Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн медиа сабаттуулук боюнча мастер-класстар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Кыргызстан боюнча мамлекеттик кызматкерлер үчүн уюштурулган медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча мастер-класстар ийгиликтүү өткөрүлүп, катышуучуларга маалыматты сын көз менен талдоо, санариптик алдамчылыктарды таануу жана фейктерге каршы туруу боюнча практикалык билимдер …

18 Март 2025 жыл 15:33

Ата-энелер мектебинде энелер активдүү катышууда

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 6-а классында «Ата-энелер мектеби» боюнча «Ата-энелер сүйүүсү деген эмне?» темасында ачык сабак өтүлдү.

18 Март 2025 жыл 14:53

Марат Кенжакунов орто мектебинде китеп окуу сынагы болду

Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде 2025- жылдын 15- март күнү Ата-энелер мектебинин алкагында комузчу, обончу, демократ акын Токтогул Сатылгановдун өмүрү чыгармачылыгына арналган ата-энелер арасында китеп окуу сынагы болуп өттү.

17 Март 2025 жыл 14:16

Чолпондо «Атам жана мен» аталыштагы спорттук мелдеш өттү

15-март «Аталар күнүнө» карата «Атам жана мен» аттуу спорттук мелдеш Корчубек Акназаров орто мектебинин 9-класстар арасында аталар жана балдардан турган командалар арасында өттү. Мелдеш абдан кызыктуу өтүп, аталар менен балдар …

16 Март 2025 жыл 14:20

15-март — Аталар күнү: Майрамдык иш-чара Токтогул районунда белгиленди

Быйыл өлкөдө биринчи жолу 15-март күнү аталар күнү белгиленип жатат. Токтогул районунда дагы Аталар күнү белгиленди. Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары …

16 Март 2025 жыл 14:16

Дөбөлү айыл өкмөтүндө Аталар күнү бегиленди

Кыргызстанда 15-мартта — Аталар күнү белгиленет. Бул майрам- кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган.

15 Март 2025 жыл 14:44

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары жаңы дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин тескемесине ылайык Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызмат ордуна Аттокуров Кутубек Нуржанович дайындалды.

14 Март 2025 жыл 23:04

Орозо туура тамактануу адатын калыптандырууга жакшы мүмкүнчүлүк

Орозо бул руханий жактан гана эмес, ден соолук үчүн да пайдалуу. Бирок туура тамактануу эрежелерин сактабаса, организм начарлап, энергия жетишсиздиги пайда болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк дарыгер Мунара Кубаталиева орозо маалында туура …

12 Март 2025 жыл 18:02

«Текшердим» маалыматтык кампаниясынын алкагында мамлекеттик кызматкерлер үчүн мастер-класстар өтөт

Жамааттык Медиалардын Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews тарабынан ишке ашырылып жаткан Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) …

11 Март 2025 жыл 11:07

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы клуб толук капиталдык ремонттон өттү

Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө өрөөнүнүн Терек-Суу айылындагы клуб толук капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Болот Багынбаев маалымат берди.

10 Март 2025 жыл 13:27

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде ата-энелер менен биргеликте спорттук иш чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024- жылдын 26- июнундагы #145 «Аталар жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамынын 3- беренесин аткарууга алуу  жана үй — бүлө институтун бекемдөө  максатында 5-6-класстын окуучулары жана ата- …

10 Март 2025 жыл 13:04

Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы толугу менен жаңыртылды

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы быйылкы 2024-2025-окуу жылында толугу менен алмаштырылып, жаңыртылды.Буга чейин мектептин чатырчасынан жаан жааган учурда  тамчы тамгандыгы үчүн дубалдарга сарыгып, андагы шыбактарды түшүрүп,  …

7 Март 2025 жыл 14:05

Тогуз-Торо районунда элдик жыйын болуп өттү

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Манас Мураталиев атайын график бекитип, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Каргалык, Тогуз-Торо, Атай айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуп келди

6 Март 2025 жыл 17:25

Марат Кенжакунов орто мектебинде «Мыкты эне» сынагы өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде «Мыкты эне» сынагы өткөрүлдү.

5 Март 2025 жыл 15:58

Ата-энелер арасында китеп жарыш өткөрүлдү

 4- март күнү  Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын Казаалы Абиров атындагы орто мектебинде ата-энелер арасында «Баланы тарбиялама, өзүңдү тарбияла»- аталышындагы китеп жарыш болуп өттү.

4 Март 2025 жыл 16:14

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине STEM жабдуулар келди

Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди.Алардын арасында Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине STEM  жабдуулар келип, жалпы мектеп жамаатына …

4 Март 2025 жыл 15:59

Кайыңды айылынын окуучулары «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы боюнча облустук турга жолдомо алышты

Нарын районунда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Ага Дөбөлү айыл өкмөтүнүн, Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучулары катышып, облустук турга жолдомо алышты.

3 Март 2025 жыл 14:28

Дөбөлү: Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы толугу менен жаңыртылды

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы быйылкы 2024-2025-окуу жылында толугу менен алмаштырылып, жаңыртылды.Буга чейин мектептин чатырынан жаан жааган учурда  тамчы тамгандыгы үчүн дубалдарга сарыгып, андагы шыбактарды түшүрүп,  …

2 Март 2025 жыл 17:36

Дөбөлү айылынын «Небере» бала бакчасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

25-февралда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын «Небере» бала бакчасынын тарбиялануучуларынын арасында  «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

28 Февраль 2025 жыл 9:36

Видеоподкаст: Майыптыгы бар адамдарга карата дискриминация

Майыптыгы бар адамдарга карата дискриминация – бул аларды басмырлоо, кемсинтүү жана укуктарын чектөө. Көп учурда коомдо алар жөнүндө терс көз караштар, стереотиптер таралып, онлайн жана оффлайн чөйрөдө кемсинткен сөздөр колдонулат. …

26 Февраль 2025 жыл 19:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...