Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

12 жылдык билим берүүнүн жаңыланган мазмунун жайылтуу боюнча окуу өттү

Кочкор районунун аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мектеринин башталгыч класстар, математика жана табигый илим мугалимдерине 12 жылдык  билим берүүнүн жаңыланган мазмунун жайылтуу боюнча окуу өттү.

2 Сентябрь 2026 жыл 10:20

Токтогул районунун чеберлери жана өнөрпоздору Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда улуттук баалуулуктарды көрсөтүп жатышат

Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Токтогул районунун өкүлдөрү активдүү катышып, улуттук каада-салтты жана өнөрдү жогорку деңгээлде даңазалап жатышат.

1 Сентябрь 2026 жыл 22:19

Кочкордо дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө

Кочкор районунун Кара-Суу айылында учурда дан эгиндерин жыйноо  өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан учур. Түшүм жыйноо негизинен август айында башталып, сентябрь айынын аягында толугу менен жыйналып бүтөт

1 Сентябрь 2026 жыл 15:41

Дөбөлү айыл өкмөтүндө күзгү оруп-жыйноо иштери башталды

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагында 25-августтан тартып күзгү оруп-жыйноо иштери башталды. Бүгүнкү күндө дан эгиндерин жыйноо иштери 30 гектар аянтта жүргүзүлүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 30 центнерди түзүүдө. Мындан тышкары, мал чарбачылыгы …

1 Сентябрь 2026 жыл 15:33

Өнөргө берилгендик: Акман Бекболотовдун чыгармачылык жолу

Жөнөкөйлүк менен эмгекчилдикти, тубаса талант менен өнөргө болгон сүйүүнү айкалыштырган инсандар арабызда арбын. Ошондой каармандардын бири Токтогул районунун Толук айылында туулуп-өскөн, 20дан ашуун обондун автору Акман Бекболотов.

31 Август 2026 жыл 23:37

Атадан калган асыл өнөр: Токтогулдук ууз чебер майрам Минбаева Кырчын жайлоосунда кыргыз өнөрүн даңазалоодо

​Кыргыз эли кылымдардан бери өзүнүн бай маданияты, кол өнөрчүлүгү жана асыл нарк-насили менен айырмаланып келген. Ата-бабадан калган бул ыйык мурасты өчүрбөй, кийинки муунга өткөрүп берүү — ар бир муундун ыйык …

31 Август 2026 жыл 22:04

Түп районунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Түп районунда майрамдык салтанат өттү. Иш-чара Түп айыл аймагындагы «Ак кайың» эс алуу багында уюштурулду.

31 Август 2026 жыл 18:27

Акталаада Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн аянтында майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага район жетекчилиги, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

31 Август 2026 жыл 18:25

Чолпон айылында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрам өттү

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 30-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү. Айыл ичиндеги көчөлөр аралык эстафета салтка айланып, быйылкы майрамды Карыпбек кызы Тамара атындагы көчөнүн тургундары …

30 Август 2026 жыл 22:15

Туз айылында жөжө өстүрүп, киреше тапкан ишкер

Туура кам көрүү, убагында тоюттандыруу жана заманбап технологияларды колдонуу — канаттуу чарбачылыгын кирешелүү бизнеске айлантуунун башкы кепилдиги. Туз айылынын тургуну Саткын Муслимова суткалык жөжөлөрдү туура багып, 5 килограммга чейинки салмактагы …

30 Август 2026 жыл 13:03

Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча экологиялык мониторинг жүргүзүлдү

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылында ишке ашырылып жаткан «Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргойбуз» долбоорунун алкагында Соң-Көлдүн айланасындагы жайыттардын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн абалын аныктоо боюнча комплекстүү экологиялык …

29 Август 2026 жыл 19:17

Чолпон айылында аялдар сүт азыктарын кайра иштетүүнү үйрөнүштү

Чолпон айылында бош отурган келиндерге жаңы мүмкүнчүлүк ачылып, сүт азыктарын кайра иштетүү аркылуу үй-бүлөлүк бюджетти бекемдөө жолго коюлууда. Нарындагы чоңдорду окутуу борбору өткөргөн атайын курс айыл аялдарына чийки сүттү кымбат …

29 Август 2026 жыл 19:05

Түптө билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү

Түп районунда «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү. Иш-чара 28-августта Түп райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында уюштурулду.

29 Август 2026 жыл 18:55

Ак-Талаада жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары жаңыртылууда

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу максатында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын жаңыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

29 Август 2026 жыл 18:50

Кочкордо педагогдордун август кеңешмеси өттү

28-августта Кочкор районунда 2026-2027-окуу жаңы окуу жылына карата «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим -өнүккөн өлкө» аталышындагы  педагогдордун август кеңешмеси болуп өттү.

29 Август 2026 жыл 17:48

«Биримдик кербенинин» катышуучулары Кочкор районунда жолугушту

25-августта «Биримдик кербенинин» катышуучулары тогуз жолдун тоому болгон Кочкор районунун Түндүк-Түштүк  альтернатива айланма жолунда  жолугушту.Аталган жерге өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облусунун кербенчилери чогулушту. Бул иш-чара алдыдагы  VI дүйнөлүк …

26 Август 2026 жыл 9:08

Ак-Талаада оруп-жыюу жана тоют камдоо маалында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо жана тоют камдоо мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Суранбаевдин маалыматына ылайык, бөлүмдүн адистери тарабынан …

26 Август 2026 жыл 9:06

Акталаада педагогикалык кызматкерлердин август кеңешмеси өттү

25-августта Ак-Талаа районунда педагогодор «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы август педагогикалык кеңешмесине чогулушту. Ага район аймагындагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик …

26 Август 2026 жыл 9:04

Чолпон айылында дан жыйноо өнөктүгү башталды

Чолпон айылында күзгү дан жыйноо иштери жигердүү жүрүүдө. Быйыл жаан-чачындуу жыл болгондуктан, түшүмдүүлүк мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла жогору. Дыйкандар арпа менен буудайды коромжусуз жыйнап алуу үчүн талаа жумуштарын ылдамдатылган тартипте …

25 Август 2026 жыл 17:49

Суусамырда «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдарынын ээлерине төш белгилер тапшырылды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдарынын ээлерине атайын төш белгилер тапшырылды.

22 Август 2026 жыл 17:35
Шейшемби
15 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...
Шейшемби
15 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...