Учкун: Акайдын апасына арналган тартуусу жеңишти камсыздады
Учкун айылынын бутуруучусу Акай Орозкожо уулу бир жыл мурда кымыз бышыруучу Бишкек ойлоп тапкан.
Анын ачылышы учурда Акайга Кыргыз Техникалык Университетинин каалаган бөлүмүнө өтүүгө жолдомо алып келди.
Куланак: Макый ата көчөсүнүн тургундары таштандылардын алынуусун каалашат
Макый ата көчөсүнүн жашоочулары төрт жылдан бери короосуна жакын төгүлгөн таштандылардан зыян көрүп жаткандыгын айтышты. Учурда аталган көчөнүн жашоочулары арыз даярдап, аны айыл өкмөткө жана санэпид борборго жөнөтүүнү мерчемдөөдө.
Куланак: Айылдагы сейил бак жеңиш майрамына карата коңдолуп түзөлүүдө
Көп жылдан бери оңдолуп түзөлбөгөң айылдагы Орозакун уулу Аскарбек атындагы сейил багы бүгүнкү күндө уулунун жана айыл өкмөттүн колдоосунда оңдолуууда.
Токтоян: Музыка боюнча семинар болуп өттү
Токтоян айылынын А. Коёнкөзов мектебинде «Музыка жан дүйнөнүн азыгы» аттуу семинар болуп өттү. Бул семинарга райондун 25 мектебинен мугалимдер келип катышты.
Куланакта түтүктөр эскиргендиктен таза суу үзгүлтүк менен берилет
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Куланак айылында ичүүчү суунун бат-баттан токтотулушу тургундардын турмушуна кандай таасир этүүдө, деген суроого жооп алуу үчүн диктофон менен фотоаппаратыбызды алып көчөгө чыктык.
Куланакта селден улам жергиликтүүлөр жабыр тартууда
Эки күнгө созулган жаан-чачындын айынан Куланакта сел каптоодо. Бул жаратылыш кубулушунун натыйжасында Куланак айылынын тургундары жаз мезгилинде жабыр тартууда. Айыл башчы жолдордун оңдолбой жатканын каражат тартыштыгы менен түшүндүрөт.
Ооган-Талаа: Быйылкы бүтүрүүчүлөр эмнелерди максат кылышат?
Айылдагы Сатыбалды Далбаев орто мектебин 11-класстары билим уясын толук бир айдан кийин аякташат. Бүтүрүүчү класстардын келечек максаттары кандай, эмнелер жөнүндө ойлошот, кызыгып сурап көрдүк. Төмөндө айрым окуучулар менен болгон маегибизди сунуштайбыз.
Куланак: Асылбек Жусупов беш жылдан бери балдарын жалгыз багып өстүрүүдө
Асылбек байке Куланак айылынын тургуну. Анын жубайы Дүйшөгүл эже кредиттен кутулуу үчүн Орусияга иштеп кеткенден тарта беш жылдан бери үч баласын өзү багып келе жатат.
Жал: Айылда таза суу аптасына бир жолу берилет + аудио
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Орок айыл аймагында бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аймактардагы суу түтүктөрү СССР убагынан бери жаңылана элек. Учурда суу түтүктөрдүн тешигинен суу сызып агып жаткандыктан, келген суунун белгилүү бөлүгү жолдо эле жок болууда, дейт айыл аймагынын башчысы Аида Бейшенова.
Аудио: Кара-Суу орто мектебинде Жайыл райондук китепканачылардын семинары болот
Семинардын аталышы «Китепкана толеранттуулукка тарбиялоонун территориясы». Аталган семинарда Чүй облусунун Жайыл районунан толугу менен 44 мектептен китепканачылардын катышуусу күтүлүүдө жана ал 24-апрелде болмокчу, деп билдирди Кара-Суу орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нургүл Алиева.
Жал: Таштандынын айынан ооруга чалдыккандар арбын
Мурда айылдын жашоочулары таштандыларын Төмөнкү Орокто жайгашкан ойдуңга ыргытып келген болсо, 1990-жылдан бери ал жай жабылган. Учурда тургундар таштандыларды айылдын чеке-белине төгүшөт.
Учкун: мектепте географиялык аянтча курулууда
Нарын районуна караштуу Учкун айылынынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде географиялык аянтча курулууда. Аянтчанын узундугу 30, туурасы 20 метрди түзөт жана бул аянтча балдардын теориялык алган билимин практикада колдонуусуна багытталмакчы.
Куланак: Ичүүчү суусу жок болгон Таштанбек көчөсүнө суучоргосу орнотулду
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын көчөлөрүнүн биринде ичүүчү суучоргосу жок болчу. Алар айыл түптөлгөндөн бери эле ичүүчү сууну жарым чакырым аралыкты басып өтүп алып келишкен.
Уч-коргон — мигранттын балдары: Ата-энебиз Орусияга жумуштап кеткенде үйдө өзүбүз калдык
Уч-коргон айыл аймагынын айылдарында жумушсуздуктун айынан ата-энелер өз балдарын кароосуз таштап кетүүгө мажбур болууда. Андай үй-булөлөр жылдан жылга көбөйүп жатат.
Ооган-Талаанын жаш мигранттары: окуу жайга тапшыра албай иштеп кеткендер менен маек

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жылына кырктын тегерегинде окуучу мектепти аяктайт. Мектеп директорунун айтымында ондой бүтүрүүчү чет өлкөгө иштегени кетет.
Жал: Мугалимдердин тажрыйба алмашуусу үчүн мектепте райондук семинар уюштурулду

Сокулук районуна караштуу Жал айылынын Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде семинар өттү. Анда катышкан мугалимдердин айтымында, семинар өз ара тажрыйба алмашууга жакшы өбөлгө түздү.
Ооган-Талаалык ишкер айым: Ачарчылыкта элге он килограммдан ун бергем
Толгонай Көчкөнбаева “Нооруз” дүкөнүнүн ээси. Ал кырк жылдан бери соода тармагында иштеп келет. Келечекте дүкөнүн кеңейтүүнү пландоодо.
Куланактык багбан: Аракет кылса бизде бардык жемиштер өсөт
Белек Чүкүшов 1995-жылдан бери Куланакта бак өстүрүү менен алектенип келет. Бактарды мал-койго жедирбей, өз убагында жакшы караса Нарында деле бардык жемиштер өсөт, дейт ал.
Уч-коргон: Бала бакчага таза суу керек
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Кадамжай районуна караштуу Уч-коргон айылында “Колосок” балдар бакчасы совет доорунан бери кызмат көрсөтүп келет. Жалпы эле айылдагы таза суу көйгөйү учурда балдар бакчасына да терс таасирин тийгизүүдө. Бакчанын кызматкерлери курулган суучоргосун (Колонка водопроводная) иштетип берсе дешет.
Учкун: Айылда көмүрдүн күйүшүнө ким күнөөлүү?

Айылга 2013-жылы 600 тонна көмүр келип түшкөн. Анын 100 тоннасы сапатсыз күйүп кеткен. Мындай окуя Учкун айылында биринчи жолу жүз берип жаткан жок, буга чейин 2011-жылы да мындай окуя катталган.

















