Суусамыр айыл аймагына маданият үйүнүн курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилип 2019-жылы курулуш иштери күчүнө кирген. Бирок азыркы тапта маданият үйүн куруу иштери токтоп турат.
Чолок-Кайың айылындагы Кум-Арыктын сайына көпүрө куруу иши башталды. “Кемп Ала-Тоо” эл аралык уюму көпүрө куруу үчүн курулуш материалдары менен толук камсыз кылган. Ал эми курулуш иштери айыл тургундарынын күчү менен …
Кош-Дөбө айылындагы С. Шералиев көчөсүнө жаштардын демилгеси менен кечки шам чырактар коюлду.
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында бул жылы аткарылып жаткан иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берди. маалыматка ылайык, көпүрөлөр калыбына келтирилип, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган. Сары-Булуң айыл аймагынын …
Ак-Кыя Көк-Жар суусунун боюндагы көпүрөнүн курулуш иштери 2017-жылы башталган. Буга чейин 11млн сомдук иш аткарылган.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 6 аялдама бар. Учурда ошол аялдамалар таланып-тонолуп, отура турган отургуч, жада калса, үстүн жапкан темир материалдардан бери чыгарылып, кароосуз калган.
10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган ишкана айыл тургундарына ар кандай техникалык кызматтарды арзан көрсөтүп бере алат.
14-август күнү Ат-Башыдагы борбордук аянтчанын бир бөлүгү жасалып бүтүп, ачылышы болду. Бул аянтчаны реконструкциялоо — райондун 90 жылдыгына арналган долбоорлордун бири болуп саналат.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасынын биринчи имараты 2млн 388 мин сомго оңдолуп баштады.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында сырттан келип эмгектенген дарыгерлер үчүн атайын турак-жайдын курулушу башталуу алдында турат. КРнын Саламаттыкты сактоонун “Ардактуу кызматкери”, дарыгер Мамаш Кучкачовго таандык, менчиктештирилген оорукананын эски имараты учурда бузулуп, …
1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.
Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында жаздан бери курулуш, ондоп-түзөө, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Аянттагы соода дүкөндөрү бирдей өңдө сырдалып, куурап калган бак-дарактар кыркылып, жөө адамдар үчүн тилкелер …
Лейлек районунун Сумбула айылында кышка тоют топтоо жана кылкандуу дан эгиндерин өз убагында жана коромжоосуз топтоо максатында сел алган жолдорду оңдоп, габион торчолору орнотулуп, айыл өкмөтү тарабынан иштер жүргүзүлдү.
Нарын районундагы Куланак айылы түштүк тарабынан кара тоо (географиялык аталышы Кошойдун кара тоосу), чыгыштан Ала – мышык тоолору менен чектеш. Айыл тоого чукул жайкашкандыктан кокту колоттордон жайы кышы менен түшкөн …
«АРИС» уюмунун колдоосу менен Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык калктуу конушунан Тамга-Терек жайлоосуна баруучу жолго жаңы технология менен көп жылга туруштук бере ала турган сапаттуу көпүрө салынды.
Азыркы түзүлгөн кырдаалга карабастан Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды жолдоруна шагыл төгүлүп, түзөтүү иштери жүрүп жатат.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын эли ашар жолу менен көпүрө сала башташты.
Мал багып же жер иштетүү айыл тургундарынын басымдуу бөлүгүнүн киреше булагы. Бирок, түйшүктүү оокаттан чарчап, бизнес баштасамбы деген адамдар жок эмес. Төмөндө айылда ачууга мүмкүн болгон бизнестердин түрлөрүн сунуштайбыз.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын таза суу системасы 1960-жылдардын башында курулган, бирок ошого карабай дагы эле иштеп келе жатат. Бирок тилекке каршы көп бузулууга учурайт.
Сары-Булуң айыл аймагына карштуу Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып жана 8 турак үйдүн огороддорун каптаган.