылып берилди.

Соң-Көл: ЖРТ жыйынтыгы айрымдарына кубаныч тартуулады

Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде 2022-жылы 11-классты 26 окуучу аякташты, алардын 12си кыздар болсо, 14ү эркек балдар. Ал эми ЖОЖго тапшыруу үчүн мамлекет тарабынан уюштурулган ЖРТнын босого баллынан 7 окуучу …

Видео: Айылдык кыз-келиндерге кол өнөрчүлүк үйрөткөн Сымбат

Кочкордун Төлөк айылынын тургуну Сымбат Кудайбергенова көз жоосун алган түймөлөрдү түйүп, аларды сатып, киреше табат. Ал жакынкы убактан бери кыз-келиндердин суранычы менен атайын чакан курс ачып алган. Бул курска айылдык …

Жайлоолорго көп малдын келиши менен жер кыртышы бузулуп бара жатат

Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...