Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Балдарга карата зордук зомбулукка каршыбыз

Суусамыр FM жамааттык үналгысы балдарга карата жасалган зомбулукка каршы медиа кампаниясына катышууда.

7 Март 2015 жыл 11:28

Баетов: Ак калпак күнү белгиленди

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Ак калпак күнү белгиленди. Бул күнү атайын иш чаралар бекитилип, линейкалар өткөрүлдү.  Окуучулар ак калпак, анын жасалуу жолдору, тарыхы, түрлөрү  боюнча …

6 Март 2015 жыл 21:11

Баетов: Ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ак-Талаа районундагы айрым орто мектептер суу, санитардык гигиена боюнча АРИСтин долбоору менен иш алып барышууда. Бул долбоор  мектептерди таза, ичүүчү суу менен камсыз кылып, жакшыртылган санитардык шарттарды түзүү максатын көздөгөндүктөн …

6 Март 2015 жыл 21:05

Баетов: Мугалимдерге долбоор боюнча окуу өткөрүлдү

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  АРИСтин “Суу.Санитардык гигиена”  боюнча долбоору ишке ашууда. Ичүүчү коопсуз суу менен камсыз кылуу аркылуу балдардын ден- соолугуна камкордук кылуу максатындагы бул долбоордун негизинде мугалимдерге  окутуу …

6 Март 2015 жыл 21:03

Баетов: Көркөм окуу боюнча сынак өттү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарыяланган 2 айлык жүрүштүн алкагында көркөм окуу боюнча сынак өттү. Окуучулар арасында өтүп жаткан бул сынакка 27 окуучу катышып, өздөрүн сынап …

6 Март 2015 жыл 20:43

Сүлүктү: Кадырлуу карылык долбоору иштей баштады

«Сүлүктү шаарынын аймагында улгайган жалгыз бой жарандарга 2007- жылдан бери «Бабушка Едапшн» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ай сайын 10 евро же 700 сомго жакын акча стипендия катары берилип келек. Андан …

6 Март 2015 жыл 16:00

Жер талаш маселеси чыр-чатакка себеп болобу, же ким күнөөлүү

Сүрөттө жергиликтүү эл милиция менен жолугушууда Сүлүктү шаарында жер маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен «КОАЛ групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда чыр чатак чыкты.

5 Март 2015 жыл 13:50

Барскоон: Грек-рим күрөшү өткөрүлдү

25-февралда Барскоон айылында Республикалык деңгээлдеги грек-рим күрөшү болуп өттү. Бул күрөш согуштун ардагери Макиш Узакбаев атанын жаркын элесине арналды. Мелдешке республиканын бардык аймагынан келген спортсмен, машыктыруучулар катышты.

3 Март 2015 жыл 17:30

Кызыл-Булак: Кичинекей ойлоп табуучу

Ош облусунун, Ноокат районунун Кызыл-Булак айылынын кичинекей тургуну Мурзакаримов Тимурлан велопеддин жаңы түрүн ойлоп тапты. «Мен бул велопедди 2 жума мурда  жасоону баштаганмын. Атын Велопед деп койгонумдун себеби бул кадимки …

3 Март 2015 жыл 10:37

Сүлүктү: Окуучулардын облустук олимпиадасынын жыйынтыгы чыкты

(сүрөттө А. Исманов маалымат берип жатат) Жылдагыдай эле жогорку класстардагы окуучулардын ортосунда өткөрүлүүчү облустук олимпиаданын жыйынтыгы чыкты. Бул жөнүндө Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов маалымат берди. «Облустук …

2 Март 2015 жыл 9:47

Таш-Көмүр: Кир жууган порошок жаратылышка зыян келтиреби?

Белгилүү болгондой заманбап кир жуугуч порошок ар кандай функцияга ээ болгон татаал кошулмалардан турган зат. Алар оз кезегинде жаратылышка бр топ зыян келтирет.

