Кыргызстандын бардык аймактарында малга бирка басуу иштери жүрүп жатат. Иштер Нарын районунун Куланак айылында да жүргүзүлүүдө.
Бугун 31 март күнү Талас облустук балдар китеп канасында «Эн мыкты досум- китеп» аттуу иш чара 2-апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнүнө карата өткөрүлдү.
Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Абай Алтынбек уулу республикалык ат оюндарынын мелдешинде “Кунан чабыш” боюнча 1-орунду алды.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 19-март күнү “Айыл ажары” аттуу сулуулар сынагы өткөрүлдү. Ага 9-10-класстын окуучу кыздары катышышты.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жаш тургуну Аделина Кеңешбек кызы сүрөт тартып, эмгектери менен мугалимдеринин көңүлүн буруп келет. Ал сүрөткө 1-классынан кызыгып тарта баштаган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Жаңыл Кыдырова бир эмес, эки кесипти аркалайт. Ал мектепте математика сабагынан берсе, бош убактысында айылдаштарынын табыштамасы менен кийим тигет.
Быйылкы жылы республикалык «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук сынагы 4-жолу өткөрүлүп жатат. Нарын облусунан үч номинация боюнча үч окуучу катышып, учкундук окуучу «Көркөм окуу» номинациясынан 3-орунга ээ болду. Окуучуларды Нарын облусунун военкоматынын …
Лейлек районундагы Андарак-Исфана жолунун эки капталы таштандыга толуп калганын байкоого болот. Бул боюнча Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча экология жетекчиси менен маек курдук.
2017-жылдын 29-мартында Талас Мамлекеттик Университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинде мамлекетик педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү. Конференцияга 3-4 курстун студенттери катышып өздөрү даярдаган иш кагаздары менен тааныштырышты.Ар бир студент …
2017 –жылдын 29 мартында “Роза Отумбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Мекендештер” долбоорунун алкагында КР Өкмөтүнүн Талас облосундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги менен биргеликте Кыргыз …
Исфана шаарында жаңы “Одноклассники” аттуу кафе өз ишин баштады. Жакшы шарттагы кафени Орусияда иштеп келген мекендештерибиз түптөдү.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборборунда 28-март күнү «Немец толкунунун» (Deutsche Welle) кызматкерлери иш сапары менен болуп кайтышты. Аудио: Немец толкунунун кызматкерлери Ак кептерде Борбордо аларды “Ак …
Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кар калын түштү. Күн жылыгандыгына байланыштуу кар тездик менен эрип, айылдын көчөлөрү шаркырап аккан сууга, айрым көчөлөр суулуу карга толду. Мындай учурда айрым көчөлөрдө унаалар тыгылып, …
Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылындагы бала бакча 30 жылга жакын убакыттан бери иштеп балдарга билим берип келүүдө.
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков өзү ACTED уюмуна кайрылып, алардын жардамы менен жем даярдоочу станок алган.
Түп районуна караштуу «Токой чарба» уюму жаратылышты сактап калуу максатында иш алып барат. Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Керез Исмагулов «Токой чарба» уюмунда механизатор болуп иштейт. Анын айтымныда, бул …
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Нургазы Исмановдун демилгеси менен түптөлгөн тамчылатып суугаруу долбоору иштеп жатат. Бул жерди курууга Германия кызматташтык уюму колдоо көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Талас шаарында «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүүдө». Ал 27-марттан 2-апрелге чейин уланат. Кыргыз Республикасында бул иш чара 2-3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Ак-Суу районунун Орлиное айылынын жаш тургуну, 8-класстын окуучусу Айгүл Малайканова шахмат ойноп көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.