Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 1987-жылы курулуп, союз тарагандан бери ишке кирбей калган Бучук сугат сууну жөнгө салуу бассейни ишке кирди. Мындай ишти колуна алган Жеңишбек Талантбек уулу 5 айдан …
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы негизги көчө деп саналган Исмаил уулу Акмат көчөсү толугу менен жарыктандырылды. Көчөгө коюлган жарыктардын саны 26 даана. Ал жалпысынан 1500 м жерге коюлду. Бул долбоор …
Нарын облусунун Кочкор районундагы «Соң -Көл» жалпы орто билим берүү мектебинде 15-Февраль «English week» жумалыгына карата 5-7-класстар арасында таймаш болуп өттү. Ага ар бир класстан топ түзүлүп, 4 турдан турган …
“Соң-Көл„ мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга медиа тренинг өткөрүлдү.
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылына чоң жолдун боюна айлана-чөйрөгө туура кам көрүү багытындагы баннерлер орнотулду. Баннерлерди орнотуу иши жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 60ка чукул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө деп каттоодо турушат. Аларга айрым убактарда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп турат. Кышка карата таратылган көмүр ошол …
Төлөк айылынын жаштары атайын чогулуш өткөрүп, «Төлөк биримдиги» аталышындагы коомдук фонд түзүштү. Фондго айылдын жаштары өз ыктыяры менен мүчө болушту. Уюмдун негизги максаты элге материалдык жардам көрсөтүү. Айылдагы малы бар …
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы Сон-Көл жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры толугу менен алмаштырылды. Бул демилге Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылды.
Новосибирск шаарында «АнДар» аталышындагы медициналык борбор мындан 8 жыл мурун ачылган. Аталган борбордо ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат. Аны Ош облусунан барган Клара Курбанова жетектейт. «Соң-Көл» жамааттык …
Клара Курбанова Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борборду мындан 8 жыл мурун ачкан. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат.
Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борбору ишкер айымдар тууралуу макалаларды даярдап келет. Алардын бири Германиядагы IT тармагында иш алып барган Нурзадаа Макеева тууралуу материал даярдалган. Ал материалдын негизинде 9-10-11-класстарга презентация өткөрдү.
Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботторду программалоо менен алектенет. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen-und Anlagenbau аттуу заводдук индустриялык машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп кызмат кылат.
«Соң-Көл» орто мектебинин 10-11-класстарына Соң-Көл медиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы «Ийгиликти кантип жаратса болот?» деген темада электрондоштурулган семинар-сабак өткөрдү. Мында Москвадагы Гулнур Темиркулованын ишмердиги, ийгиликтери, кесипкөйлүгү жөнүндө сөз болду.
9-класстан баштап бизнес менен алектенип баштаган Гулнур Темиркулова ишкерлигин Москва шаарынан уланткан. Алгач сулуулук салонун иштетсе андан ары өз билимдери менен бөлүшүп окуу курсун дагы ачкан. 7 жылдан бери бир …
Кесип тандоодо көпчүлүгү сыртка чыгып иштөөнү тандашат. Алардын көбү жогорку билим албай эле күнүмдүк жумушта иштеп акча тапса болот деген түшүнүктө жашашат. Бирок, чет жака билим издеп же алган билиминин …
Германияда ар кыл кесипти аркалап иштеп жаткан кыргыздар арбын. Алардын арасында мугалимдер көп. Мугалимдер билимин ар тараптан өнүктүрүп бир нече сабактан бере алышат. Алардын бири Назгүл Сатаева бир нече жылдан …
Самыйбек Осмоев менен жубайы Жылдыз Асанакунова көп жылдан бери этнотуризм жана кол өнөрчүлүк менен алектенип келишет. Алар университеттин көркөм графика бөлүмүн бүтүрүшкөн. Учурда Тоң районундагы “Алмалуу” этно-айылды биргеликте дүйнөгө таанытып …
Мектепти аяктап өз кесибин издеп шаарга агылган студенттердин саны миңдеп саналат. Алардын азы балалык кыялдарын ишке ашырып, өз кесиптерин табышса, айрымдары аргасыздан башка эле кесипти тандап калышат. Анын натыйжасында окууну …
Ветеринардык кызмат Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун аткаруучу агенттиктеринин бири. Бул долбоор Нарын районунун Чет-Нура айылында эффективдүү иштеп келет. Ветеринарияга келген ар бир …