Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Гендердик теңчилик

Москвада бизнес ачкан кыргыз кыздары

Уултай Ибраимова 33 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылында туулуп өскөн. Мектепти бүткөндөн кийин Россияга туугандары менен иштегени келген жаш кыз башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Азыркы убакта Уултайдын Москва шаарында …

16 Февраль 2023 жыл 11:58

Үч курбунун Америкада окуу кыялы кантип ишке ашты?

Жылдан жылга чет жакта окуп, өзүн өнүктүргүсү келген жаштардын саны көбөйүүдө жана кыялына жеткендер да аз эмес. Алардын катарын Айбийке Кадырбекова, Айжан Ыкышева жана Насиба Кудайбердиева түзөт.

16 Февраль 2023 жыл 10:34

Эрте никеге туруунун кесепеттери экономикага да зыян келтирет

Кыргызстандагы эн орчундуу көйгөйлөрдүн бири бул-жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу. Ата-эненин кыздардын келечегине кайдыгерлик кылуусу. Талкаланган тагдырлар. Ажырашуунун санынын көбөйүшү. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө да …

15 Февраль 2023 жыл 13:50

Ийгиликти багындыруу үчүн өжөрлүк жана жүз пайыз аракет кылуу керек

Учурда чет өлкөдө өз ишкердүүлүгүн жасап, ийгиликке жетишип жаткан Раушан Алмазова Суусамыр айылында төрөлүп, өсүп, мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайда окуп жүрүп, бизнес ачуу идеясын ойлонуп баштаган. Анткени ал хоббисин …

15 Февраль 2023 жыл 11:18

Сирень Келдибек кызы: Ийгилик сыры кыялда

Нарын районуна караштуу Оттук айылында чоңойгон Сирень Келдибек кызы учурда Туркия мамлекетинде тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүндө менеджер болуп эмгектенет. Алар учурда …

12 Февраль 2023 жыл 11:55

Акталаалык кыздын Австрияга илим издеген сапары…

Акыркы жылдары адамдардын көбү, айрыкча жаштар өздөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылышууда. Ак-Талаа районунун Баетов айылында чоңойгон Мээржан Канатбекова математик болом деген кыялдын артынан түшүп, Австриядагы Вена Техникалык Университетинде кванттык …

9 Февраль 2023 жыл 14:14

Психолог: Экономикалык зомбулук үй-бүлөнүн бузулушуна, балдардын бактысыз болушуна алып келет

Экономикалык зомбулуктан жабыр тарткандардын көпчүлүк бөлүгү — аялдарды түзөт. Зомбулуктун бул түрүнө кабылган аялдар психикалык жактан да жабыр тартышып, ден-соолугунун начарлашы, үй-бүлөсүнүн бузулуу коркунучу астында болушат.

8 Февраль 2023 жыл 11:54

Экономикалык зомбулуктун белгилери кайсылар?

Адатта коомчулукта зомбулуктун башка түрлөрү туурасында талкуулар болуп көңүл бурулганы менен үй-бүлөлүк зомбулуктун бир түрү болгон болгондо дагы кеңири жайылган экономикалык зомбулуука маани берилбей келет. зомбулуктун бул түрүнө ар бир …

6 Февраль 2023 жыл 12:43

Экономикалык зомбулукка кабылбас үчүн каржы булагын түзүңүз

Зомбулук бул-адамдын эркин чектөө, анын үстүнөн бийликке ээ болуу жана башкаргысы келген системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы психологиялык, физикалык, сексуалдык, экономикалык мүнөздөгү иш-аракеттер жана мамилелер. Биз бүгүн зомбулуктун …

3 Февраль 2023 жыл 14:50

Эрте нике жалпы улут жана өлкө үчүн кооптуу

Эрте нике бул-эң биринчи балалыктан, ден-соолуктан жана келечектеги бардык мүмкүнчүлүктөн ажыроо. Тактап айтканда мектепти аяктоо, билим алуу, кесипке ээ болуу потенциалы жоголот. Адисттер эрте никеге турган жаш кыздардын өмүрү тобокелчилик …

3 Февраль 2023 жыл 14:26

Аялды иштөөсүнө тыюу салуу зомбулукка жол ачат

 Көпчүлүк учурда экономикалык зомбулукка кабылгандар эч жакка кайрылышпай үй-бүлѳ ичинде эле калат. Себеби, айрымдар бул маселени зомбулук катары кабылдабай койгонунда.

