Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Макалалар

Терек-Сууда Компаньон банкынын сактык кассасы кызмат кылууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы он жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келет. Компания банкка айлангандан бери айыл тургундарына толук кандуу банк кызматтарын көрсөтө баштады.

9 Январь 2017 жыл 19:24

Сүрѳткѳ толгон сүрѳтчүнүн үйү

Талас шаарынын тургуну Бактыбек Байдаралиевдин үйүнѳ конок болдук. Бактыбек мырза кѳп жылдан бери сүрѳт тартып келет. Сүрѳтчүнүн үйүнѳ конок болгонубуздун себеби, бул үй сүрѳт галереясына айланган. Сүрѳттѳр үйгѳ ѳзгѳчѳ атмосфера …

9 Январь 2017 жыл 16:59

Айылдар аралык олимпияда Чоң-Арыкта өттү

Тогуз коргоол, шахмат жана тенис оюндары боюнча алты айыл арасында олимпиада оюндары алгачкы жолу Чоң-Арык айылында болуп өттү. Буга чейин оюндар жыл сайын Терек-Суу айылында өтчү.

9 Январь 2017 жыл 15:21

Сумбула айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 300дөн ашат

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жардамга муктаждыгы бар адамдар жөнүндө билип көрүүнү чечтик. Бул тууралуу айыл өкмөттүн соцадиси менен маек курдук.

9 Январь 2017 жыл 14:54

Сумбулада жергиликтүү кеңештин депутаттарына мандат тапшырылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө өткөн жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп, 21 депутака 7-январь күнү мандат тапшырылды.

9 Январь 2017 жыл 14:13

Чоң-Арыкта биогаз чыгарган Шаршенбек

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.

9 Январь 2017 жыл 14:13

Чоң-Арыктагы бильярд клубу

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.

9 Январь 2017 жыл 13:23

Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага жалпы тогуз команда катышып, Арбын 1 курамасы баш байгени багынтты.

9 Январь 2017 жыл 11:21

Арбында жалгыз бой эне кооптуу абалдагы үйдө төрт баласы менен жашоодо

Ноокат районуна караштуу Арбын айылында жашаган жалгыз бой эне Буажар Адыгенееванын үйү эскилиги жетип, жер титирөөдөн кийин кооптуу абалга кептелген. Ал эч кандай жардам көрсөтүлө электигин айтат.

8 Январь 2017 жыл 16:47

Исфанадагы дыйкан базары оңдолуп бүттү

Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жайгашкан «Лейлек дыйкан базары» оңдолуп бүттү. Ал жерде иштеп жүргөн соодагерлер базар күйүп кеткенден кийин көчөдө соода кылып жатышкан.

8 Январь 2017 жыл 12:12

Талгатбек Жусуповдун элесине арналган мелдеш болду

Нарын районунун Куланак айылында Талгатбек Жусуповдун жаркын элесине арналган шахмат мелдеши болуп өттү. Аны Жусуповдун балдары жана кыздары каржылап демөөрчү болуп беришти.

8 Январь 2017 жыл 1:35

Сары-Дөбөнун 87 жаштагы айдоочусу Жусуп ата

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын 87 жаштагы тургану Жусуп чоң ата 62 жылдан бери айдоочулук менен алектенип келет.

7 Январь 2017 жыл 10:08

Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы шайланды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн депуттары өздөрүнүн төрагасын жана жардамчысын 6-январь күнү шайлап алышты. Шайлоо жабык добуш берүү менен өтүп, Расул Азимов төрага болуп шайланып, анын жардамчысы Анвар Камалов …

6 Январь 2017 жыл 21:45

Андарактын борбордук көчөсү толугу менен оңдолушу мүмкүн

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы борбордук көчө толугу менен асфальт төшөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бахтияр Жороев билдирди.

6 Январь 2017 жыл 21:34

Таласта «Манас» универмагы өрттөндү

Талас областындагы Манас көчөсүндө жайгашкан «Манас» универмагында 6-январь күнү таңкы саат 6:13тө өрт чыгып, саат 09:57 чамасында толук өчүрүлгөн.

6 Январь 2017 жыл 16:40

Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-класс жок

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-классы жок. Анткени окуучулардын көпчүлүгү 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып, окуу жайларга тапшырып кетишкен.

5 Январь 2017 жыл 19:23

Сары-Дөбөдө алма сактоочу жай иштеп жатат

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында алма сактоочу жай иштеп жатат. Аны айыл тургуну Нургазы Исманов негиздеген.

5 Январь 2017 жыл 19:04

Чоң-Арык: Окуучулар ЖРТга кандай даярданып жатышат?

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан мезгили. Мектептеги көпчүлүк мугалимдердин айтымында, быйлкы бүтүрүүчүлөр тестте жакшы көрсөткүчтөргө жетет.

5 Январь 2017 жыл 13:50

Чоң-Арык: «Тамашоу» шайыр тапкычтар клубунун мыктысы аныкталды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.

5 Январь 2017 жыл 13:39

Чоң-Арыкта «Манас таануу» интелектуалдык таймашы болуп өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол атындыгы орто мектебинде окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы болуп өттү. Ага эки команда катышып, 8-б классынын окуучулары жеңүүчү болду.

5 Январь 2017 жыл 12:51

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...