27 Февраль 2015 жыл 12:26

Төрөт үйүндө УЗИ аппараты иштеп, оорукананы чатыры жаңыланды

Ооган-Талаа айылындагы ооруканада атайын адис жок иштебей турган УЗИ аппараты иштей баштады.

27 Февраль 2015 жыл 10:03

Кыргызстанда Тынчтык Форуму өттү

26-февраль куну Бишкек шаарында «Клооп Медиа» борборунун конференц залында  Тынчтык Форуму өткөрүлдү. Бул форумга Ислам жана Православ дининин өкүлдөрү, Жамааттык массалык маалымат каражаттарынын Ассоциациясынын өкүлдөру,  Генералдар Тынчтык Уюмунун башчылары катышты. Форумда Ислам дининен …

26 Февраль 2015 жыл 17:17

Улуу жеңиштин 70 жылдыгын татыктуу тосуу үчүн Генерал А.А. Скаргиндин демилгеси

Суротто солдон онго: Б. Сапаркулов, Генерал Скаргин А. А. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын татыктуу тосуу аракеттери мамлекетибизде кызуу жүрүп жатат жана атайын Өкмөттүн токтому да чыккан.   Улуу Жеңишти тосууга кээ …

26 Февраль 2015 жыл 16:51

Куу-Майдан айылында «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну откорулду

«Билерман ордо» интеллектуалдык оюнуна Кенеш айыл окмотуно караштуу  беш мектеп катышты, алар: «Арбын» орто мектебинен келген Арбын командасы, «Шанкол» орто мектебинин Шанкол командасы, «Дари суу» мектебинен келген Дари суу командасы, …

25 Февраль 2015 жыл 10:32

Үч-Коргон мультимедиялык борбору жаңы эмеректер менен жабдылды

Үч-Коргон мультимедиялык борбору  жаны техникалык каражаттар менен жаңыланды. Аталган борбор Үч-Коргон айылынын  чоң жана кичине муундагы жаштары үчүн өзүнүн  сапаттуу кызматтарын көрсөтүп келет. Буга чейин бир гана жамаатык мультимедиа борбору жаңылыктарды чыгарып келген болсо, …

24 Февраль 2015 жыл 17:49

Баетов: “Мен Ата Мекениме кызмат кыламын” аттуу мелдеш өткөрүлдү

Мелдеш  Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш чара   Афган  жана Куралдуу Күчтөрдүн Күнүнө карата уюштурулуп, атайын калыстар курамы иштеди.

20 Февраль 2015 жыл 20:36

Баетов: Афганчылар мектепте “Эрдик сабагын” өтүштү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 15-февраль Афганчылар жана 23-февраль ата-Мекенди коргоочулар күнүнө  карата   жолугушуу болду. Жолугушууга келген афган ардагерлери ошол кездеги башынан өткөн оор кундөрдү эскеришип, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

20 Февраль 2015 жыл 20:09

Кошбулак: Элдик жыйын өткөрүлдү

2015-жылдын 19-февраль күнү  Кошбулак аймактык Поселкалык башкармалыгында 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Элдик жыйын (сход) өткөрүлдү. Жыйынга шаардык Кеңештин төрагасы К. А. Исмаилов, шаардын прокурору А. Д. Анарботоев, шаардын Ички Иштер бөлүмүнүн начальниги …

19 Февраль 2015 жыл 19:17

«Мурас» балдар бакчасында мекен коргоочуларынын күнүнө карата ачык сабак өткөрүлдү

Кошбулак аймактык башкармалыгынын бардык социалдык мекемелеринде Мекен коргоочуларынын күнүн утурлап жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо үчүн атайын иш чаралар өткөрүлө баштады. «Мурас» бакчасынын даярдоо тайпасынын балдары өтө жакшы даярдыкта тарбиялык ачык сабак көрсөтүп …

19 Февраль 2015 жыл 10:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...