3 Февраль 2023 жыл 14:20

Экономикалык зомбулукту жеңсе болот

Экономикалык зомбулук деген эмне жана аны кантип жеңүү керек, деги эле көптөгөн адамдар зомбулуктун бул түрүнө кабылганын билбей тескерисинде аны сарамжалдуулук менен байланыштыргандар бар. Басымдуу учурда зомбулуктун бул түрүнө аял …

2 Февраль 2023 жыл 17:49

«16 жашта турмуш куруп ден соолугумдан ажырагам»

Салима Курбанкулова 16 жашында атасынын чечими менен турмушка чыккан. Ден соолугунун жабыркашына эрте жашта турмуш куруу себеп болгон дейт.

2 Февраль 2023 жыл 11:51

Билим алуу жана өзүн өнүктүрүү экономикалык зомбулукту азайтат

Экономикалык зомбулукка иштебей отурган аялдар көп кездешерин эксперттер айтууда. Аялдар өз ишин ачып, бизнес жүргүзсө жеке ишкердик менен алектенсе, акча таап баштаганда күчтүү болот көп маселелерди чечет, маанилүү чечимдерди кабыл …

2 Февраль 2023 жыл 11:48

Дарыгер: Жаш кыздарды эрте никеге туруусунан коргошубуз керек

Жашы жете элек эрте никеге тургузуу баланын укугун одоно бузган болуп эсептелет жана алардын билим алуусун чектеп, кыздын ден соолугуна чоң зыян алып келет. Коомчулук ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүп, …

1 Февраль 2023 жыл 13:54

Экономикалык зомбулук деген эмне?

Экономикалык зомбулук деген эмне? Ал кандай кесепеттерге алып келет?  Бул зомбулуктан кантип коргосок болок? Бул суроолорго Талас шаардык эксперттер жана тургундар кандай жооп берди? Чогуу угуп көрөлү… Айгүл Сакеева

31 Январь 2023 жыл 14:06

Аудио: Экономикалык зомбулукка эркектер да көп учурайт

Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече түрүн кездештирүүгө болот. Физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулук тууралуу көп айтылганы менен экономикалык зомбулук бар экенин жана адам ага кабылып жаткандыгын сезишпейт.

31 Январь 2023 жыл 13:30

Эрте турмуш куруу эне жана наристенин ден соолугуна кооптуу

Жыл өткөн сайын эрте турмуш курууга умтулган жаштардын саны көбөйүүдө, алардын айрымы салтка таянса айрымдары шариятка таянат. Бирок тилекке каршы медицина жана психологиялык жактан зыянга учурап каларын эске алышпайт. Ошондон …

31 Январь 2023 жыл 13:21

Аудио: Аялдар экономикалык зомбулукка дуушар болгонун билбей келет

Аялдардын арасында жаш курактан баштап улгайганга чейин экономикалык зомбулукка дуушар болгон учурлар кездешет. Көп учурларда алар бул көрүнүшкө көнүл бурбай жашап, зомбулукка дуушар болушат.

31 Январь 2023 жыл 10:31

Эрте никеге турган өспүрүмдөргө кылмыш иши козголот

Эрте нике куруу жаш өспүрүмдөрдүн келечегин талкалайт. Социалдык адистер, дарыгерлер жаш кыздардын ден соолугу жыныстык катнашка даяр эместигин айтып келишсе, юристтер эрте никени документтештирүү мүмкүн эместигин айтышат.

31 Январь 2023 жыл 9:06

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...