Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Убайдилла Рустамов айылдагы комуз жасаган жыгач уста. Комуз жасоо ал үчүн кесип эмес, ата-бабасынан калган өнөр.
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын 52 жаштагы тургуну Жеңишбек Оконов 20 жылдан бери 4 комбайн курап, аларды дан эгидерин жыйноого колдонуп келет.
Күндөн-күнгө автоунаалардын көбөйүшүнөн улам унаа жуучу жайларга муктаждык жаралат. Барскоон айылында мындай жайлардан бирөө болсо дагы–дагы кардарларды тейлеп, өз иштерин улантууда.
Ооган-Талаа айылында жай мезгилинде гаражда мөмө-жемиштерди алып кургатышат. Элден жемишти беш сомдон сатып алаарын айтат Укубаев.
Кыргызстан жеке ишкердик тармагында мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле жаш мамлекет болуп саналат. Бирок акыркы жылдары орто жана кичи ишкердик өнүккөндөн өнүгүп келет.
Баетов айылында Мэлс Турдалиевдин 80 жылдыгына карата бир туугандары жана балдары футболдук турнир өткөрдү. Эки күнгө созулган бул турнирге жалпы 15 футболдук команда катышып, байге фонду 40 миңди түздү.
Жаңы-Талап айылында Гүлай Эсеналиева жетектеген аялдардын тобу БУУнун өнүктүрүү программасынын негизинде жашылчанын уруктары менен бекер камсыз болушкан. Аларды өз огороддоруна айдап, пайда табышат.
Жаңы Талап айылынын тургуну Макелеев Алтынбек 1998-жылдан бери “Келечек” ветеринардык сервисинин жетекчиси болуп иштейт. Жакында эле Индонезияга мамлекеттин каржылоосу менен барып 1 ай жасалма уруктандыруу боюнча окуп, тажрыйба алып келген.
Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды. Оюн аянтча 2 айдан бери иштеп жатат.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН аялдар» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүрүү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл ишке киришкен.
Куу-Майдан айылында буудай оруу жыюу иштери башталды. Быйыл мөндүр жаап буудайдын данын төгүп койгонуна байланыштуу буудайдын түшүмү жылдагыдай болгон жок.
«Өнөрлүү өлбөйт» демекчи эл арасында өнөрлүү адамдар көп. Алар элдердин муктаждыгын эске алуу менен өз ишин да андан ары улантып жатышат.
Героиня нашей передачи – Дюшекеева Чинара, которая открыла мастерскую по ремонту обуви и обслуживает жителей Таласа уже на протяжении 18 лет. Как призналась героиня, она специально этой профессии не обучалась,
Ишкер айым Мукадас Ибрагимова Үч-Коргон айылында тигүү цехин ачып, тогуздан ашык аялды жумуш менен камсыздаган. Тигүү цехин ачканына жети жылдын жүзү болду.
Кара-Талаа айылына абрикос сатып алуучулар келишип элден түшүмдөрүн алышууда. Ушул тууралуу айыл башы Ашымов Тынчтыкбек агабыздан сураганыбызда абрикос алуучулар жана продукциянын сапаты тууралуу кабарчыбыз Үмүтай Аттокуровага кызыктуу маек куруп берди: …
Бүгүнкү каарманыбыз Ырыс Алиаскарова айылдык ден соолук комитетинде иштеп жүрүп, Швейцариянын каржылоосу менен долбоор жазып, мончо куруу идеясын ишке ашырган. Бүгүнкү күнгө чейин ал ушул мончону иштетип, айыл элинин тазалыгын …
Бүгүнкү биздин каарманыбыз ишкер айым Розухан Нарматова 1 жылдан бери айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылат. Айыл өкмөтү тарабынан ачылган ашканада түрдүү тамак-аштарды жасап эмгек кылат.
Буга чейин айыл тургундары жүндөрүн башка жактарга алып барып, же өз колдору менен көп убакыт коротуп тытып келишкен. Айылга бул жүн тытуучу машина элдин сунушу менен Атрадный айылынан алынып келинип, …
Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип, туристтерге кызмат көрсөтүшөт.
Учурда ишкерликти эңсегендер же өз алдынча иш жасоого кызыккан жаштардын катары көбөйдү. Көпчүлүгү ишкерликтин көнүмүш түрлөрү менен алектенсе, айрымдары жаңы демилге менен кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн сунуш кылышууда.