Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Ак-Талаадан чыккан Эл мугалими — Мукаш Базаркулов

Мукаш Базаркулов Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бургѳн аймагындагы Дарбазанын асты деген жерде 1935-жылы  туулган.

24 Октябрь 2016 жыл 16:37

Терек-Суу айылы кышка даярбы?

Терек-Суу айылынын тургундары кышка кандай даярдык көргөнүн билип көрүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк.

24 Октябрь 2016 жыл 15:39

Ооган-Талаада 11-класстар кыз ала качуу темасында тегерек стол өткөрдү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 11-класстардын ортосунда тегерек стол болуп отту. Тегерек стол кыз ала качуу темасына арналды.

22 Октябрь 2016 жыл 17:01

Токтоян: Мөндүрдүн кесепетинен жер-жемиштер жабыркады

Быйыл айылда мөндүр түшүп, жер-жемиштердин көбүн уруп кеткен. Тургундардын алган түшүмдөрү мол болгону менен жааган мөндүрдүн кесепетинен көбүнчө жашылча-жемиштер зыянга учураган.

21 Октябрь 2016 жыл 20:09

Куланакта окуучулар карыларга жардам берди

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-А классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова болуп биргеликте карылар күнүнө карата айылдагы карыяларга жардам беришти.

21 Октябрь 2016 жыл 10:22

Токтоянда жыйып-терүү иштери аяктап калды

Айылга суук түшө баштагандыктан, жыйып-терүү иштери аяктап калды. Токтояндын тургундарынын айтуусунда, быйыл суук жылдагыга караганда эртерээк түшүп, иштер бир аз да болсо бүтүп калган.

20 Октябрь 2016 жыл 21:33

Токтоянда окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы жүрүп жатат

Токтоян айылынын мектебинде окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы жүрүп жатат. Бул айлыкта класстар боюнча эң таза класс, эң тартиптүү класс, эң активтүү класс болуп сынактар жүрүүдө.

20 Октябрь 2016 жыл 20:52

Жал айылынын тургундары кышка даярданууда

Учурда айылдын тургундары кышка даярданып жатышат. Жал жамааттык мультимедия борборунун корреспонденттери айыл тургундарынын кышка даярдыктары тууралуу сурамжылоо жүргүзүштү.

20 Октябрь 2016 жыл 20:00

Нурак Абдрахманов көзү тирүү болгондо 69 жашка чыкмак

Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурак Абдрахманов быйыл тирүү болгондо 19-октябрда 69 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында төрөлүп, өскөн.

20 Октябрь 2016 жыл 16:33

Ак-Талаанын командасы облустук деңгээлдеги алгачкы спорттук мелдеште 2-орунду алды

Октябрь айынын алгачкы жумалыгында агартуучулардын кесиптик майрамы салт катары белгиленип келет. Быйылкы окуу жылында алгачкы жолу агартуучулар арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулуп, облустан Ак-Талаанын командасы 2-орунду алды.

19 Октябрь 2016 жыл 22:29

Токтоянда карылар айлыгы жүрүүдө

Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде карылар айлыгы жүрүп жатат. Бул айда окуучулар класс класска бөлүнүп, улгайган адамдарга өз колдорунан келишинче жардам беришүүдө.

19 Октябрь 2016 жыл 22:26

Токоянда кыргыз тил айлыгына карата кече болуп өттү

Кыргыз тил айлыгы облус боюнча жүрүп жатат. Бул айлыкта кыргыз тили жөнүндө ар кандай дилбаяндар жазылып, кечелер өтүлүүдө. Мындай иш-чара Түп районунун Токтоян айылында да болуп өттү.

19 Октябрь 2016 жыл 21:51

Куу-Майданда айыл өкмөттөр арасындагы волейбол боюнча мелдеш өттү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун элесине арналган Ноокат районунундагы жаштар арасында волейбол боюнча мелдеш Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде болуп өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

19 Октябрь 2016 жыл 16:04

Мектептин жылуулук системасы жаңыртылып жатат

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин жалпы жылуулук системасы жаңыртылып жатат. Буга чейин мектептин жылуулук системасы кышкы суукта үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктарды туудуруп келген.

19 Октябрь 2016 жыл 11:21

Кара-Суу айылынын тургундары кышка даярданууда

Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын тургундары кышка даярдык көрүп, керектүү нерселерди жасап алыштыбы? Бул тууралуу билип көрүү үчүн айылдыктардан сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

18 Октябрь 2016 жыл 21:21

Бакай-Ата: 11-декабрь жергиликтүү кеӊешке добуш берүүгө даярдык

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрь күнү бүткүл республика боюнча жергиликтүү кеӊештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Ага карата аймактык жана айылдык участкалык комиссия мүчөлөрү райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү менен биргеликте шайлоочулардын тизмелерин кайрадан такташууда.

18 Октябрь 2016 жыл 18:37

Бакай-Ата: Бердиш уулу Калмырза Мерген

Бердиш бабабыздын 5 уул 5 кызы болгон, балдарынын улуусу Турумбек 32 жашында каза болуп калат. Аталардын айтымында, Турумбек ата балбан киши болгон экен.

18 Октябрь 2016 жыл 18:33

Сүрөт баян: «Күзгү майрамда» кыздын милдетин аткарган балдар

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде өткөн «Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды даярдап беришти.

18 Октябрь 2016 жыл 18:17

Бакай-Ата районунун тарыхы

1936-жылы 2-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиуму республикага караштуу жаӊы райондорду түзүү жана айрым райондордун административдик-территориялык бөлүнүшүн өзгөртүү тууралуу указын чыгарган.

18 Октябрь 2016 жыл 17:56

Сүрөт баян: Учкундун «ханзаадасы менен ханышасы» аныкталды

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинде 18-октябрда 9-10-класстардын арасында «Күзгү майрам» кечеси болуп, Токсобаев мектеби жаңы ханзаада жана ханышалуу болду.

18 Октябрь 2016 жыл 17:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...