Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Акбакай» жамааттык мультимедиа борборунун (ЖМБ) кабарчылары “Мыкты макала” сынагынан утуп алган смартфондорго ээ болушту.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында мектептин имаратында 24 балага ылайыкташкан балдар бакчасы төрт жылдан бери иштеп келе жатат.
Жайдын алгачкы аптабында Талас шаарынын тургундары кандай эс алууда? Бул тууралуу шаар тургундарына микрофон сунуп, маанайын сурап билдик.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде быйыл 11-класс комплект жок болгонуна байланыштуу мамлекеттик аттестация 9-класстарда жүрүп жатат. Аттестация менен бирге мектепте “эмгек чейреги” башталды.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы орто мектепти 1987-жылы бүтүргөндөр 30 жылдыкка чогулушту. Алар өз мектебинин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн белек кылышты.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин 7-8-класстарынын окуучуларынын катышуусу менен сармерден болду. Сармерден «Кыргыз тилим — менин дилим» деген ураандын алдында өттү.
Жалал-Абад шаарында «Кызыл чырым» жана «Кызыл жарым ай» коомдору окуучулар арасындагы биринчи жардам көрсөтүү боюнча мелдеш уюштурду. Ага Ооган-Талаа айылынан да команда барып катышып келди.
Григорий Красюков мектепти аяктаганына 62 жыл болгондон кийин өз мектебин сагынып Москва шаарынан келген.
22-март бүткүл дүйнөлүк сууну коргоо күнү болгон.Ал эми 22-апрелде фестиваль болуп өттү. Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы мектеп окуучулары бул фестивальга катышып келишкен. Биология мугалими Наргиза Сатыбалдиева негизги максаты бул …
Талас облусундагы мектептер арасында 1-июнда өткөрүлгөн биринчи тез жардам боюнча таймашта Талас шаарындагы №3-мектеп жеңишке жетти. Эми бул мектеп тайпасы Бишкек шаарында өтө турган республикалык сынакка катышат.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында «1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрамдык кече болуп өттү. Кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, аларга бекер балмуздактар таратылды.
«1-июнь балдарды коргоо күнүнө» карата Талас шаарынын Кутманалиев атындагы стадионунда “Китеп кербени” болуп өттү. Иш-чара Талас облусундагы Америка борбору жана Тынчтык Корпусу менен биргелекте өткөрүлдү.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 9-класстар үчүн 2-июнда мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы башталды.
Баетов айылында балдарга арналып өткөрүлгөн иш-чарада Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы майрамга келген бардык балдарга бекер балмуздак таратып берди.
Балдардын эл аралык күнүнө карата Ак-Талаа районунун Баетов айылында иш-чара өттү. Балдардын иш-чарасы райондук маданият үйүндө өтүп, ага балдар менен бирге ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү катышты.
“Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча окутуучулардын ассоциациясы” коомдук бирикмеси Талас мамлекеттик университетинде (ТалМУ) КЭУБ боюнча ресурстук борборду ачты.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында «1-июнь – Балдарды коргоо күнү» белгиленди. Иш-чара мектепте болуп өттү.
Многолетнее травянистое растение с прямостоячим (высотой до 1,5-2 м) стеблем, чаще всего разветвлённым.
Исраил Төлөгожоев 44- жылдан бери Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектебинде физика сабагынан балдарга билим берип келет. «44-жылдан бери мугалимдик кыламын.Адамды түшүнү билүү керек. Ким менен иштешсең ошолорго өзүңө жасаган мамилени …
Волейбол боюнча райондук кыздар арасындагы таймаш 10-11-июнда Токтогул шаарында болмокчу. Бул таймашка окуучу кыздар жана студент кыздар катыша алат.