Ак-Талаада Баткен окуяларынын 48 ардагери бар
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Баткен окуяларынын катышуучуларын эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана Баткен окуяларынын ардагерлери катышты.Алгач курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Суусамыр айылындагы «Суусамыр Нуру» бала бакчасында балдар ойноочу аянтча курулду
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы «Суусамыр Нуру» бала бакчасында балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы курулуп, көлөкөлүү бастырмалар орнотулду. Жаңылануу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Чолпон айылында аялдардын ден соолугун коргоого багытталган акция уланууда
Кочкор районунун Чолпон айылында аялдардын ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу максатында жыл сайын октябрь айында медициналык акция өткөрүлүп келет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган бул иш-чара …
Акталаада ата-энелер жана окуучулар үчүн психологиялык окуулар өтүүдө
Ак-Талаа районунда 27–28-октябрь күндөрү Бишкек шаарынан келген жогорку билимдүү психологдор тарабынан ата-энелерге жана окуучуларга психологиялык окуулар өткөрүлдү.
Новое айылынын окуучулары Жогорку Кеңешке барып, депутат Эдита Тайгараева менен жолугушту
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9- жана 11-класстарынын окуучулары 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таанышуучу сапар жасашты. Жолугушуунун максаты жаштардын дүйнө …
Социалдык медиадагы мамлекеттик тил: өнүгүүбү же тил тазалыгына коркунучпу?
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «И. Раззаков атындагы лицейи» филиалында социалдык тармактардагы мамлекеттик тилдин колдонулушуна арналган дебат өттү. Анда 10–11-класстын окуучулары кыргыз тилинин интернет мейкиндигиндеги өнүгүүсү жана тил тазалыгын …
Канттык 16 жаштагы Кутман Сыргаков эл аралык экологиялык турнирде өзгөчөлөнүп, Казань шаарына чакыруу алды
Кант шаарында 16 жаштагы Кутман Сыргаков уюштурган экологиялык мелдеште 101 адам катышып, жалпы салмагы 1,2 тоннадан ашык таштанды чогултулду. «Евразиялык Тазалык кубогу — 2026» эл аралык турниринин алкагында өткөн иш-чаранын …
Түптө Баткен согушунун ардагерлери ардакталды
Түп районунда Баткен окуяларынын ардагерлеринин эрдигин эскерүүгө арналган иш-чара өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, аскер комиссариатынын кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Күнтуу айыл аймагынан V Элдик курултайга эки делегат шайланды
Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жыйыны өттү. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Руслан Чыныбаев жана Айдай Джолчубекова делегат болуп шайланышты. Жыйын учурунда жергиликтүү инфраструктура, мектеп, жол, …
Токтогулда Баткен окуяларында курман болгон жоокерлер эскерилди
2026-жылдын 26-октябрында Токтогул шаарындагы Борбордук эс алуу багында 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон мекендештерди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Баткен окуяларынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты.
Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди
Мугалимдик кесипти кол өнөрчүлүк менен айкалыштырган Аида «Адеми этно төшөк» ишканасын ачууну көздөйт
Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну, Аида Бекболот кызы мугалимдик кесип менен катар кол өнөрчүлүктү да аркалап келет. Ал улуттук баалуулуктарды сактоо, кыргыз элинин салттуу буюмдарын заманбап үлгүдө жасоо максатында үй …
Канттан V Элдик курултайга үч делегат шайланды: алар кандай маселелерди көтөрүшөт?
24-октябрда Кант шаарында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында үч делегат тандалып, дагы үч талапкер резервге кирди. Жыйын учурунда таштандыны кайра иштетүүчү завод …
Түркияда билим алган Нургүл Султаналиева 45 гектар жемиш багын сактап калууга салым кошууда
Токтогул районундагы 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн мамлекеттен колдоо алган Нургүл Султаналиева жана анын үй-бүлөсү айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Түркияда билим алып, тажрыйба топтогон үй-бүлө …
Тасма айылында жаш балбандар үчүн жаңы күрөш залы ачылды
Айылда жаш муундун ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоо максатында жаңы күрөш залы пайдаланууга берилди. Залдын курулушуна жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары колдоо көрсөтүшкөн. Эми …
Кочкордо билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланып, мектептерге колдоо көрсөтүлдү
Кочкор райондук маданият үйүндө «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен билим берүү тармагына арналган форум өттү. Иш-чарага райондун мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Кочкор: Ормон Хан айыл аймагынан Элдик курултайга үч делегат шайланды
Кочкор районундагы Ормон Хан айыл аймагынан Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Жыйын Кочкор айылындагы «Чолпон» кинотеатрында уюштурулуп, ага 82 өкүл катышты. Жыйынды Ормон Хан айылдык …
Токтогулда 45 гектар бакты сактап калуу үчүн багбанга 30 млн сом бөлүнөрү айтылды
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн багбан Нургүл Султаналиева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Багбан бакты калыбына келтирүүгө 30 миллион сом жардам сураган. Анын айтымында, президенттин …
Каргалык айыл аймагынан Элдик Курултайга эки делегат шайланды
2026-жылдын 24-октябрында Каргалык айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайынын V чакырылышына делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйыны өттү.
Президент Садыр Жапаров Токтогул районуна иш сапары менен барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 24-октябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, районду өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди …
