Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Элеттик айымдар шайлоодо талапкер болууга даярбы?

Шабдан айылынын мурунку чакырылыштагы Жергиликтуу Кенешинин депутаты Кармышева Айдайдын катышуусунда аялдардын шайлоого талапкер болушу боюнча маек болду.

21 Октябрь 2019 жыл 22:50

Бала бакчада балдарга билим берүүдөгү тажрыйбалар жайылтылууда

 Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан «Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты баланын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүү менен максатка жете билүү жана «Райондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү …

21 Октябрь 2019 жыл 22:40

Орто Азиядан келген журналисттер подкаст жасоону үйрөнүштү

Тренинг боюнча Казакстандан, Өзбекстандан келген журналисттердин айткандарын төмөндөгү аудиофайлдан угуңуздар: Жанар Максут Кызы, Казакстан Хуршид, Өзбекстан Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

20 Октябрь 2019 жыл 22:46

Суусамырда активдүү жаштар аздык кылат

Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңеште же болбосо мамлекеттик органдарда иштеген жаштар аздык кылат. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев: “Мунун бирден бир себеби, жаштардын көбү шаар жеринде иш …

20 Октябрь 2019 жыл 19:24

Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын ишмердүүлүгү

Кызыл- Булак мультимедиа борборунда айыл башчыларынын ишмердүүлүгү жөнүндө «Демократия сааты» уктуруусунда түз эфир болуп өттү. Конок катары Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл башчылары өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип кетишти.

20 Октябрь 2019 жыл 13:52

Кулатов айыл өкмөтү дагы бир балдар бакча ачууга жетишти

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кулуштан айылында биринчи жолу «Нур-белек» балдар бакчасы ачылды. Бала бакча жалпы 75 балага ылайыкташтырылган. 

20 Октябрь 2019 жыл 10:36

Мыйзам кабыл алынды, мындан аркы аялдардын кадамы

Суусамыр  FM радиосунда Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып жаткан “Демократия сааты” добоорунун алкагында “Аялдардын депутаттыктагы орду, алардын мындан аркы кадамдары” туурасында талкуу болду.

19 Октябрь 2019 жыл 17:22

Нарында өзгөчө таттууларды жасаган ишкер айым

Накена Майрамбек кызы — Нарын шаарынын тургуну. Ал үй шартында чакан ишкерлик менен алектенген айымдардын бири. Тактап айтканда, адамдарга жагымдуу маанай тартуулган, майрам, туулган күндөрдө куттуктоо катары бериле турган – …

19 Октябрь 2019 жыл 15:46

Сүрөтбаян: Башталгыч класстарында «Алтын күз» майрамы өттү

Күз төрт мезгилдин бирине кирет, жалбырактар ар кандай түскө боёлуп айланага ажыйып кооздукту тартуулайт. Күздүн кооздугун башталгыч класстын окуучулары сүрөттө, пейзажда, өз колдорунан жараткан күзгү жасалмаларында тартуулашты.

19 Октябрь 2019 жыл 1:01

Акталаалыктар дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алган Билимбек Капарбек уулун тосуп алышты

Ак-Талаа районунун Баетов айылында күрөш боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алган Капарбек уулу Билимбекти тосуп алышты. Тосуп алуу салтанатына айыл тургундары, жаштар, кесиптештери жана жергиликтүү бийлик …

18 Октябрь 2019 жыл 21:45

Оркестрде скрипкада ойногон кезде Калый Молдобасанов 12 жашта болгон

Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова

18 Октябрь 2019 жыл 21:11

Кулатов аймагында өспүрүмдөр арасында Тилебалды Айбашевдин элесине арналган мелдеш өттү

Жаштар арасында спортко кызыккан балдарды көбөйтүү максатында спорттун футбол түрү боюнча 9 мектептин окуучулары катышкан чоң футбол болуп өттү. Демөөрчү катары Тилебалды Айбашевдин жаркын элесине арналган чоң футболго Айбашевдин уулу …

18 Октябрь 2019 жыл 8:00

Атадан калган кесип

Кыргыз элинин көчмөн жашоосунда жылкысыз элестетүү кыйын. Жайлоого көчүүдө, мал кайтарганда ата-бабаларыбыз кыргыз жылкысын колдонуп келишкен.

17 Октябрь 2019 жыл 22:17

Ноокат району дагы бир жолу «Мамлекеттик тилди» даңазалады

Ноокат районунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата облустук семинар болуп өттү. Семинарга Ош облусу боюнча 7 райондон катышуучулар келип күбө болушту. Ноокат райондук билим берүү тарабынан райондун бардык мектептери тил …

17 Октябрь 2019 жыл 16:32

Сүлүктүлүк жаш мугалимдер дебат өнөрүн үйрөнүүдө

Сүлүктүдөгү жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү мектебинен тандалып алынган мугалимдер дебат өнөрү боюнча көндүмдөрүн калыптандырууда.

17 Октябрь 2019 жыл 15:25

Теңир-Тоодо 30дан ашык айыл биригип футбол ойноодо

Нарын облусунда 30 айылдын башын бириктирген футбол оюну өткөрүлүп келет. Ага 30дан ашык команда катышып, учурда оюндун 3-сезону өтүүдө. Облуста массалык түрдө футбол ойноло баштаганына 1 жылдын жүзү толду. Алар …

17 Октябрь 2019 жыл 10:54

Таттыбүбү Эргешбаева: 21 жашымда “нөл” капитал менен өз ишимди баштадым

Таттыбүбү Эргешбаева 26 жашта. Ал 21 жашында жеке өзүнө таандык “Эргешбаева жана шериктештер”  юридикалык фирмасын негиздеп, ишкерлердин катарын толуктаган. Аталган фирманын ишмердүүлүгү бизнес ачуу жана аны илгерлетүүдө пайда болгон маселелерди …

17 Октябрь 2019 жыл 10:36

Элеттин эмгекчил айымдары

  Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2556 миң калк жашайт, анын 45%ын аялдар түзөт. Көбүнчө айымдар сүт азыктарын сатуу жана иштетүү аркылуу акча табышат. Бул макалабызда айыл жергесиндеги аялдар эмне …

16 Октябрь 2019 жыл 20:28

Сүлүктүдө Ханнс Зайдель Фонду тарабынан тренинг өтүүдө

Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу боюнча тренинг өтүп жатат.

16 Октябрь 2019 жыл 15:07

Мектеп директору күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды багынтты

Ак-Талаа районундагы “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Капарбек уулу Билимбек Грузия шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болду.

16 Октябрь 2019 жыл 12:30

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...