Учкун: Айыл тургунунун күнөсканасына сапар

Жалпы аянты 200 квадрат метрди түзгөн бул күнөскананы Айбек Мусалиев мындан эки жыл мурда курган. Алгачкы жылы бадыраң жана помидор өстүрүү менен баштаган болсо, быйыл лимон менен баклажан кошо өстүрө баштады.
Ооган-Талаа: Айылдын сыймыгы Бактыкан Адбирешова

Жыйырма алты жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жаткан Абдирешева Бактыкан төрт айыл өкмөттүн келин-кыздардына кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге Үй-бүлөлүк дарыгер тобунда да эмгектенип келет.
Предотвращение конфликтов и постконфликтное восстановление
Публикация ЮНЕСКО. СМИ: Предотвращение конфликтов и постконфликтное восстановление.
«…Много конфликтов возникает из-за недостатка в обществе свободы слова и слабого участия граждан в политических процессах.»
Орок: айылга жаңы автобус каттамы ачылды
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан тарта Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында биринчи жолу автобустук каттам ишке кирди. Айыл тургундары автобустун эрте токтоп калып жаткандыгына нааразы болууда.
Жал: Мультимедия борборуна Европарламент өкүлдөрү келди

Жал айылында Мобилдик мультмедия борборунун ишмердүүлүгү менен танышуу максатында Евробиримдиктен атайын өкүлдөр келишти. Мындан бир топ убакыт мурда ачылган борборубуз жана кандай ийгиликтерге жетишкендигибиз тууралуу презентация жасап алар менен тааныштырдык.
Токтоян: Айылдык чогулушта жазгы жайыт маселеси талкууланды
Токтоянда айылдык чогулуш болду. 8-апрелдеги курултайдын башкы маселесине жазгы иш чаралар жана мал чарбасы тармагында иштер киргизилди. Мында айыл тургундарынын жайыттар боюнча ой пикирлери жана сунуштары угулду.
Ооган-Талаа: Кара-Үнкүр дарыясынын жээгин суу алып кетүү коркунучу бар

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Нурдинович эгерде дарыянын жээги бекемделбесе, суу ашып кетип ошол жердеги суу кампасына кооптуулук жарата тургандыгын жана бул иштерди жалпы айыл тургундары аткарып жаткандыгын маалымдайт.
Куланак айылында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди
Нооруз майрамы мугалимдердин «Сармерден» оюн-зоок кечеси менен коштолду. Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.
Куланак: Жеңишгүл Султанова сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнап келүүдө
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси, бир нече жолку Нарын областтык, райондук кеңешинин депутаты Жеңишгүл Султанова өзүнүн сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнады.
Куланактын окуучулары Нарын райондук «Жаш талант» фестивалына жолдомо алды

Окуучулардын талантын өркүндөтүү максатында Нарын районуна караштуу Куланак өрөөнүнүн «Жаш талант-2014″ кароо-сынак фестивалы Учкун айылында болуп өттү. Куланак айылынан барган окуучулар алдыңкы орундарды багынтып, Нарын райондук фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Ооган-Талаа: Бешинчи март – ак калпак күнү

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстанда эң маанилүү күн. Анткени кыргызды кыргыз кылган «Ак калпак» дешет.
Ооган-Талаа: Айыл тургундары кыштын суугунан улам отун ташууда

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кыш оор болду. Февраль айында аба ырайы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу отун жетишпестиги келип чыкты.
Ооган-Талаа: 2014-жылга карата айыл планы

Айылыбыздагы мобилдик жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү айыл өкмөткө барып, быйыл жасоочу иштери туурасында суроо салды. Айыл өкмөттөн билдиришинче, 2014-жылы Могол айыл аймагындагы айылдарда төмөнкүдөй жумуштар аткарылмакчы.
Аудио: Кара-Сууда айылдык ден-соолук комитетинин кызмат көрсөткөнүнө алты жыл толду
Кара-Сууда айылдык ден-соолук комитетин (АДК) 2007-жылы Швейцариянын жараны негиздеген. АДКнын чет өлкөлүк донорлордун колдоосу менен кызмат кылып келе жатканына алты жылдын жүзү болду. Бул тууралуу АДКнын жетекчиси Гүлнур Дүйшөнкулова менен маектешип келдик.
Ооган-Талаа: Бий сынагында аймактык мыктылар аныкталды

Айылдагы №17 мектептин 6-9-класстарынын арасында үч багытта бий сынагы болуп өттү. Индия бийин аткарган кыздардын тобу мыкты деп табылып райондук сынакка жолдомо алышты.
Кызыл-Булак: Тургундар быйыл айыл өкмөттөн эмнелерди күтөт?

Кулатов айыл өкмөтүнүн борборунда жайгашкан Кызыл-Булак кыштагынын жашоочуларынан, айыл жетекчисинен быйыл эмне жумуш жасап беришин сураганыбызда, көпчүлүгү биринчи кезекте жол маселесин чечип берүүсүн айтышты. Бирок айрымдары айылда маданий-спорттук имараттардын жетишпестигин айтып, ага карата атайын максаттуу иш-чаралардын жүргүзүлүүсүн каалашкандыктарын билдиришти.
Куланак: Аралбаев мектебинде муз аянтчасы даярдалууда
Айылда муз аянтчасынын курулушунда мектеп мугалимдери Бейшенбек Иманов жана Жекшен Абдышүкүровдордун эмгеги зор. Агайлар кышкы каникулда эмгектерин жумшап балдарга муз аянтчасын даярдашты.
Ооган-Талаа: Талжырга көчөсүндөгү жар кооптуу абалда

Ооган-Талаа айылынын Талжырга көчөсүндөгү чоң жар буга чейин көчүп бир топ айыл тургунун үй-тамсыз калтырган. Анын азыркы абалы туурасында айыл тургундары кооптонуп жаткандыгын билдиришти.
Кызыл-Булак: «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү
Конкурска тогуз мектептин 8-9-классттарынын алты окуучусу бир команда болуп катышты. Атайын аны кыргыз тил мугалимдери жетектеди.
Кызыл-Булак: Беш айыл үчүн бир балдар бакчасы
Биздин Арык теит айылындагы «Нур» бала бакчасы 2004-жылы ачылган. Бул бала бакчага беш айылдан балдар келет. Себеби башка айылда бала- бакча жок. Учурда балдар мектепке чейинки билимди ушул жерден алууда.








