2023-жылдын 22-мартында «Жыл мугалими-2023» кароо-сынагынын өрөөндүк туру болуп өттү. Бул сынакка катышкан «Соң-Көл» орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Медина Тилебалдиева катышып, 2-орунду ээлеп, райондук турга катышууга жолдомо алды.
«Соң-Көл» орто мектебинин англис тили мугалими Асел Шаршенбек кызы сынактын негизинде Америка Кошмо Штатынын Калифорния шаарына 2 айга билимин жогорулатууга барып келди.
«Соң-Көл» орто мектебинде 300кө чукул окуучу билим алат. Билим уясы заман талабына ылайыктуу жаңы техникалар менен жабдылып жатат, бирок окуучулар суукка карабай сыртта дене тарбия сабагын көңүлдүү өткөрүшөт. Ал эми …
Төлөк айылында Көк бөрү оюну көп жылдардан бери ойнолуп келет, бул ирет курама топту жаңыртуу максатында улуттук оюн жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Төлөк айылында зордук-зомбулукту болтурбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү.
Кумшекер акыркы бир жылда баасынын туруктуулугун сактай албай жатат. Жогорку баасы 100сомдон ашып кеткен да учурлар болгон. Бүгүнкү күндө райондун борборунда 85сомдон сатылууда. Бул баа көп колдонгондор үчүн кымбатка турат. …
«Соң-Көл» орто мектебининде 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата 7-10-класстар аралык мырзалар арасында оюн-зоок таймашы болуп өттү.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Табигый илимдер» декадасынын 10 күндүк иш чарасы мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыкталды.
Төлөк айылында кан басымы жогору турган 30 адам атайын каттоодо турушат. Алар дайыма көзөмөлдө турушуп, доктурлардын сунушу менен дары-дармек колдонушат. Көпчүлүгү улгайган адамдар болгондуктан дарыны атайын такси кызматынан алдырышат. Күн …
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.
«Сон-Көл» айыл өкмөтүндө Кочкор ройондук админстрациясынын башчысы акимдин катышуусу менен элдик жыйын өткөрүлдү.
Кыш мезгили келип ар бир үй-бүлө өз шартына карап кышкыга бодо малдан «Согум» даярдап алат. Бул тээ илгерки ата-бабалардан келе жаткан салт. Бирок бүгүнкү күндө «Согумду» кышкы шерине тамак катары …
Нарын облусунун Долон ашуусунда 11 жол кызматкерлери эмгектенет. Алардын алды 41 жылдан бери иштеп келсе, жаш ишкерлерине 5-6 гана ай болгон. Жаштардын бул жумушка чыдабай кетип калышы жумуштун оордугу жана …
25-ноябрь күнү «Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларына чакан конкурс жарыяланган. Анын жыйынтыгы 23-январь күнү чыкты.
Сары-Булак айылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 264 чакырымында жайгашкан. Бул жерде 26 жыл мурун балык сатуу бизнеси башталган. Балык сатуу бизнеси үчүн 10дон ашык соода-түйүндөрү курулган менен бүгүнкү күндө 6-7 гана жерде …
Республиканын көпчүлүк айылдары мал киндиктүү калк болгону менен айылдарда курут анча көп өндүрүлбөйт, себеби, курут жасоонун түйшүгү оор жана көп убакыт талап кылынат. Ал эми курут жасала турган сүзмөлөр жай …
Төлөк айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенишет. Кышкысын сырттан сатып келген тоют менен багышса, жаз, жай, күз айларында жайыттарды пайдаланышат. Андан сырткары, Кочкор районунун айрым айылдарынан акыга мал алып келишип, …
Соң-Көл орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар аралык иш-чара өткөрүлдү.
Төлөк айылынын тургуну Чолпон Сокубашова сүмөлөктү мыкты жасайт. Ал Ноорузда жасалуучу сүмөлөктү көп жылдан бери жасап жүрөт.