Бүгүн Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Район боюнча 264 жаран талапкерлигин койгон.
10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Ошентсе да көпчүлүк шайлоочулар жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлаганы келишип, бирок референдум тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришкен.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5529 Ак-Чал шайлоо тилкесинде айыл тургундары шайлоого активдүү катышууда. Шайлоого келген шайлоочулардын маанайлары жакшы, эч кандай мыйзам бузуу байкалган жок.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык №5376 Шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Шайлоого келгендердин маанайы жакшы, эч кандай мыйзам бузуулар байкала элек.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын номер 4051 шайлоо участогунда шайлоо кызуу жүрүп жатат. Шайлоого келген айыл тургундарынын пикири боюнча түшкө чейин шайлоочулардын көбү айылдын улуу муундары келип жатты.
Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылында “Шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук” аттуу семинар болду. Ага айыл тургундары катышып, медиа сабаттуулук, фейк маалыматтар жана шайлоо, Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча маалымат алышты. Иш-чараны катышуучулары …
Ош облусунун Кызыл-Булак айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалымат жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролун талуулашты.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар, ден-соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган, шайлоочулар өзүнүн турган жери боюнча добуш берет.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2-сынакта өзүнүн калеминен жаралган ыры менен 1-орунду багындырды.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, медиа сабаттуулук, фейк маалыматтар жана шайлоо, Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча маалымат алышты.
Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ал Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлү Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору тарабынан ишке ашты. Иш-чарага айыл тургундары катышып, шайлоо өнөктүгүндө маалыматтык сабаттуулук, сынчыл …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана жана маданият үйүнүн …
Кыргызстандагы калкынын саны боюнча экинчи орундагы шаар сапаттуу орто билим алуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү теңсиздик индекси боюнча рейтингде эң акыркы орунга ээ болду. Ош, тактап айтканда, окутуу шарттарын баалаган критерий боюнча өлкөдөгү …
Талас шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү максатында 1998-жылдан бери эле коомдук жайлардагы имараттарга пандустарды коюу иши каралган. Бирок банктарга, соода түйүндөрүнө азыркы күнгө дейре мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу пандустар …
Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга 11 депутат катышты. Кезексиз отурум айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын Жеңишбек Ашымов мектебинин директору Гүлжамал Жаңыбаевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамга ээ болду. Ал мамлекет башчы Садыр Жапаров 125 кыргызстандыкка мамлекеттик …
Бүгүн Ак-Талаа районунун «Бермет-Жал» ат майданында улуттук ат оюндарын сүйүүчүлөр тарабынан облустук деңгээлде ат жарыш оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.